Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫНА ЖАЗА ЖОКПУ?

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Жакында Кыргызстандын аймагына кирип келген өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып өлтүрүп, анын автоунаасын өз аймагына алып кирип кетишкен.

МАРКУМДУН БАЛДАРЫ ЖЕТИМ КАЛДЫ
2013-жылдын 20-июнь күнү болжол менен түнкү саат 12лер чамасында Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болду. Аталган райондун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерде өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал октон өз автоунаасында отурган Бакытбек Тагаев жаракат алган.
Жарадар болгон Бакытбек ошол жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан Бак айылынын тургунунун үйүн көздөй качкан. Октун үнүнөн улам ойгонгон үй ээси короого чыкканда канжалап келген Бакытбек андан ооруканага алып баруусун суранган. Бирок ошол убакта анын артынан кууп келген өзбек чек арачылары үй ээсин курал такап коркутуп, анын көз алдында Бакытбекти сабап, андан соң аны атып салышкан. Алган жараатынан улам Бакытбек Тагаев ошол жерден жан берген. Биздин жаранды биздин аймакта набыт кылган өзбек чек арачылары «кыргыз жараны биздин аймакка өткөн» деген жалааны жабуу үчүн Бакытбек Тагаевдин Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаасын өз өлкөсүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Маркумдун артында 5 баласы жетим, аялы жесир калды.

«БАЛАСЫНЫН ДЕНЕСИН КӨРГӨН АТАСЫ ШАЛ БОЛУП КАЛДЫ»
Тун уулунан айрылган Бакытбек Тагаевдин апасы ТЕМИРЖАН апа уулу жана ошол каргашалуу күн тууралуу буларды баяндап берди:
– Балам ачык-айрым, шайыр жигит болчу. Тун уулум болгондуктан күйүмдүү, боорукер жан эле. Ошол күнү ал биздин үйгө келип беде ташышкан. Ал эми келиним неберелерим менен чогуу андан кичүү уулумдун үйүнө гилас тергени кетишкен. Бакыт «апа, мен балдарым баргыча үйгө барып тоокторду карап, суу ташып турайын» деп кеткен боюнча минтип кайрылып келбеди.
Түнү уйкум качып, көпкө чейин китеп окуп отурдум. Бир убакта саатты карасам түнкү 12 болуптур. Андан көп өтпөй уктайын деп жатсам телефонума коңгуроо келип калды. Орусиядагы балдарым окшойт деп телефонду алсам кайним экен. Ал «жеңе, уктай элексиздерби? Акемди ойготуп Гүлпиянга келиңиздер. Бакытты атып кетиптир» деп ыйлап телефонду өчүрүп койду. Башка балдарым Орусиядан келе жатышкан эле. Биз көчөгө чыгарыбыз менен эле алар келип калышты. Балам бутуна ок тийген болсо кан агып жатса керек деген ой менен Гүлпиянды көздөй жөнөдүк. Ал жакка барып буту эмес, бүт денеси канга чыланып өлгөн баламды көрдүм. Атасы ошол жерде эле өзүн жоготуп, шал болуп калды. Мен баламды көздөй жүгүрсөм, мени кармап калышты. Канчалык аракет кылбайын, баламдын денесине жете албадым. Ошол жердеги милиция кызматкерлеринен «эмне болду, ким атты? кимди коргодуңар?» деп сурадым. Алар жанды кашайтып, кайра менден «канча ок тийиптир?» деп сурап жатышат.

«БАЛАМДЫН ӨЛҮМҮН ЖӨН КАЛТЫРБАЙМ»
– Мени күйдүргөнү, өзбек жарандары кыргыздын жеринде кыргыздын жаранын өлтүрүп, кайра чыгып кетип жаткандыгы. Кыргыз чек арачылары жокпу? Өзбек чек арачылары бизди ушунчалык тебелеп жатышса да, эч бир чара көрүшкөн жок.
Баламды аман алып калалы деп «Тез жардам» чакырдык. 3-4 сааттан кийин келген алар баламдын өлүп калгандыгын айтышты. Ошол «Тез жардам» унаасы менен өлүкканага алып бардык. Мен «бербейм» деп ыйласам, баламдын киши колдуу болуп өлгөндүгүнө байланыштуу анын денесинен окторду алып текшерүү керектигин түшүндүрүштү. Окторду алып, баламдын денесин кайтарып беришти. Ушинтип баламды кара жерге берип сыздап отурам.
Биз эмне үчүн өзүбүздүн аймакта кенен жүрө албайбыз? Баламды биринчи аткан жерге барсам, 2-3 катар аскер, милиция кызматкерлери тизилип калыптыр. «Эмне үчүн чек араны карабадыңар?» десем «бизде жоокер жок» дешти. Бар экен го, иш бүткөндөн кийин келишти. Колдорунан эч нерсе келбеген соң түштөн кийин бензин кетирип келип эмне кылышат? Балам өлгөнгө чейин каякта эле булар? Менин балам чек араны бузуп өткөн жок. Азыр аны «контрабанда ташыган» деп жатышат. Бирок андай эмес, ал Кызыл-Кыя менен Кадамжайга адамдарды ташып, таксист болуп иштечү. Анан да анын унаасы жүк ташуучу эмес, жеңил унаа. Эгер балам өзбектердин чек арасынан контрабанда менен бир карыш аттаганда анан аны атканда баламды өзүм эле «ии, балам, напсиңдин айынан өлүпсүң» деп жер казып көмүп коймокмун. Эч бир адамга арыз-муңумду айтып мынчалык күйбөйт элем. А бирок окуя биздин аймакта болуп жатпайбы. Бийлик өкүлдөрү «10 күн күтүп туруңуз» дешти. Эгер ушул 10 күндө күнөөлүүнү таап беришпесе, кандай жол менен болбосун, мен Өзбекстандын чек арасына кирем. Баламдын өлүмүн мен тим калтырып коё албайм.

«ӨЗБЕК ТАРАП КЕЛИШИМДИ БУЗДУ»
Бул окуядан көп өтпөй вице-премьер-министр Токон Мамытов «өзбек чек арачылары чек араны коргоо тууралуу мамлекеттик жана эл аралык бардык келишимдерди бузду» деп билдирди. Айтымында, ал Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнө жолугуп, нааразычылыгын билдирген. Ал эми өзбек тарап «жаңжал Өзбекстандын аймагында болгон» деп билдиришүүдө. Бирок алгачкы иликтөөдө маркум Бакыт Тагаев Өзбекстандын аймагына өтпөгөндүгү, өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кылмыш кылгандыгы далилденген. Буга Тагаевдин автоунаасынын издери, далил буюмдар Кыргызстандын аймагынан табылганы далил боло алат.
Өзбек чек арачыларынын бул кылмышы боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «автоунаа уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
Чек арачылардын огунан ажал тапкан жарандын туугандары, айылдаштары кылмыш кылган өзбек чек арачылары жазага тартылуусун талап кылып митинг өткөрүштү.

Мындай чек ара жаңжалы биринчи ирет болуп жаткан жери жок. Көп аймактарыбыздагы чек ара али такталбаган, эч кандай тосмо же чуңкур жок. Мындан пайдаланган коңшу мамлекеттер жерибизге кирип келүүдө. Чек ара маселесин тезинен чечишпесе, качанкыга чейин киши өмүрү кыйылат?..

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
01.07.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ehhh, ozbek degende kanym kainai turgan boldu!!! sabyr kylynyz, al mykaachylardyn jazasyn Allah ozu bersin!
03.07.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектер уже намек бере башташыптыр Атамбаев ким эле кыргыздар ким эле дегенсип!биздин чондорду ушакчы катындарга гана тенеп калдып юбка кийип алсанар ушакчы катындардан айырманар жок болуп калат.ак уйдун ичинде калашынарча бири биринерди жамандап отура бересиер!
01.07.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пайдасы жок бийликтен умут кылыштын кереги да жок го! Кудайдын алдында куноолуулор созсуз жазаланат!
01.07.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин бийликтин алсыздыгынан өзбектер тебелеп жатышат карапайым элди. А биздин чиновниктер болсо өзүнүн бизнестерин өнүктүрүү менен алек!
01.07.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне бийликти ээлеп отурасынар колунардан бир жарандын укугун коргош келбесе бошотуп бергиле иштей тургандарга же озунор иштегиле .....
01.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы канчага чейин элдин кыжырына тиет бийликтегилер кичине кудайдан коркуп койгулачы эмне учун биз озбектердин алдында пас кетишибиз керек бул иштин акырына чейин чыккыла уятынар болсо жондон жон дагы бир кыргыз жигити бей ажал с-дын колунан олду притом оз жерибизде оз уйундо
01.07.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз , уулунуздун арты кайырлуу болсун. Бул озбектер коро турганы али алдыда. Билесинерби откондо Каримов катуу оору дегенде озбектер эмес, бут дуйно жузу конул болуп кутуп калышты, ал бйиликтен кетсе катуу озгоруу болот, кудай ошондо жазасын берет алардын.
01.07.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба Атанбаев иштейби быйыл озу эмне кылат ал карабай эмнеге киришет алар укугу жок ээ буларга барибир деп жатат да ош окуясында тузук эле сабак болду го аллах жазасын берсин канкорлор
01.07.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Shekerbek, сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынат.
Сиз сайттан 5 күнгө четтетилдиңиз.
01.07.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстандын чек арачылары жок чегарасы жок болсо керек. Неге биз Кыргызстандыкы жок дей берип тилибиз деле тешилди. Ушуну билген коншуларыбыз кутурат да анан. Эми ушул кылмыш да жазасыз калчу болсо, алар бизди совсем эле тоготпой калары бышык.
02.07.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектердин чек арачыларына эч бир жаза болбойт кыргыздардын колунан эч нерсе келбейт анткени наше правительство вот так работает результат на лицо они никто и звать их ни как если жаже пойдут разбиратся их на три буквы пошлют куда подальше у нас вот такой авторитет они только воровать и отдыхать умеют за границей
02.07.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин правительстводон умутунорду узуп койгула андан коро алладан жазасын берсин деп сураналы а биздикилер жаш аял алып ырчыларды любовница кылып журо беришет я над ними поражаюсь просто слов нет алар выбор болордун алдында эле оратор болуп иштешет золотые горы обещают потом от них только в телевизоре видишь где то был визитом и у других стран в долг берут вот и все ихняя работа
Модератор admin_superstan түзөттү 02.07.2013 10:18
02.07.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010-жылы укмуш падержка бердиго Отунбаева эжебиз телевизордон Бекназаровдун суйлогонучу кыргыздар эчкимге эчнерсе болгон жок деп ошентип оз элине куйбосо чондор,башкалар ушинтип басынтатда бизди
02.07.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тажик менен озбек тоготпой уйубуздон олтуруп кетип аткандан кийин биз кимбиз?
02.07.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бийликтегилердин баарына Т Ф У деш керек баары токойлор
03.07.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол окуядан кийин Озбекстан чек арасына 20 танка келип турган а биздикинде 4 эле аскер туруптур аран.
04.07.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынакей бизге зар заман, кар заман жана кор заман...Оз улутун, оздорунун жарандарын кордоткон бийликтен эмне жакшылык кутууго болот?! Эгерде журттун камын ойлогон бийлик болгондо мындай кордуктар болмок эмес!!! Бизде жалан гана баканооздор, элдин эсебинен беттерин май баскан, ошол элдин ырыскысын ырылдашып талашып кызыл чеке болушуп олтургандар иштеп олтурганда алардан кайыр жакшылык жок.
05.07.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакытбек акебизбин жайы жаннаттан болсун ал эми ала топучандан такыр адам эмес
05.07.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны бир жансыл кылып, 2 кабат зым тартып койушка кантип акча табылбай калат? Акыркы убак качан караба границадагы чыр чатак. Бир тажиктер м.н, бир озбектер м.н талаш. Мейли, бюджетте акча каралбаса койсун, границага чектеш айылдарга уруксат берилсе, оздору эле тосуп алар, озбек деген балээден алыс болойлу деп.
06.07.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айткан создорум жок го таппай жатас супер?
08.07.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamashovich88,
Саламатсызбы! Сурооңуз түшүнүксүз болуп калыптыр, тактап бизге купуя жазып койсоңуз.
07.07.2013. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урдум ушу бийликти бир жаарытып иш кылганын корбодум.

качан ойлойт булар елдин койгойун.
08.07.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжай еле болсо макул дечи баткендин сох анклабына жакын жашайм ал жерде коп кайталанат.биздин чек ара кызматкерлери которгон куралды елге берсе озубуз чечишебиз ал озбектер менен.биз олтурсок статия койуп камашты билген чондор.аларды жазалай албаса ичинди тырмайт екенсин.ее чон болбой жерге кир.Баяман менен Рысбектин жоктугу аттин.
13.07.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбектер конечно бастырып киришетта анан кыргызстандын границасы ачык жатса жайнап.Аны ойлобогон тигилер эмне кылып жатышат болдукен ех бакыт акебиздин жакындарыга сабыр бер аллах! Жазага тартышсын эми кунөөкөрлөрду антсем ага крг башчыларынын кудирети жетееркен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо