КЫРГЫЗ КИНОСУНДАГЫ «ТУЗДУУ» ЭПИЗОДДОР

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Тамакка туз, калемпир, томат кошмоюнча даамы чыкпайт. Ошонун сыңары тасмага дагы ар түрдүү эпизоддорду кошуп көрөрмандардын назарын бурбаса, көрүмдүүлүгү начар болуп калары анык. Заманбап тасмалардан эротикалык эпизоддорду көп эле кездештиребиз. «Биздин менталитетке туура келбейт» дегенибиз менен, кандай роль болбосун, актёр баарына даяр болушу керек эмеспи. «Туздуу» эпизоддорду ойноо кыйынчылык туудурган жокпу?» деген суроо менен актёр, актрисаларга кайрылган элек.

Атай Өмүрбеков:«КЫЗ-КЕЛИНДЕР ЖАМБАШ БУЛЧУҢУМА СУКТАНЫШТЫ»
«Ээнсиреген үй» тасмасы кыргыз журтчулугу үчүн чоң резонанс жаратты. Бул тасмага чейин деле төшөк маселеси ачык көрсөтүлө коюп жүргөн. Бирок жогорудагы фильмде мурункуларга караганда да таасын чагылдырылды бейм. Башкы ролдордун бириндеги Атай Өмүрбеков тасмага чейинки жана кийинки ойлору туурасында мындай дейт:
– Киного тартылардан мурун, албетте, биринчи сценарийди окуйбуз, психикалык жактан жакшы эле даярдандым. Съёмка жүрүп жатты, төшөк жагдайы тартылчу күндөр жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөй баштады. Мындай окуяны чагылдырып бериш оңойго турган жок. Ата-эне, тууган, достор бар дегендей. Бирок өзүмдү колго алдым. Анткени мен актёрмун. Ушул кесиптин аркасынан нан таап жеп жаткандан кийин жеткиликтүү ойношум керек.
Ата-энеме «уяттуу жерлери бар киного тартылганы жатам» деп эскерткем. Көргөндөн кийин деле эч нерсе дешкен жок. Көрөрман тасманы карап отуруп өнөктөшүм экөөбүздү чын эле жыныстык катнашта болду деп ойлойт. Бирок Асел (Марал) дененин түсүнө өңдөш ич кийим кийип, анын үстүнө сүлгү койгон. Оператор, режиссёр, жардамчылары болуп он чакты адам карап турса ал жерде кайдагы дүүлүгүү?
«Ээнсиреген үйдү» алгачкы жолу экрандан көргөндө уялгам, азыр жок. Гонорары ата мекендик кинолорго салыштырмалуу жогору болду. Кинодон кийин жамбаш булчуңума суктанган кыз-келиндер болду.

Аскат Сулайманов:«ЖАЛГЫЗ БОЛСОМ УЯЛМАК ЭМЕСМИН»
«Айыл өкмөтү» фильминдеги милиция кызматкери дагы деле көпчүлүктүн эсинде. Аскаттын тасмада жараткан алгачкы ролу болсо да, ийинине жеткире ойногон. «Келинимди тыйып бер» деген кемпирге жардам бергенин көрүүчүлөр ичтеринен кымылдап гана көрүшсө керек.
– Тасмада жараткан биринчи ролум, анын үстүнө уяттуу эпизодду да ойношум керек, аябай кыйналгам. Ошол жерине келгенде уялганымдан тердейм, бетиме упа сүйкөшөт. Ого бетер чылпылдайм. Кинодогудай ал бөлмөдө тиги келин экөөбүз эле эмеспиз, жыйырмага чукул адам тегеректеп турат. Жалгыз болсом уялмак эмесмин да.

 

 

 

Назым Мендебаиров:«ЧОҢ АТАЛАРЫМДАН ТИЛ УККАМ»
«Кара жолтой» тасмасы унутта калбаган фильмдердин катарын толуктайт. Жарыкка чыккандан кийин көчөдөн шектүү адам көрүнсө, «чын эле ушул маньяк болуп жүрбөсүн...» деп элең-элең караган учурлар болгонун айрымдардан уккам. Маньякты дал өзүндөй аткарган Назым Мендебаиров тасмада өлүкканада жатып, анан тирилип кеткен жери бар.
– Сценарий боюнча мен шейшеп оронуп тартылмакмын. Анан эле жылаңач ойнойсуң дешти. Мен болбойт десем, режиссёр «моргго эч качан кийимчен киши жаткырбайт, жылаңач ойнойсуң» деп туруп алды. Ары тартышып, бери тартышып, акыры макул болдум. Бул үчүн чоң аталарымдан тил уктум. «Сен ошентпесең кыргыздын киносу өспөй калчудай болуп...» деп тилдеп алышты. Көпкө чейин аталарыма жолуккандан коркуп жүрдүм.
Кийин биз Түркияга барып келсек, кино элге көргөзүлүп калыптыр. Мен аэропорттон түшкөндө эле көпчүлүк мени башкача карап жатканын сезип жаттым. Үйгө келсем кошуналарым менин үйүмдүн жанынан балдарын мектепке узатып өткөрүшөт да, келе жатканда тосуп алышат. Менин көчөмдөн киши өтпөй калган. Бир жолу автобуста баратсам жанымдагы кыз «Байке, сизден бир нерсе сурайынбы?» дейт. Сура десем, «Ошол кинодон кийин психикаңыз өзгөрүлгөн жокпу?» деди. Көрсө, менин образым көрөрмандарга таасир калтырыптыр.

Таалайкан Абазова:«АЛ ОБРАЗЫМДЫ ЖАМАН КӨРӨМ»
«Свет аке» тасмасы да убагында чоң ызы-чуу жараткан. Анда Свет аке чоң илегенге жылаңач болуп отурат да, аялы жуундурат. Аялынын ролун ойногон Таалайкан Абазова мындай деди:
– Сценарийин окуп чыкканда бир аз тартындым. Тасмада жышынгычка самын сүйкөп, жылаңач болуп отурган жолдошумду жуундурам. Жолдошумдун ролун фильмдин режиссёру Актан Арым Кубат ойногон. Өзүмдүн күйөөм да актёр, «Свет акеде» да роль жараткан. Ошондуктан «жолдошум көрсө эмне дейт...» деп ойлонгон жокмун. Эки дубль менен тартканбыз. Чынын айтсам, ал образымды жаман көрөм.

Шайыр Касымалиева:«КӨП ГОНОРАР АЛЫШ ҮЧҮН ЖЫЛАҢАЧТАНЫШ КЕРЕК БОЛЧУ»
Эсиңизде болсо, бир кезде кыргыз сериалы гүлдөп өстү эле. Ошондо «Издейм сени» сериалы да жарк эткен. Биринин артынан экинчисин кубалап көргөн көрүүчүлөр чачтан көп болуп кеткен. Ал сериалда Шайыр эжебиз бир үй-бүлөнү бузуп тийген айымдын образын жараткан.
– Фильмди тартуу алдында бул жерин талкууга алганбыз. Башкача кылсак болобу десем, жок дешти. Бирок тартына тургандай деле болгон жокмун. Биринчи кофтамды чечтим, аны дагы чоң планда алышты, анан тасмадагы өнөктөшүм юбкамды өйдө көтөрөт, муну дагы чоң планда тартышты. Чоң план менен иштешсе, телевизордон баарын чечип салгандай көрүнөт.
Гонорарды сүйлөшүлгөндөй эле алдым. «Уяттуу жери бар, көбүрөөк акча төлөгүлө» деген жокмун, албетте. Антиш үчүн жылаңач болуп тартылышым керек эле.

 

 

 

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Кыргыз киносундагы "туздуу" эпизоддор

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
01.07.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
хахаха боорум эзилди комментарийлерге.
02.07.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
до+фа сонун кино болуптур. оа не в тему суйлодум. бирок ээнсиреген уйдун мааниси жок, аты туура келбейт киного. ошол учун До Ре Фа Ре ни талкуулайлы?? :)))
02.07.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аскат сулайманов жактыго жонле бытыгый кишигоо лапусь)))
02.07.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Ээнсиреген уй менен элге таанылабыз дешсе керек.Атын чыкпаса жер ортто дегнедей эле болгон.Уяттуу кино тартып элдин оозуна алынабыз деген менен эч мааниси жок тарбиясы жок кино.
02.07.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына КараЖолтой деген сериял эн жакшы таасын ийнине жеткиреле аткарган - деп ойлойм.Анткени эл кадимки чын корунуштой кабыл алып коркушуп же боор оорушуп корушкон мен да кочого карангыда чыккандан коркуп калгам ошол убактарда.Калган ушул жерде талкууга алынган тасмалар болбогон эле реклама менен берип акча табыш учун чыгарылган тасмалар.
03.07.2013. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби, men sizge koshulam.Men da manyak degen sozdu ukkanda ushul akterdoi elestetem.En real'nyi ujas kino deit elem "Karajoltoi" du
02.07.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дем театырынан чыккан эки актер гана иийнине жеткире аткараган.Аскат менен Менди мырзалар.А калганы фуууу,кускунду келтирет....
SUPER.KG видео
02.07.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыздын тескейин гана корсотушпой, кунгойун дагы корсотушсо. Кинодо кандай болсо, адамдын дагы ою ошо менен калыптанып калат.
SUPER.KG видео
03.07.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбойт! Кыргыздар ашына жыланачтануу же жанагыдай жарнама кылууга каршымын! Кыргыз тасмасы бул жагынан эмес адептуулукко мекенчилдикке ундогон , турмуш жагынан мазмундуу болушу зарыл! Озум сыяктуу коруучулор жана баардык Кыргыз Эли жана дуйно эли уй булосу менен чогулуп Кыргыз тасмасын баалап коршун каалар элем!
SUPER.KG видео
03.07.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз кобунчо озбек кинолорун коробуз эмнегедир алардын кинолорунан мындай шумдуктарды коро албайбыз
SUPER.KG видео
03.07.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кее жерлеринде болуп турса эч нерсе деле болбойт,ал сценарийдин негизиндеги нерсе да.Тее илгерки кыргыз кинолорунда деле болгон мындай нерселер.Мисалы -Биринчи мугалим тасмасында Алтынайдын шаркыратмада жуунган жериндеги титрде ачык жыланач тушкону бар!
SUPER.KG видео
03.07.2013. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйлошкон кызым да актриса ал да мага айтып калат ушундай роль ойноп калсам не кыласын деп а мен каршымын ошол куну кинон менен кошулуп кетесин деп чыдыгында мусулман элине жарашбайт озбектердин кинолору без эротик эле нормально чыгат биздикилер да аркет кылса болот! так что мындайынар болбойт!
SUPER.KG видео
03.07.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай менен Марал дагы кыз жигит катары журушот дешет го. Коп жерден экоонун ээрчишип жургонун кором.
03.07.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хахаа...Туздуу кадрлар турмушта деле бар го. Бул жон гана кинодогу роль! Роль менен жашоодогу озунун айырмасы бар да. Эмне эле анча фулайсынар?
SUPER.KG видео
03.07.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарга жатпайт деп эле баса калышат дайым, актерлор айтып аткандай бул тасма, бул алардын иши. жашоодо уялбай анан экрандан коргондо уялып калабыз тим эле.
репортаж сонун, уну озгочо жагымдуу ушул жигиттин))
03.07.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энсиреген уйго эч ким тушунбоптурго, а мен тушундум ал кинодо кыргыздын кыздарынын азыркы акыбалы чагылдырылган эгер тушунуп корсонор
03.07.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik,
кыргыздын баардык кыздары андай эмес да.демек киного сиз тушунбоптурсуз!!
SUPER.KG видео
03.07.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо мындан дагы жаман корунуштор бар экенин эч ким билгиси келбейт. кинону ошондой корунуштор жашоодо болбосо экен деген мааниде тартышат.
SUPER.KG видео
03.07.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз мусулманбыз дегенди унутпоо керек болбойт мындай снарийлер айрыкча энсиреген уй аттуу кино коп эле аша чаап кеткен узбек ж.б кинолорунда жок эле тартышатко кинолору жашынакай эле чыгып жатпайбы биз деле ошонтип тартсак болот мусулман бир туугандарым
SUPER.KG видео
03.07.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
же эскертип койгула ушул жаштан ушул жашка чейин корууго болот,ушул жаштан ушул жашка чейин корууго болбойт деп ал эми дискке чыгарып саласынар эсеби жок кылып уй булон менен коруп отурсан не удобна келечек муундарыбызды ойлошубуз керек это просто ужас
SUPER.KG видео
03.07.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага бир омурго жеткидей акча берем деседа антип тушпойт болчумун уят!!!!!!!!!!!!
04.07.2013. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан кинолордун маанисине тушунуп корот экенбиз. Ээнсиреген уй менимче жакшы эле кино. Фулап жаткандын баары баледей эле порно дисктерди корсонор керек, тим эле ыймандуу корунумуш болбогулачы.
SUPER.KG видео
04.07.2013. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердин алдында жып жыланач кылып бийлешке аялына уруксат берген ошо точна еркек мескен уяат еле оз койнундагы аялынын денесин башкларга корсотон сенни чыгарман деп еле тим койсо болобереби я.
04.07.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми искусство деп коет муну.Ээнсиреген уй киносундагыдай корунуштор бизде толуп эле жатат,болгону аны моюнга алуубуз керек.Андагы окуя чындыкка жакын нерсе мисалы Орусиядагы кор болгон кыргыз кыздардын тагдырын алып анан салыштырып карап коргулочу.Баардык нерсени тушунуу менен кабыл алуу керек,болгону кино коргондо анын ичине кирип албай,талдоо жургузуп коргуло анан кинону тушуносунор.Нурбек Эген кыргыздардын Джеймс Кемерону,ото чебер жа профессионал к.реж-р, укмуштай баалайм кинолорун.
04.07.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, Эн туура айтасыз
SUPER.KG видео
04.07.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cavet tuura aitasyn.Misaly Korey Uzbek Turk kinolorunda mynday tuzduu korunuwtor jok ese.
SUPER.KG видео
04.07.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино да! бирок ата энен менен билбей коюп алсан анда олдун дейбер.
05.07.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup oturup jylmaiuuga argasyz boldum
06.07.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зверчик коп эле кыздарга асылбасанчы.бозуткан эркектерди эмнеге созго тарта албайбыз.абдан окунучтуу корунуш
SUPER.KG видео
06.07.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино да деп киного шылтап кою болбойт, анын артында кудай алдында да жооп берерин унутпа. биз ото эле аша чаап баратабыз кыкендер, келечек муундарды ушундай кинолор мн тарбияласак, анда алар мурун ата энелер ушинтип эле тартышкан деп, жыланач эле тартылып калышпасын. келечеке тарбия боло тургандай кылып тартсак жакшы болмок эле. жеке менин оюм, мен каршымын!!!
06.07.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана страшный коруннуш! Пустой дом тасмасынын суротун илбей эле коюшса болмок!
SUPER.KG видео
10.07.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жок чындыгында еле тартпай еле,коюш керек,бул кыргыз кино анткени бут эл корот,азыр21кылым анан эмне болот.Мен кыршымын...
03.06.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо издейм сени деген сериалды таппай келем.кимде болсо жуктоп койсонор сонун болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо