Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

«КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1990 же 91-жылы туулган Бек Ибраев аттуу классташымды издейм. 1998-жылы Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №73-орто мектепте окуган. Билишимче, Нарын облусунун Ат-Башы районунан болот. Досумду тааныгандар болсо, чалып коюуларын өтүнөм.

Таалай, тел.: 0707 77-44-43, 0555 22-94-44

«ДОС КЫЗЫМДЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Нарын облусуна караштуу Миң-Куш шаарчасынын тургуну Эркайым Мадимарова аттуу дос кызымды издейм. Эгер аны тааныгандар болсо, мага кабарлап коюшун суранам.

Нурлан, тел.: 0777 41-30-41, 0702 23-42-42

«10 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫН ЖОК»
– Иним Марасулов Сыдык Исаковичти 10 жылдан бери издеп, таппай келебиз. Ал 1967-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Иштейм деп Бишкек шаарына кеткен боюнча дайыны жок. Издебеген, барбаган жерибиз калбады.

Саадат Марасулова, тел.: 0777 11-94-95

«АГАМ СОГУШТАН КАЙТКАН ЖОК»
– Агам Асыранбек Токсобаев 1939-жылы, ошол кездеги Жалал-Абад облусунун Үч-Терек районунун Жаңы-Күч колхозунан аскерге кызмат өтөөгө кеткен. Ростов деген шаарда кызмат кылган. Андан соң агамдан: «Полтава деген шаарга которулдум, мен командирмин» деген кат келген. Аскерден кайткыча согуш башталып, согушка катышкан. 1945-жылы 9-майда «Берлинди алдык» деп агамдан кат алдык. Ошол боюнча дайыны жок. Угушумча, андан ары Японияга согушка кеткен экен. Бир тууганымдан үмүт үзбөй дале издеп келем. Азыр жашым 90го келди, пенсиядамын.

Осмонбек Токсобаев, тел.: 0773 23-45-72

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
24.06.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super!`silerge rahmat! men Bek Ibraev klasstawymdy taptym. 23.06.2013 kunu joluktuk. teren yraazychylyk. owondoi ele Bekke chalyp bildirip koigon adamdarga da taazim)))
Taalai,
26.06.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтосунова Батма Турумтаевнаны туугандары издешет. Ал Тажикстандын Тоолуу Бадахшан областынын Мургаб районунда 1966- жылы торолгон. 1992- жылы Таш-Комур шаарчасында (Кыргызстан) жашап турган, куйоосу менен урушуп уйдон чыгып кеткен экен. Куйоосу Сериктин айтуусу боюнча. Эки уулу бар эле. Андан бери коп жыл отсода,Батмадан эч кандай дайын жок. Уулдары атасы мн Казакстанда,эр жетишти. Уккан,коргон адам болсо кабарлап койсонор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо