САЛТКА СЫНБА, КҮЙӨӨ БАЛА

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

Кыргыздын салттары абдан көп, бир жердин салты экинчисиникине окшошпойт. Ошондой кызык салтка туш болгон маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн биз кепке тарттык. Өмүр бою эсте калган кулак чойгон балдыздар, көшөгө шыкаалаган жеңелер жөнүндө алар каткырып эстеп кетишти.

Тынар Курбаналиев:«ЖЕҢЕЛЕРИМ МЕНДЕН КОЛ ТАМГА СУРАШКАН»
– Аял ала берсең да жаман турбайбы, башың айланып калат экен (күлүп). Мен азыркы жеңеңерге үйлөнүү алдында аябай катуу даярдангам. Кыргыздын көп кызык салттары бар эмеспи, дээрлик баарын колдондук. Баарынан да балдызымдын кулак чойгону эсимден кетпейт. 100 сом берсем ичи чыкпады окшойт, кетпей туруп калды. Тамашалап «өзү кулагым арзан эле, 80 сом турат, үстүнө сага деп 20 сом кошуп берип жатам» десем күлүп тим болду.
Эң кызыгы, жеңелер узатып жатканда башкаларды сыйлап, майда-чүйдө карматып узатышат экен. Менин жеңелерим менден өлүп-талып кол тамга сурашкан. Мен да концерттен чыккандай болуп уялбай коюп бергем. Бут кийимимди да бекитип коюшуптур кыйындар, кетерде таппай тайсалдап ары бастым, бери бастым. Анан боору ооруп кетти окшойт, бекер эле алып чыгып беришти. Кыңк этпей кийип алып келе бергем (күлүп).

Мүзүр Мамбетов:«БЕЛИБИЗДЕН СУУ КЕЧКЕНБИЗ»
– Жубайымды ала качып алгам да, ал убакта Таласка Жамбыл тараптан барчубуз. Өчөшкөнсүп жол жабык экен, машинаны токтотуп коюп, белибизден келген сууну кечип өтүп барганбыз. Азыр ойлосом, жубайым мени ушунчалык сүйчү экен да (күлүп). Башкалар машинадан секирип качышчу эле, меники өзү кошулуп суу кечкен.
Анан апам илген ак көшөгө бар. Ал өзүнчө бир окуя. Ырымыбы же салтыбы, түшүнбөдүм. Апам Гүлмирага бир жыл көшөгөнү чечтирбей койгон. Көшөгөбүз чынында эле көгөрмөк турсун, көк басып кеткен болуш керек (күлүп).

 

 

 

 

Эмил Балтагулов:«БУТ КИЙИМДЕН АЙРЫЛЫП КАЛА ЖАЗДАГАМ»
– Келинчегимдин үйүнө барарда жеңелерим «бут кийимиңди абайла» деп кулагыма жакшы эле куюшкан. Атайын тарттырып жибербейли деп аны баштыкка салып, төрдөгү терезеге алпарып койдук. Антип-минтип кетер маал болгондо досторумдун бардыгы бут кийимдерин таппай чаң-тополоңго түшүп калышты. Биздики төрдө деп кыйын болуп карасак, балдыздарым жаңы эле экинчисин уурдап жаткан экен, кармап калганбыз.
Анан кызды үйдөн узатарда малдын өпкөсүн жеңелер жаш жубайлардын далысына чабыш керек экен. Ошол ырымынан соң экөөбүзгө баары жабылып акча кыстарып башташты. Аны болсо эки тараптын жеңелери чогултуп алышат тура. Байкуш менин жеңем андайды билбейт да. Жубайымдын жеңеси шыпылдап акчанын баарын терип кирди, меники болсо турат унчукпай. «Ай, албайсыңбы, акчаларды» десе, сүйүнүп кетип жатпайбы «ии, ушунун баары магабы?» деп. Ошентип, жубайымдын жеңесине көп акчаны алдырып койгонбуз.

 

Борончу Кудайбергенов:«ЭЛГЕ КОШУЛУП ТӨРГӨ ЧЫГЫП ОТУРУП АЛГАМ»
– Жубайым экөөбүз сүйлөшүп эле жүргөнбүз. Анан «кел, үйлөнөлү» десем, кылыктанып унчукпай койбоспу. Достор менен кеңешип, алып качмай болдук. Бир күнү туулган күнгө чакырып, түнү бою ырдап-чоордоп отурдук. Эртең менен жумушуна кечигип калсын деп саатты 2 саат артка жылдырсам, досум аны дагы 1 саат артка бурап коюптур. Адамды шерменде кылып түнкү 3тө эле таң атып калса болобу. Аны көрүп жеңеңер «саатыңар токтоп калган турбайбы» деп жөнөп калды. Чыйпылыктап «жеткизип коём» дегенге өттүм. Ал убактын кычыраган унаасы Волга эле да, ага куурчакты отургузуп, шарларды байлап тойдогудай кылып даярдап койгонбуз. Азыр эстесем боорум эзилет. Машинаны көрүп, «бирөө жарым үйлөнөбү?» деп сурап коёт байкушум. «Аңчылыкты» ага карай кылганыбыздан кабары жок. «Досумдун тою эле» деп алдап отургузуп, зуулдаган бойдон үйгө алып барганбыз.
Ачуу басарга барбайбызбы, кайындарымдыкына. Ат-Башыда күйөө бала кызын ала качканы үчүн 2-3 саат үйгө кирбей сыртта турушу керек экен. Аны мен билбейм да, элге кошулуп төргө чыгып тамак жеп, курсак кампайтып отурам. Кайындарым мени таанычу эмес, күйөө жолдош окшойт дешиптир. Бир маалда эле бир жеңем «койгула эми, суукта тоңуп калбасын, чакыр күйөө баланы» деп жатпайбы. Акыбалымды айтпай эле коёюн, бирөө каткырып калды «аныңар элден мурда кирип алган» деп. Үч бажабыз, эң эркеси мен. Тигилер тыбырчылап иш кылып жатканда, мен кайнатам менен карта ойноп отурчумун (күлүп).

Бакыт Осмонканов:«КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЭЧКИ АЙЛАНДЫ»
– Сүйүктүүм экөөбүз 9 жыл кыз-жигит болуп жүргөнүбүз менен, кайната-кайненемди той күнү гана көрдүм. Жубайым Ош тараптан, ал жактын салттары сонун турбайбы. Жалгыз балдызым бар, кулагымды ой чойгулады го, 1000 сомду кармата салдым, ыраазы болду окшойт (күлүп). Анан эсимде калганы, жаш жубайлар кыздын үйүнөн чыгып бараткандагысы. Келинчегимдин белине нан байлашып, анан экөөбүздөн эчкини айлантып жатышты. Аябай күлкүм келди. Чынын айтсам, эч нерсени түшүнбөй эле, өзүмчө токчулук болсун, мал бассын деген мааниде окшойт деп койдум. Күйөө баланы сыйлап астына калың төшөк салмай деген салт бар экен, мага ушундай бийик кылып салышты, ошол аябай жакты (күлүп).

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Салтка сынба, күйөө бала

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
23.06.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
owondo bakut owtun suluusuna uilongon go ee ,,,bizde salttar uwundai..jigitter bilip algula...::))))
24.06.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу байкенин окуясына аябай боорум эзилди))Бардыгы бири-бирине жарашкан жубайлар экен.Бактылуу болушсун
24.06.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боке борду эздиго бактылуу болгула
24.06.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде да куудулдар, Боке менен Тынар. Окуп жатып кулсом, жанымдагылар башкача коздору менен мени карай((
24.06.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,негизи кыргыздын салтынан айланса болот.Аябай соонун салтыбыз бар,мага Нарын элинин куйоо баласына кой сойдуруп сынаганы жакты... :-))
24.06.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу менен Тынар аябай сонун айтып бериптир кулдум....
24.06.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борнчунун баштан откозгон окуясы аябай кулкулуу экен)
24.06.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынардын айтканын окуп боорум эзилип калды:)))
24.06.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай максатта бакыт менен жубайын эчки айлантты экен кайсы элдин салты
24.06.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mia88, азыр опкону садага кылып чаппай эле,кыз-куйону айлантып коюуну салтка айлантып алышкан.
24.06.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу менен Тынар боорду эздиго)))
24.06.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун тема болуптур
24.06.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар акабыз катуубу же тамашалап койгонбу, кулак чойгон балдызы ойлоп калды го жездем жмот экен деп.
24.06.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу менен аялын айырмалаш кыйын го я.
25.06.2013. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кош жүроктор, ылайым бактылуу болгула))))))))))))))) Тынар байкенин айтканы жакты да мага аябай боорум эзилди
25.06.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен москвадан барып уйлонгон элем,куз мезгили жузумду коп жеп ичим оорур кыйналып жургон кезде уйлонуп калдым,жене кийим кийгизип анан белге кур байлайт экен.Жанакыл жене жайлоодо жургон бакуубат жене экен,курду байлап куч менен тартты эле курду......эми ошондогу менин кебетем....козум чыгып кетейин деген....)))))
25.06.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gooool, Кудааааааааааай ай акырын дебейсизби))))))
29.06.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gooool, кулсом метродогу ак кулакдар эстери ооп калдыго
25.06.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi, booorum ezilip kaldy.
25.06.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынарга соз жок
25.06.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу байке боорду эздиго ай окуп алып ошол куну мен да болгондой болуп кеттим хаххаха молодцы будьте счастливы!!!!!!!!!!!!
25.06.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыттын келинчеги клиптерге тартылчу эмес беле коргондоймун.?
26.06.2013. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хэхэхэхэээ Борончу байке орду езесизго тимле жакшы болгон екен карынды капа кылбапсыз кычыраган кышта.
26.06.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончунун окуясы оригинал болуптур:)). Эшикте тургузуп койгон да салт болот бекен, кызык го.
26.06.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт тын айтканы жакты кулкум келип аран турдум деп ))
26.06.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорончу менен Бакыттын окуясын окуп куло берип жатып калдым
SUPER.KG видео
26.06.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ха ха тиягымды кичинекей балдызым чойду дейби
SUPER.KG видео
27.06.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала качуу салт эмес, кыргыздар кудалашып, сөйкө салып анан алыщчу. Бири-бирине ашык болгон жаштардын турмуш куруусуна социалдык тенсиздиктин айынан ата-энелери макулдугун бербеген учурда гана жигит кызды ала качкан, ал да өтө чанда болгон, себеби ал убактагы жаштар ата-энесинин жана аксакалдардын сөзүн эки кылышкан эмес. Ал эми ала качуу постсоветтик мезгилде гана модага айланган, азыр ал кайрадан жоюлуп, элибиз мурдагы ата-бабасынын жакшы салтына кайрадан 
29.06.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран Тынар, кулагын да соодалаг тура
Модератор admin_superstan түзөттү 01.07.2013 10:18
29.06.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачуу басарга куйобала да барчубеле кыргызда биринчи угушум.
SUPER.KG видео
29.06.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ди джей жигит ыймандуу анан кичи пейил экени жузунон, жылмаюсунан корунуп турат. Бактылуу болгула!!!
01.07.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу менен Тынар акенин окуясы аябай кызык экен. Жолдошум экообуз суйлой албай кулдук. Бактылуу болунуздар!!!
01.07.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош тарапта эчки айлантпайт эле.эмнеси болсода бактылуу болгула.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо