ХАЙДИ КЛУМ

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

Бул айым үй-бүлөсүн, жеке жашоосун, карьерасын, бизнесин бирдей жолго салып, көпчүлүктүн сугун арттырган моделдердин бири. Немистер сыймыктанган Хайди Клум мода дүйнөсүндө сырдуу жылмаюусу менен баарыбыздын эсибизде.

Толук аты – Хайди Клум
Туулган жылы, күнү – 1973-жыл, 1-июнь
Туулган жери – Германия, Бергиш-Гладбах шаары
Кесиби – Модель, актриса, алпаруучу
Бою – 176 сантиметр
Параметри – 94-65-98
Салмагы – 54 килограмм

25 МИҢ КЫЗДЫН МЫКТЫСЫ
Cупер моделдин үй-бүлөсү мода дүйнөсүнө жакын адамдар. Атасы Гантер Клум ири косметика чыгарган компанияда иштесе, апасы Эрна стилист. Хайди 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталат. Болочоктогу подиум ханышасы мектепти аяктаган соң Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тартат. Учурда айымдардын ички кийимин чыгаруучу «Victoria's secret» компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири. Хайди мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалайт. Өзү да таттууну аябай жакшы көрөт жана башкалардай болуп «келбетим бузулуп кетет» деп чектөө койбойт. Модель өзүнүн жеке атырларын, зер буюмдарын, бут кийим жана ич кийимдер коллекциясын чыгарат. 2005-жылы Хайдинин ысымынан роза гүлүнүн сорту аталган. Атактуу немис улутундагы модель 2008-жылы «Форбс» журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.

БААТЫР ЭНЕ
40 жаштагы модель 4 баланын энеси. Биринчи жолдошу стилист Рик Пипино менен 6 жыл чогуу жашап, эки ача жолго түшүшкөн. Андан соң италиялык миллионер Флавио Бриаторе менен сүйүү романын түзүп, тилекке каршы, ортодогу мамиле үйлөнүү тойго чейин жеткен эмес. Хайдинин Флавиодон боюнда болуп, бирок ал учурда наристенин атасынан кол үзгөн эле.
Кызы Лени боюнда бар кезинде жашоосундагы чоң сүйүүсү британиялык ырчы Силди кезиктирет. Сил бул тууралуу «мени менен таанышканда Хайди 6 жумалык боюнда бар экенин билбептир. Кийин мага айткандан коркуп жүрүп, анан угузган. Бирок анын кош бойлуулугу менин ага болгон оюмду өзгөрткөн жок» дейт. Айта кетсек, Хайди Клум менен кара терилүү ырчы Сил дүйнөнүн эң үлгүлүү түгөйлөрү деп эсептелинчү. Экөөнүн ортосунда Генри, Йохан деген уулу жана Лу аттуу кызы бар. 2012-жылдын январь айында ажырашууну чечишкен түгөйлөрдүн билдирүүсү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон. Хайди интервьюларынын биринде жолдошунун кызуу кандуулугуна чыдабай ажырашкандыгын айткан. Бирок батыш басылмалары «ажырашкандан кийин ортодо жылуу мамилелерин сактап калганы экөөнүн бири-бирине болгон сүйүүсү сууй элегинен кабар берет» дешет. Учурда модель 4 жылдан бери жан сакчысы болуп жанында жүргөн Мартин Кристен менен сүйүү мамилеси бар экенин жашырбайт.

ХАЙДИ КЛУМ КӨГҮЛТҮР ЭКРАНДА
Хайди белгилүү «Чоң шаардагы секс», «Аргасыз кожойкелер» сериалдарында жана «Прадо кийген азезил» фильминде эпизоддук ролдорду аткарат. 2004-жылы мыкты дизайнерлерди аныктаган «Подиум долбоору» берүүсү жарыкка чыгып, анын алпаруучусу жана продюсерлеринин бири болгон. Ошондой эле 2012-жылы Германияда өткөн «MTV Europe Music Awards» музыкалык сыйлыгын тапшыруу салтанатын дал ушул немис модели алпарган.

КҮЙӨӨСҮНҮН ФАМИЛИЯСЫН АЛГАН ХАЙДИ 

  • Супер модель «Victoria's secret» компаниясы менен 2,5 миллион долларлык келишимдин негизинде өзүнүн имиджин өзгөртүүгө акысы жок эле. Компаниянын жетекчилери Клумдун кош бойлуулугун имиджине зыян келтирилди деп эсептешкен. Бирок модель төрөгөндөн эки жумадан кийин формасына келип, подиумга чыккан күндөрү болгон, антпесе келишим бузулмак.
  • Хайди 2004-жылы өзүнүн автобиографиялык «Клумдун билгендери: моделдин өзүн алып жүрүүдөгү 8 эрежеси» деген китебин чыгарган.
  • 2002-жылы немис телеканалдарынын биринен Хайдинин зер буюмдарынын коллекциясы жарым сааттын ичинде сатылып кеткен.
  • 2009-жылы Клум күйөөсү Силдин фамилиясын алып, Хайди Самюэль болуп өзгөргөн. Бирок ажырашкандан кийин өз фамилиясына өткөн.
  • Топ-модель узун буттарын 2,2 миллион долларга камсыздандырган. Эгер модель кырсыкка учурап буттарына зыян келсе, аталган камсыздандыруу компаниясы Клумга келтирилген чыгымды төлөп беришмекчи. Моделдин оң буту 1,2 миллион долларга бааланса, сол буту 1 миллионго бааланган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
24.06.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мне бир буту бир бутунан айырмаланат бекен ошондо э?
25.06.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya ee obojayu, takaya klassnaya :)
25.06.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он буту кобуроок которулот окшойт да:-)
26.06.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,охаахааа
14.07.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силдин таланты,ырлары жагат.А бирок Хайди кобуроок жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо