№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж

17-июнь күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында «Башка-башка болсо дагы тилибиз, биз керекпиз бирибизге-бирибиз» аттуу достук фестивалы болуп өттү. Аталган фестиваль Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, ага аймактык Жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышышты. Бул фестивалдын жүрүшүндө ар кайсы улуттун каада-салттары сахналаштырылып, ар улуттун ырлары ырдалды. Иш-чараны уюштуруунун максаты – Ош шаарынын аймагында жашаган бардык улуттардын ынтымагын, достугун бекемдөө болду.
Элира Чынтемир кызы
оsh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ал эми акыркы кездердеги кыргыз-тажик, кыргыз-озбек чыр-чатактары берекелүү түштүк жеринин, элинин кунун учура турган болду...
Билдирүүңүз өчүрүлдү.