Малика Дина:«АПАМДЫН КҮЙӨӨСҮ ДА, КУРБУСУ ДА МЕНМИН»

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

Динара Акулованын көкүрөк күчүгү Малика Динаны биринчи бетке сүрөткө тартып жатып күйөрмандары көп экенине ынандык. Айрыкча мырзалар арасында. Жолдун жээгинде сүрөткө түшүп жаткан Маликага машина менен өткөн мырзалар ышкырып-кыйкырып, айтор, болушунча ырчыны алагды кылып жатышты. Айрымдар атайын жол четине токтоп, гезиттин качан чыгарына кызыкдар болушту.

– Салам, Малика, бизге берген мурунку маектериңде чет мамлекетке кетем дедиң эле. Пландарың өзгөрө элекпи?
– Бир мезгилде чет өлкөгө кетип, ошол жакта биротоло калам деген ойлор бар болчу. Бирок ал жакта кала албадым, апам менен бирге жашап көнүп калыпмын. Эми турмушка чыкмайынча апамдын жанында болом. Учурда апама үйдө, жумушта, бизнесинде кол кабыш кылып жүргөн кезим.

– Ырчылык менен катар подиумга чыгып калганыңды көрүп жүрөбүз...
– Ооба, белгилүү бир көргөзмөлөргө же кечелерге сунуш түшсө чыгып калам. Бирок модель, ырчылыктан сырткары өзүмдүн башка жумуштарым да бар. Апамдын ишенгени менмин, мени бага турган же апам таяна турган атам жок болгондон кийин апамдын күйөөсү да, жардамчысы да, курбусу да болгонго туура келет.

– Сени көпчүлүк Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы катары таанышат. Бул нерсе сенин жеке адам катары калыптанышыңа таасир этеби?
– Билем, бир нерсе болсо эле «Акулованын кызы ушинтти» деп айтып чыгышат. Мен эмне кылбайын, сөз ата-энеме тиет. Апамдын атын булгабаш үчүн мүнөзүмдүн татаал экенине карабай өзүмдү кармаганга аракет кылам. Ушундан улам шоу-бизнесте, жеке жашоомдо да өзүмө көп тыюу салып, апамды ойлоп иш кылам. Мен канчалык ушак сөзгө кабылбайын же өзүмчө инсан болгонго аракет кылбайын, баары бир Акулованын кызы бойдон калам, муну өзгөртүү мүмкүн эмес да.

– Апаңдын дарегине айтылган сындар оор тийсе керек?
– Жеке өзүмдүкүнө караганда апамдын дарегине айтылган сындар катуу тиет. Апам тууралуу бирөөнүн терс пикирин угуп калсам, улуу экенине карабай жанына барып оозун жапмакмын. Менден башка апамды ким коргойт, мен болбосом? Ал эми мени ушактагандарга менин эмес, кээде апамдын да күлкүсү келет, себеби ал мени жакшы билет да.

– Бизге берген маегинде Абдумалик Шерматов Динара эже тууралуу сын-пикирлерин айткан, аны кандай кабыл алдың?
– Билесизби, окудум. «Вау» деп тамшанып же «блин» деп ызаланган жокмун. Мындайча айтканда, реакция кылбадым. Экөөнүн ортосундагы таарыныч өздөрүнүн иши, катасы. Бул маселени менсиз эле чечип алышат, мен аралашкым келбейт. Бала кезимден көрүп-угуп жүрүп, азыр уккум деле келбей калды. Кандай болбосун, ал менин атам, мага жашоо берген адам. Атам катары жакшы көрөм, сыйлайм. Бирок алардын мамилесине кийлигише албайм, мен жөн эле экөөнүн ортосунда жаралган бейкүнөө жанмын.

– Кыргыз эстрадасынан өз ордумду таптым деп ойлойсуңбу?
– Билбейм, балким, таптым, балким, тапкан жокмун. Өзүм деле жан талашып, бирөөгө атаандашып, чыгармачылык деп жашагандардан эмесмин. Мага баары бир, мен Акулованын кызы катары таанылгам, ошол бойдон эл эсинде калсам деле капа болбойм. Шоу-бизнесте каламбы же жокпу, аны да Кудай билет. Балким, турмушка чыгып, үй-бүлө менен кетем. Кыскасын айтканда, шоу-бизнес деген ааламда биротоло жашап калгым келбейт.

– Эмнеге?
– Учурда ырдап эл көзүнө көрүнүп жатканым апам үчүн, анын кесибин сыйлаганым үчүн гана. Бул чөйрө менен көп болсо 5 жыл жашашым мүмкүн, андан ары балдарымдын апасы, бирөөнүн жубайы, коломтонун очогу болушум керек. Ушуларды эстегенде шоу-бизнес мен үчүн убактылуу эле нерсе экен деп калам. Чынында, силер маекке чакырган сайын «сахнаны таштайм, ырдабайм» деген ойдо боло берем, бирок кайра эле сахнага кайтып келе берем да (күлүп). Сыягы, сахнанын өзүнүн сыйкыры бар окшойт. Эл деле байкап калган чыгар, акыркы күндөрү концерттерде көп бийлебей калдым. Анан бир күнү отуруп ойлондум, «Ата-энемден берилген талантым бар. Эмне үчүн мен бул талантымды жашырып жүрүшүм керек?» деген суроо пайда болду. Ушул суроо намысымды ойготуп, кайра жандана баштадым.

– Жигиттердин баарын кызыктырган суроо: Жүрөгүңдү багындырган ханзаадаңды таптыңбы?
– Сөз айткан жигиттер көп. Мурун «эл эмне дейт...» деп эле ойлоно берчүмүн. Акыркы бир жылда мен сыйлаган, мен чалганда менин коңгуроомду күткөн адам пайда болду, азырынча ашыкча эч нерсе айтпай турганым жакшы. Бардык нерсенин өз убагы келет.

– «Балдар арасында досторум көп» деп айтып калган жайың бар...
– Кичинемден балдар менен ойноп, чогуу жүрүп көнүп калгам. Азыр да жалаң дос балдар курчап жүрүшөт. Негизи, кыздарга караганда балдар менен жакшы тил табышам. Анан апама тамашалап «тоюмда кыздын курбулары чыккыла дегенде тапырап он бала чыкпаса эле» деп калам. Чын эле ушинтип ойлойм, тааныш кыздарым бар, бирок анчалык жакын эмес.

– Салт-санаага кандайсың?
– Салтка анча жакын эмесмин, европалашып калгам дебейминби. Бир тууган жездемдин кулагынан чойбосом деле өзү келип колума акча карматып койгон. Жездем аябай камкор, мага такай белек жиберип турат. Анан да эжем, жээндерим менен скайп аркылуу сүйлөшүп турам. Мен үчүн интернетсиз жашоо – жашоо эмес.

– Рулда отурганыңа канча болду?
– Расмий түрдө 1 жыл, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок 5 жыл болду. МАИчи байкелерибиз мени «бейбаш» деп эркелетишет, ха-ха. Негизи, 10-12 жаштарымда короонун четинде машинаны айдамыш болуп жатып эле үйрөнүп алгам. Учурда айдап жүргөн Ленд Ровер Фрилендер деген унаамды апам былтыр 11-классты бүтүп жатканда белек кылган. Унаам супер-пупер, мен аны «пупсик» деп эркелетем.

Маегиңе рахмат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(48)
24.06.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
''Ejemdei suluu bolup,chonoiom emi kachan?chonoiom emi kachatn?''-dep yrdachu ele,ejesindei suluu bolup chonoyuptur))baktyluu bolsun!
24.06.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат малика талантына ийгилик бирок кыргыздын салтын оздоштуро билен абдан соонун болмок кыргызды тили салт санаасы менен тааныйт да
24.06.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энесин сыйлаган элге жагат дейт,азамат энени сыйлоо ушунчалыктыр......!!!Бирок Европейскиймин дегени окшошпой калдыго,мин аракет кылбасын окшошконго баарибир кыргыз боюнча калат менимче.....!!!Орус мектепти бутуп алып эле баары европалашып кетсе,кыргыз эчким болбой калатго!!!
24.06.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун маек болуптур. Малика жакшы ырдайт, уну аябай уккулуктуу. Талантын оркундой берсин!
25.06.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meri.91, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
Сизге эскертүү!
25.06.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МаликаДина менен кантип байланышса болот экен а?Кыргызымдын чыныгы кызыго,кудайым баардык жагынан топ кылып бергенго бул кызга.
25.06.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апамдын куйоосу да менмин деген жери адамды ойлондуруп коет экен. Тообоо! Жакшы мааниде айтса да ойлонуп суйлосо болмок.
25.06.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бизге эч нерсе жакпайт жарым жыланач деп,канчалык ачык кийинсе да ыймандуу кыз экени корунуп турат!малика сага эн башкысы апанды сыйлаганын учун чоон рахмат!ата эне бул дуйнодогу баардык нерсен!азаматсын!
25.06.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi bul kyzdy katardagy ele yrchy katary korom. . . Ozu kyzdardy tenine albasa kerek da, kurbulary jok bolbonuna karaganda
25.06.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да она уже давно,не подарок!!! так что не судите по внешности и по тому как она дает интервью!
25.06.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апасын ойлогон, атасын жамандабаган дурус кыз экен,бирок апамдын куйоосумун дегени туура эмес. Анткени куйоонун орду,перзенттин орду башка-башкада. Сен только кы3ы,жардамчысы гана боло аласын.
25.06.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
25.06.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm krasavisa birok kyzdardan da podrujka kula jur
25.06.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар супер-инфо мыкты майек болуптур келечегин кен болсун бактылуу бол. ото акылдуу кыз болуптурсун мындан арыда ойлогон ой максатына жет
25.06.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат малика суйлогон айткан создорун орундуу акылдуу кыз болуптурсун,алдыга баса турган жолунду дагы дагы бийиктиктер бактылуу кундор кутуп турсун.
25.06.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охо ушуну маек десе болот! эми акылына кирипсин! болбосо атасы ж-до жакшы кеп айтчу эмес эле. апасы турмуш жонундо айта берип кулакка куюп койгонго окшойт коргондой суйлоптур! анан аягында мактанып кетипсин! мактанчаак окшойсун ээ! видеоверсиясы болгондо анданда сонун болмок! болсо жуктоп койгулачы
26.06.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика сага ийгилик,сенин тааланттыны сыйлайм.Динара эженида аябай жакшы коробуз.силерге дайым жарык жашоо каалайм.
26.06.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
симпатичная девочка. Голос превосходный.Дорогая Малика, знаю что прочтешь это, песни твои нравятся , хочется чтобы записала пару новых современных песен на кыргызском.обожаю тебя =*
26.06.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай даярданып келиптир.создорду да жаттаса керек.жасалмадай сезилди мага
26.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
Бирок гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Дагы ушул сыяктуу сын-пикир болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз.
26.06.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, кечиресиздер, эсимде болот
26.06.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары аз да аттиң издеп бир эки эле ырын таап угуп жүрөм. Мага да аябай жагат, азамат сонун маек куруптур. Кыз деген энеге күйүүмдү болгону анык, сулуулугуна да сөз жок. Көп эле ырларды ырдап чыкчы сураныч.
26.06.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandaisyn malika? talantyn dagy tashkyndai bersi men seni kyrgyzdyn tushunuktuu jana yimanduu kyzdarynyn biri dep jkashy korom bir jolu interviyundu korup baa bergem jonokoi jana shaiyr kyz ekensin alla yraazy bolsun, ar daiym bar bol adamdyn en jonokoi sapattary sende bar eken, sendei kyzdarybyz koboio bersin kyrgyzstanda, dinara ejekebizdi uyat kylbayt ekensin ancha mynchauluuraak yrchy kyzdarybyzga karaganda sen kyzyktuu jana pozitivduu interv'yu berdi chon rahmat bar bol ar daiym!!!
27.06.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасын ким эле сыйлабасын,же силер сыйлабайсынарбы? Кызыксынарго барын эле ошону айтасынарда.И еще Апана жизнь куе боло албайсын!
27.06.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылдуу кыз болуптур мындан ары да оюун орундалып тилегине жет бактылуу бол
28.06.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жолун ачык болсун, бактылуу бол, апандын бактысына бар бол.
28.06.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
малика ачык суйлогондорду суйом го мен
29.06.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унаасынын атын айтпай эле койсо болмок бир аз мактангандай болуп калыптыр
01.07.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маек,Динара эжекебиз жалгыз болсо да кызына жакшы тарбия бериптир азаматсыз эжеке
21.07.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарокер болуп чонойуптурсун
кызга кырк уйдон тыйуу дегендей
эми узун эле кийинсен жарашат
такыр эле европалашып кетпей
24.07.2013. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а видеосу кана?
24.07.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema312,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видео версиясы жок.
26.07.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, амансызбы?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо