101:«ӨРТ ЧЫКТЫ ДЕП ТАМАШАЛАП ЧАЛБАГЫЛАЧЫ...»

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

Өрт өчүрүүчү кызматы алгач Фрунзе шаарында, ошондон аз өтпөй Каракол шаарында 1929-жылы уюшулган. Ысык-Көл облусунун Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук инспектору, улук лейтенант БЕКЖАН ЖЕКСЕМБИЕВ кесиби тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

«АЛТЫ АЙДА 198 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ»
– 1965-жылы Ысык-Көл облусунун ар бир район, шаарларына өрт коопсуздугун тейлеген бөлүмдөрдүн имараттары курулуп баштаган. Учурда облус боюнча өрт өчүрүү кызматынын 12 бөлүгү иш алып барат. Алардын ичинен №15 жана №19-бөлүк аскерлештирилген бөлүк катары кызмат кылат.
Өрт кырсыгынын саны өсүүдө. Мисалы, үс­түбүздөгү жылдын алты ай аралыгында эле 198 өрт кырсыгы катталып, жарандар
20 миллион сомдук материалдык чыгымга учурады. Бүгүнкү күндө кеңири тарап жаткан пластикалык терезе, эшиктер оттун тутанышына, күчүнө киришине жеңилдик түзөт. Алар башкалардан айырмаланып, күйүүсү жакшы болот. Ишибизде дагы бир тоскоолдук бул – эшик, терезелерге коюлган темир тосмолор. Дал ошол тосмолордун айынан адамдар бөлмөдөн чыга албай камалып калган учурлар болгон.

«ҮРӨЙДҮ УЧУРГАН КЫРСЫКТАР КАТТАЛАТ»
– Жумушубуз чоң жоопкерчиликти талап кылгандыктан, бул кесипке сөзсүз түрдө  аскер кызматын өтөп келген жигиттер кабыл алынат. Чакырык болгон жерге алгач 5 кызматкер бир автоунаа менен 1 мүнөттүн ичинде даяр болуп, белгиленген дарекке чыгып кетиши шарт. Негизи, өрт дегенди уккан башка, көргөн такыр башка нерсе. Үрөйдү учурган кырсыктар кездешет. Наристенин эч нерсеси калбай күйүп калганы, баласынан ажыраган ата-эне, айтор, баарынын ал-абалын көрүп туруу оңой эмес. Бул кырсык жеңил, тиги оор деп айтуу туура эмес. 2012-жылы Балыкчы шаарындагы май куюучу бекетте өрт чыгып, цистерналар жарылып, аны өчүрүүгө барган кызматкерлер катуу күйүп калышкан. Алардын арасынан бирөөнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, кызматка жараксыз болуп калды.

«ТАМАШАЛАП ЧАКЫРГАНДАР ДА БАР»
– Учурда облуста 34 автоунаа болсо, анын ичинен төртөө Каракол шаарына тиешелүү. Каракол шаарындагы №19-өрт өчүрүүчү бө­лүктө 68 кызматкер эмгектенип келебиз. Кээ бир учурда бир күндө он коңгуроо кабыл алсак, айрым күндөрү коңгуроо түшпөй да калат. Бизди жалаң гана жардамга чакырбастан, тамашага салгандар да бар. Түн ичинде телефон чалып, «байке, башым ооруп жатат, суу алып келип бериңизчи» деп тамашалашат. Же болбосо «күйүп жатат, күйүп жатат» деп кыйкырып, «эмне күйүп жатат, дарегиңиз?» дей келгенде «казанда жумуртка күйүп жатат» деп телефонун коюп салышат. Мындай учур чынында абдан көп болот. Тургундардан суранат элем, «өрт чыкты» деп тамашалап чалбагылачы. Кээ бирде ачуулансак, айрым учурда биз да күлүп, эс алып калабыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
24.06.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошого чыдаган нервинерге рахмат! Омурлуу болгула!!!
24.06.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигиттердин журогундо жалыны бар... Азаматтар!
25.06.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахах, адамдар кызыкпыз да... ар бир кесиптин кызыгы да туйшугу да бар дегендей...
26.06.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да бир чети кулдум бир чети жиним келди тамашакой жарандарыбызга
26.06.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байке, башым ооруп жатат, суу алып келип бериңизчи» жакты )))
29.06.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумурткаааа куйдууу деди дейтгоооооооооооо.ваааахаха чын эле жагымдуу тамаша экен.аман болгула
01.07.2013. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекжан ишине ийгилик!уй булоолук бакыт!экообуз иштеп жургондо дайым ак койнок,галстукчан чыкыйган жигит элен.эл-жерине ак кызмат кылып,аман бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо