«Заманыбыздын супер ырчысы» Мирбек Атабеков:«ҮЙЛӨНҮҮ УБАКТЫСЫ КЕЛДИ»

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Азыр шоу чөйрөдө «Мирбек Атабеков августта үйлөнөт» деген чоң жаңылык болууда. Тойдун алдынан ырчы мырза күйөрмандары менен түз байланышка чыгып, алдыңкы пландары, сүйүүсү, кубанычтары менен бөлүштү.

Асел, Бишкек шаары:
– Кандайсыз, Мирбек байке? Биз сизди сагындык, көптөн бери көрө элекпиз. Сиз менен түз байланышка чыгып жатканыма абдан кубанычтамын. Мени кызыктырган бир суроо: качан үйлөнөсүз?
Мирбек Атабеков:
– Бул суроону күткөм (күлүп). Азырынча ана болот, мына болот деп так айтпай турайын. Үйлөнгөнгө убакыт келип калды. Кудай буюрса, тоюбузга «Супер-Инфо» аркылуу сөзсүз күбө болосуздар.

Бактыгүл, Ош шаары:
– Сүйлөшкөн кызыңызды башка бала ала качып кетсе артынан барат белеңиз?
– Сиз кандай деп ойлойсуз (күлүп)? Андайдан Кудай сактасын, бирок ала качып кетишсе, артынан бармакмын.

Айсулуу, Ат-Башы району:
– Сени иним катары жакшы көрөм, Мирбек. «Убакыт зымырык куш» деп коёт эмеспи. Он жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
– 10 жылдан кийин ушундай эле сөздөргө татыктуу болгум келет. Сиздердин ишеничиңиздерди актасам деген оюм бар, үй-бүлөлүү болуп, сүйүктүү ата болсом дейм.

Айжамал, Бишкек шаары:
– Саламатсызбы? Арык Мирбек өзүңүзгө жагабы? Семирип көрөйүн дедиңиз беле?
– Ха-ха, арык болгон эле жакшы го. Мүмкүн, айрымдарга семиз болгон жарашаттыр. Бирок мага арык болгон эле жагат.

– Филармония же Спорт Ордосун жаштарга берели деп сизди жетекчи кылса, макул болот белеңиз?
– Күтүлбөгөн суроо. Эмнегедир бул жөнүндө ойлонуп көргөн эмес экем. Ким кайсы жерге жетекчи болсо да, иштеп жаткан адамдарга күйүп, айлык акысын көтөрүп, өзүнө жараша иштерин аткарыш керек. Мен андан алысмын, мага өзүмдүн азыркы чөйрөм, чыгармачылыгым эле жетиштүү.

Адина, Бишкек шаары:
– Ата-эне, досуңуз, туугандарыңыздан башка кимди жакшы көрөсүз?
– Ал белгилүү эле болуш керек, хе-хе.

– Ата-энеңиз үчүн эмнеге даярсыз? Бардыгына дегенден башка жооп айтыңызчы.
– Чынында эле ата-энем үчүн баарына даярмын. Керек болсо жанымды да берем.

Айнура, Бишкек шаары:
– Саламатсызбы, Мирбек? Сизди «жылдыз болуп кеткен. «Элитный» кечелерге катышып, карапайым концерттерге келбейт» дешет...
– Мен идеалдуу адам эмесмин. Менин деле «характерим» бар, таарынчу адамга таарынам, сүйүнгөнгө сүйүнөм дегендей. Андай деле сезимдер керек. Концерттер тууралуу болсо, биз менен толугу менен сүйлөшпөй эле концерт уюштурган алдамчылар толтура. Ошондой учурда, балким, атым аталып, өзүм катышпай калаттырмын. Сиздин сөзүңүз мен үчүн дары болду, эске алам.

– «Мээрим менен жарандык никеде жашайт» деп көп уктум. Ошого жоопту сиздин оозуңуздан угайын дегем.
– Сиз ушактарга ишенбеңиз. Мындай нерсе биз мусулман болгондон кийин шариятыбызга туура келбейт.

Асел, Талас шаары:
– Мирбек, сен атактуулуктун пайдасын көп көрөсүңбү же зыянынбы?
– Медалдын эки бети бар дегендей, жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Бирок жакшы жагы көбүрөөк. Терс жагы – жаштарга үлгү болсом деп өзүңдү эркин алып жүрө албайсың. Элдин баары карап тургандан кийин өзүңдү туура алып жүрүшүң керек. Бул кадимкидей чоң жоопкерчилик.

– Таласка бат-бат келип, атаңа куран окутуп, түлөө өткөрүп турасыңбы?
– Таласка көп барам, болбосо туугандарым өздөрү келишет. Жакында эле туулган жериме барып, атам менен чоң атама куран окутуп келдим.

Арзыбек, Бишкек шаары:
– Мирбек, саламатсызбы? «До+фа» тасмасына биринчи тартылып жаткан жарнамалардан сизди көрүп калдым эле. Сиз башкы ролду ойномок белеңиз?
– Туура, ал тасмага мага башкы ролду сунушташкан. Бирок роль менин образыма туура келбегендиктен, Самат Эркинбеков ордума тартылды. Мен өзүмдү ойнодум.

– Эмнеден уяласыз бул жашоодо?
– Жакшы суроо болду. Уят дегенге көп нерсени камтыса болот. Уурулук кылган уят болот. Болгондо да өйдө жактагы уурдап жаткан байкелерге кылган иштери уят деп айтат элем.

Азимхан, Ош шаары:
– Учурда репертуарыңызда канча ыр, канча клип бар?
– Так санын билбейт экем, ырларым 50дөн ашык, клиптерим 10 чакты болуш керек.

МИРБЕК АТАБЕКОВ WWW.SUPER.KG ПОРТАЛЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.

venchik:
– «Сен жана мен» деген ырыңызды бир студент бала «мен жазып, Мирбекке 100 долларга саткам» деп айткан эле. А бирок сиз «ырдын сөзү өзүмдүкү» деп айтып жүрөсүз...
– Мындай нерселерди көп угам. Көп эле балдар «ырын мен жазып бергем» деп мактанып же ар кандай окуяларды ойлорунан чыгарып айта беришет. Ырдын обону өзүмө таандык, сөзүн сахналаш иним Нурлан Насип жазып берген.

– Эркек жигиттер «разборка» кылганга жакын келишет эмеспи. Сурайын дегеним, качан акыркы жолу балдар менен мушташтыңыз эле?
– 4-5 жыл болуп кетсе керек. Анча-мынча ушак, интриганын айынан мушташып таяк жеген, сабаган күндөр болгон. Бул ар бир эркектин башынан өтө турган иш.

Umka220190:
– Мирбек, атыңыз чыккандан кийин сизди тааныбай калгандар болду беле?
– Ооба, таанып туруп деле атайын «сен кимсиң?» деп таанымаксан болуп сураган адамдар болот. «Тааныбасаңар атым Мирбек болот, таанышып алалы» деп учурашып коём. Башында чыгып жүргөндө «неге мени эч ким тааныбайт?» дей берчүмүн. Кийин таанып баштаганда кайра байкабай эле койсо экен деп калдым (күлүп).

MaRmeLaDka:
– Кыздарды эмнем менен тартам деп ойлойсуң?
– Cөзсүз түрдө ырларым менен болуш керек. Кошумча элден «жылдыздуусуң» дегенди угуп калам. Бирок азыр кыздарды тартам деген оюм жок :)

jalgyzdyk:
– Аябай катуу ичип мас болгон күндөр башыңыздан өттү беле?
– Андай күндөр университетти бүтүп, ырдап жүргөн кезде болгон. Классташтар менен жолугуп, жаштык кезде ичип калганбыз. Ал жоругумду кемчилигим катары кабыл алам. Адам кылган катачылыктарынан сабак алганы жакшы.

Suiuktuu:
– Эмне үчүн Мээримди тандадың? Ал башка кыздардан эмнеси менен өзгөчө?
– Анткени буйрук демекмин. Акыл-эстүү кыз, тарбиясы жагат. Бир сөз менен айтканда, менин табитиме туура келет.

– Экөөңөр бири-бириңерге сын айтышасыңарбы?
– Өзүм суранбасам эле айтпайт. Мен деле аны сын көз караш менен карай элекмин, чынында. Азырынча бири-бирин сындоо деңгээлине жете элек окшойбуз. Балким, кийин үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгондо сындашып баштайбыз (күлүп). Негизи, колдон келишинче жакшы көргөн адамыңдын көңүлүн оорутпаганга аракет кылыш керек. Себеби мунун баары адамдын ичинде чогула берет. Анан бара-бара ар кандай түшүнбөстүктөрдү пайда кылышы мүмкүн.

AnGelina:
– Үйлөнгөндө үй-бүлө сазына батып, чыгармачылыктан алыстап кетем деп ойлобойсуңбу?
– Убакыт аз болсо да чыгармачылыкты калтырбай, бирок ошол эле учурда үй-бүлөнү биринчи орунга коюш керек. Мен өзүм деле үй-бүлөгө жакынмын. Кыялымда балалуу болуп, баланын мээримин ата катары сезгим келет. Кесиптештеримди, байкелеримди көрүп суктанып кетем. Кадимкидей ата болгондо өзгөрө түшөт экен. Мына ошол сезимдерди татсам дейм.

Асылжан:
– Сүйлөшкөн кызың Мээрим той болор күнү элдин көзүнчө сага келатып эле «передумала» деп качып кетсе эмне кылат элең?
– «Алдадың» деген клибимдегидей болуппу? Ха-ха... Андай болбойт болуш керек. Антсе кино болуп кетет. Бул суроо кайдан, эмнеден улам чыкты деп таң калып жатам... Биринчиден, качырбаганга аракет кылабыз. Мээрим качып кетеби, мени менен калабы, так маалыматын жакында билесиздер го.

jaina:
– Сүйгөн адамыңды көргөндө жүрөк толкуп, кызарып-татарып толкунданган учурлар болот эмеспи. Ошол кездерди эскере кетпейсиңби?
– Кызармак түгүл сүйлөгөнгө сөз таппай калчылдап, буулугуп, титиреп кеткен учурлар болгон. Жанына бара албай, атын сурай албай... Анын баары балалык кезде калбадыбы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Мирбек Атабеков: "Үйлөнүү убактысы келди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(71)
01.07.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
01.07.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим бактылуу кыз экен ушундай баланы колго алганы жакшы. Мээрим Мирбектин ырчы экенин билбей эле таанышса керек ээ мен билбейт экем экоо кандайча тааншып, мамилелешип алганын. Билгендер болсо экоо жонундо бир аз жащып койсонуздар. Билгеним кыз америкада жургону.
01.07.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshondoygo
01.07.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлагым келип кетти уйлоном десе. Бактылуу болгула!
01.07.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тупой суроолорду эмнеге беришти экен, Мирбектин настроениясын тушуруп салдыго резко бир кыз, боорум ооруп кетти байкушка
05.07.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diana.12, сени алмак эмес баары бир ххаха!Диана озун Мирбектен да сулуу ыймандуу жигит таап аласын ишене бер.МИрбек деле кадимки адам.(((((
07.07.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka,биринчиден мен эч бир соз айткан эмес элем хочу замуж за Мирбека деп, экинчиден сен айткан сулуу ыймандуу жигитим бар,учунчудон интервьюну жакшылап корсон бир кыздын суроосунан кийин маанайы аябай тушуп калды,айтканым ошондой суроолорду беришпей эле койсо жана акыркы созуно мен деле жакшы эле билем Мирбек кадимки адам экенин,инопланетянин деп ойлогон эмесмин!!!!
01.07.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бала, чынында эле жылдыздуу!!!!!!!!!! ийгилик сага!!
01.07.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Мээримге суктанам, ой Мирбекти ушунчалык жакшы кором,Мээрим бактылуу!
02.07.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ygarma4ylyktan alystabait dep iwenebiz.
02.07.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20jyl otkondo Bek baike syiaktuu syiluu yrchy bolot dep oiloim,chygarmachylyk iygilik!
02.07.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек куруптур, мага абдан жакты, бирок менин суроолорума жооп бербептир да. Эми тушуном убакыт жетпеген го чамасы. Мирбек байке сизди кумир тутамын. Ылайым жараткан бактынызды ачып . бактылуу жигит болунуз. Ойлогон максаттыныга жетиниз. Талантынызга таазим. Чыгармачылыгыныз ийгилик, жеке жашоонузга бакыт калап кетемин. Ар дайым бар болуп, менин суйуктуу ырчым болуп журо бериниз.
02.07.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patma.mahmud-kyzy, obooo patma zerikpei kaaloo jazypsyn go
02.07.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек бактылуу болгула ишинизге ийгилик сиздей ырчылар кобойо берсин
02.07.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ой адашып кеттим.
Алдадын'ды аябай катырганда ушу бала,азамат.
03.07.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz !
03.07.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы ысык жигит. Бактылуу бол.
03.07.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek baike, budte s4astlivy. Na moi vopros toje okazyvaets9 ne otvetil. 9 hotela uznat`, ot kuda eta s4astliva9 devuwka, Meerim
03.07.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.чыгармачылыгына ийгилик.
03.07.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайжакта болот болду экен свадьба?
04.07.2013. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Счастья вам Мирбек байке. Я вас уважаю, все ваши песни с удовольствием слушаю и жду новые. У вас классная девушка берегите ее.
04.07.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Мирбек алга ийгилик каалам суйгонун менен бактылуу бол!
04.07.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбектин тою болорун окуп алып бир башкача болуп кетти журогум,ыйлагым келип кетти.Бактылуу болгула дегенден башка соз айталбайм.
04.07.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aky97, Саламатсызбы!
Коногубузга 2 саат бөлүнгөн. Бул мөөнөттүн ичинде бардык суроолорго жооп берүү мүмкүн эмес.
Түшүнүү менен кабыл алыңыз.
05.07.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаганы го жакшы!+55.бирок Канат менен иштешип "мамиле"тузгону чатак.очурбогуло улуу урматтуулар!
06.07.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka, а эмне чатак экен а л
05.07.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылдыздуулу жагатт мага кулгону журоктон жылмайат жасалма эмес,ырлары эми супер!
05.07.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырчы ,жакшы бала , жакшы уул экен.
05.07.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men 4 jyldan beri ishtep jurgondukton kop kyrgyzdyn toyloruna bara albay kaldym meni toyuna chakyryp koychu podsrkamdy da ala baram))))))
06.07.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. Чыгармачылыгына ийгилик
SUPER.KG видео
11.07.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не деп эле суроо бергенсинер бир жакшы тоолктуу суроо жок
11.07.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Не моя"деген ырынызды обожаю!Ийгилик!
SUPER.KG видео
19.07.2013. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакты.МИрбек байкенин дайыма мыкты денгээлде интервью бергени жагат.Алпаруучу дагы таланттуу экен.Мирбек байкенин ырчылык чеберчилигине соз жок."Заманыбыздын мыкты ырчысы "деген наам озу эле айтып турбайбы...сизди дайыма сыйлайбыз, жакшы коробуз, колдойбуз,ишенебиз!Мээрим эжеке менен бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
06.02.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Mirbek)))))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо