«АПАМДЫН ЖОГОЛГОН СҮРӨТҮ»

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 17 жаштагы Кубан өзүнүн оор турмушун айтып берди. Айрыкча апасы жөнүндө улутунуп көп айтты...
– Кичине кезимде ата-энем ажырашып кетишип, мен апамдын колунда калыптырмын. Кийин атам каза болуп калды деп уктум. Бирок мен ишенбейм. Бир күнү «сенин атаңмын» деп кимдир бирөө издеп келчүдөй күтө берем. Апам байкуш кыйын күндөрдү башынан кечирди. Эркелеткен эрмеги, караан тутуп таянары мен элем. Шаарда батирде апам экөөбүз жашачубуз. Мен билгени апам Караколдогу автобекетти шыпырып иштеди. Жайы-кышы дебей мени жанына ээрчитип алып көчө шыпырчу. Мен болсо чоң-чоң таштандыларды терип жардам берчүмүн. Апам бир күнү «сен эми мектептен окуйсуң, азыр айлык алып, сага базардан кийим сатып берем» деди. Эртеси күнү базарга барып, мага шым-костюм, аппак көйнөк, бутума туфли кийгизип, сумка алып ичине дептер, карандаш салып, аркама асынтып койду. Өзү да кубанып жүрөт. «Эми тамак ичебиз» деп бир кружка чай, ысык пирожки алып берди. Жаңы кийим кийгениме кубанып, анын үстүнө курсагым да ачып калган эле, тамактанып баштадым. Пирожкинин жарымын жеп бүтүп апамды карасам, эч нерсе жебестен мени сүйүнүп карап отуруптур. «Апа, өзүң жебейсиңби?» десем, «ачка болгон жокмун» деп койду. Көрсө, апам болгон акчасына мага тамак алып берген экен…
Эсимде, 1-класска апам жетелеп алып барган. Ар күнү мени мектепке жеткирип коюп, өзү жу­мушка кетчү. Сабактан чыксам, мектептин алдында күтүп турар эле. Бир жолу мен болгон жа­ңы­лыктарымды айтып, балмуздак жеп келе жаткам. Бир маалда апам мени карап, каткырып күлүп калды. Көрсө, бе­тиме балмуздак жабышып, мурутка окшоп калып­тыр. Бетимден өп­күлөп, анан сү­рөткө ошол бойдон түшкөнбүз. Апамдын ошондой күл­күсүн мына ошондо биринчи жана акыркы жолу көрдүм.
Ошентип иштеп жүрүп апам үй алды. Бирок мен мектептен 5-класска чейин эле окуп калдым. Мугалимдер «документтериң туура эмес экен» дегенинен апама айтсам, «тактап берем, кайра окуйсуң» деген эле. Ага жетпей жү­рөгү ооруп, төшөккө жатып калып, көп өтпөй каза болду. «Бир үйдө кантип жалгыз жашайсың?» деп таежем мени өз үйүнө алып кетти. Бир күнү таежем апам экөө­бүз жашаган үйгө барып, оокаттарды жыйнаштырып келгенин көрдүм. Көрсө, биздин үйдү сатып жибериптир.
Апамдын сүрөттөрү абдан көп болчу. Кийин алардын бирин да таппай калдым. Таежеме катуу таарынып, андан ары алар менен жашай албасымды билип, балдар үйүнө келдим. Жакында апамдын сүрөтүн таап алдым. Шаардык социалдык кызматкерлер чакырып, апамдын сүрөтүн беришти. Ошондон бери анын сүрөтүн күндүз чөнтөгүмдөн түшүрбөй, түнкүсүн жаздыгымдын алдына коюп уктайм. Менин ага арнап куран окушумду күтүп жатат го деп боолголоп куран окуганды үй­рө­нүүдөмүн.
Бош убактымда спорт менен машыгам. Келечекте күрөштүн чебери Данияр Көбөновдой болсом деп тилек кылам. Жакшы жумушта иштеп, акылдуу, сулуу аялга үйлөнөм. Бир кыз, бир уулга ата болуп, аларды мыкты тарбиялап, татыктуу бага алсам, арманым болбос эле. Өзүм жетим өсүп, ата-энесиз күндөрдү баштан кечирдим. Өз балдарымдын көз жашын агызбайм деп өзүмө-өзүм сөз берем!

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(72)
19.06.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубан иним жетим да жетилет азаматсын аман болсо баары болот. Сенин ахбалынды тушунуу менен канча адамдар батасын берип атышат. Алдыга койгон максаттарын ишке ашсын ал учун сенден коп нерсе талап кылынат. Апан сени колдоп турат баардык жерден аны сен билишин к.к Белинди бекем буу акжол сага.
19.06.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апанын ордун эч бир жан баса албайт. Козумо жаш клди окуп отуруп. Акылдуу бла экен келечеги кен болсун.
19.06.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштын тилегин берет,келечегин алдыда.Бактылуу бол.
19.06.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сени жакшы менен жанаштырып,жамандан адаштырса экен.Апаңдын арбагы колдоп ак жолуң ачылсын.
19.06.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашытып жиберди го(( Тилегине жетсин! Кудайым буйруса баары жакшы болот!
19.06.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иним баарыбыздын жаныбыз аманат бир куну баарыбыз тен барабыз.Андыктан сен конулунду чоктурбо.Жолун шыдыр жолдошун кыдыр болсун.Тилеген ой максаттарына жет.Алтын апакендин арбагын сыйлагын.Келечегин кен болсун.Дайыма бактылуу омур сур.
19.06.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allahым омур берсин ар дайым аман бол, тилеген тилегине жет. эн негизгиси САБЫРДУУЛУК деп койот эмеспи
19.06.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tayejesi adam padam emes eken. Kudaydan korkso bolo bir tuuganynyn balasy bolso tem bolee .
19.06.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тилек жарым ырыс,жаштын тилегин берет дейт Кудайым омурунду тилегинди багынды берсин
20.06.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жигит экен азаматсын! Куран окуганды уйронуун бул эн чон сооп апан учун!
20.06.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым берээрин унутпасын бул жигитке, буюруса алдыда жакшылыктар кутуп турсун.
20.06.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алах озу колдосун сени тилегине жет
20.06.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuban abdan akylduu bala ekensin! kudaiym omurunu,den-soolugunu bersin. jakwy nietterin bar eken. maksatyna jet inim.
20.06.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет,карындагы баланын хан болоорун ким билет дегендей,келечегин али алдыда.
21.06.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуп алып ыйлап алдым.....
21.06.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөгүм ооруп, көз жашым агып кетти. Эне деген айта алгыз керемет, мээримдүү зат. Ылайым тилениңе жет, аллах жакшылыгын аябасын сенден, келечегиң алдыда,ыймандуу балдардан бол.
21.06.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым сага жардам берсин. тилеген тилегине жет. бактылуу бол
21.06.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым эле озун энсегендей,тилегендей кызга жолуктурсун бактылуу бол!
21.06.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым тилегинди орундатып,акылдуу билимдуу, жаштардан бол.Ааламга кетчу жол айылдан башталат да ааламга жол ачкан акылман жигит бол.
21.06.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым ыйман ынсап сабыр илим билим атаа этсин тилегенине жет.
22.06.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okup alyp yiladym. Ayabai okunuchtuu. Baktyluu bol.
22.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурун узун болсун ойлогон ой максатына жет азаматсын.
22.06.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bol, oilogon oilorum kudaim iwke awyrsyn, apana arnap tez tez kuran oku. Okup alyp iylap da aldym.
22.06.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдына койгон тилектерине жет, кудай жардам берет, Алла ыраазы болсун сага!
22.06.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndan kiyinki jawoondoo jagymduu nerseler kop bolsun inim
23.06.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым жолун ачылсын иним, жаратканыбыз жакшылыгын сенден аябасын.
23.06.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((( ыйлагым келип кетти, омурун узун, бактылуу болуп тилеген тилегине жет, эне - ыйык, эне баласы учун баарына даяр! таэжеси туура эмес кылыптыр, тууган болуп карап койгондун ордуна уйун сатып жиберип (((((
24.06.2013. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таежесин сотко бериш керек
01.07.2013. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубан тилегине жет,кагылайын!аман болуп ой максатына жетип,тилегениндей бактылуу балдардын бактылуу атасы бол!
29.09.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладец Кубан осуп онук.ойлогон ой максатына жет бар бол ден соолугун чын болсун
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо