№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
Маданият чөйрөсүндөгү айымдардын жашоосуна көп кызыгат эмеспизби, «аларда машина, үй, баары бар, кааласа чет өлкөдө эс алышат» деп. А бирок эл алдына ай чырайлуу болуп чыккан бул айымдардын кычыраган жашоосунун артында эринбеген эмгек турары шексиз. Назарыңыздарга дал ошол унаа айдаган атактуу айымдардын тизмегин тиздик.
Айчүрөк Иманалиева, «Заманыбыздын супер ырчысы», КРнын Эмгек сиңирген артисти:«МЫНДАЙ УНАА ШААРДА ЖАЛГЫЗ»
– Айчүрөк айым, Бишкектеги жалгыз унааны кандайча алып калдыңыз?
– Мындан эки жыл мурун шашылыш сатабыз деп чыгарышканда дароо алганбыз. Бул үлгүдөгү унаа азырынча Бишкек шаарында жалгыз. Башында көчөгө айдап чыксам көпчүлүк «бизге саткылачы» деп кызыга беришчү. Биз ого бетер кызганып, «эми алдык, сатпайбыз» деп калар элек. Өзүм алгачкы темир тулпарымды алганда катуу автокырсыкка кабылгам, ошондон бери рулга отургандан корком. Дайыма жолдошума айдатам. Анысы аз келгенсип, катуу ылдамдыктан жүрөгүм түшөт, чоң жолго чыкканда ылдамдыкты 100дөн ашыртпайм. Болбосо, жүрөк коёндукундай, калтырап-титиреп кетем.
Кудайга шүгүр, жаңы буюм баары бир жаңы да, машинам бузулуп бир да кыйнаган жок. Өзүм көп техниканы сүйүп көзөмөлдөй бербейм, унаага отурам, жетчү жериме жетем. Бир нерсе жакпаса, болгону, «ай, жыйнап койбойсуңарбы» деп коём (күлүп).
Жылдыз Тутуева, ырчы:«КЕП КЫЛБАСЫН ДЕП РУЛГА ОТУРГАМ»
– Жылдыз айым, эмне үчүн Mitsubishi Space Star үлгүсүн тандагансыз?
– Мен муну канча күн машина базарды таптап жүрүп тапкам (күлүп). Өзүм кара түскө жакынмын. Кызыл, сары деген ачык түстөр көп жага бербейт. Кара түс алда канча сымбаттуу, сүрдүү көрсөтөт эмеспи. Анан көлөмүнө келсек, өзүмө окшогон дебейинби. Өтө чоң эмес, кичине да эмес, орточо.
– Алгачкы жолу качан рулга отургансыз?
– 5-6 жыл болуп калды. Ата-энем «элдин адамысың, эми автобуска түшсөң «Жылдыз минтип калыптыр» деп кеп-сөз кылышат» дегенинен улам рулга отургам. Андан бери, оо, кыйын айдоочуга айландым. Азыр кайра троллейбуска отургум келет, машинада жүрө берип элди көрбөй сыгылып кеттим.
Тулпарымды өзүм эле жууп коймоюм бар, колдон келсе кээде оңдоп да коё берем. Анан дөңгөлөк жарылганда байкуш болуп туруп калам. Эсимде, бир жолу жолдошум Орусияга жумуштары менен кеткен. Унаа токтотуучу жай алыс, эринип дарбазанын алдына токтотуп койгон элем. Күндө жумушка жөнөсөм дөңгөлөгүмдү тешип кетишкен болот. Ушунчалык жаным чыккан ошондо, шалпыйып кошуналарыма барам. Аларды да далай убара кылып жүрдүм.
Бураш, ырчы:«КЭЭДЕ ТАКЫР МАЙ КЕТИРБЕЙМ, ЖӨӨ ЖҮРӨМ»
– Бураш, машинаң менен мамилең кандай?
– Башында анча эмес болчу. Элестетсеңиз, мага бир жерге токтотуу азап эле. Кыйналып ары айдап, бери айдап, ылайыктуу жай тапкынымча карап турган мырзалар «мына сага кыздардын машина айдаганы» деп шылдыңдап киришчү. Азыр бир аз мамилебизди оңдоп алдык.
– Унааң сен үчүн чоңдук кылбайбы?
– Жо-ок, кайра жакшы. Жол, башканын баары ичинен көрүнүп турат. Бир жарым жыл көп нерседен баш тартып жүрүп алган чоң байлыгым ушул унаам болду. Мага ушундай өзү жумшак, ички жасалгасы кооз унаа жакчу, атама да жагат экен. Ошого кошумчасын кошуп Лексусту сатып берди. Анын үстүнө аз эле май жейт же мен аз айдаймынбы, билбейм. Кээде такыр май кетирбейм, себеби жөө эле жүрөм.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бирок кабарчы кыз улам эле "ыхым", "аха" дей береби? Тажап кеттим анын үнүнөн. Негизи аста баш ийкеп, анда-санда гана "үндөп" коштоп туруу туура болот!
emi erejeni buzganynar oshol jerden ele korunup jatat urmatyy ayumdar
Жакында кыздар дерзкий боло баштайт
анан эркектер менен мушташканды уйронот
анан жашоонун акыркылары ушулар болуш керек