Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Күйөрман кыздын көз жашы:«ЫРЧЫ ЖИГИТ ЗОРДУКТАП КОЮП, КОРКУТУП ЖАТАТ»

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Мындан 3-4 жыл мурда редакциябызга бир кыз келип, ырчы жигиттердин сахна артындагы жоругун айтып, абийирин айрандай төккөн эле. Андан бери «кокуй, тиги ырчыны сүйөт элем, күйөт элем, өлөт элем» деген ашынган фанаттардын каттары, телефон чалуулары тыйылбай келет. Бул ирет бир ырчы жигиттин жоругун айтып жаш кыз ыйлап отурду. «Ал ырчынын атын айтпайм» дегенинен окуясын угуп көрүп, кызга атайын адистердин кеңешин да сунуштадык.

«АТЫН АЙТСАМ, АБИЙИРИ ТӨГҮЛӨТ»
-Мен 19 жаштамын. Өзүм Бишкекте төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Борбор калаадагы ЖОЖдордун биринде 1-курста окуп жаткам. Бирок башымдан кечирген окуядан кийин бардык кыялым бир мүнөттө сапырылды, жашоом түгөндү. Ата-энем менен мамилем бузулду, окуумду таштап салдым. Азыр мен максаты жок, үмүтү өчкөн бир кызмын.
Билем, менин жүрөк сырымды окуган адамдар мага болгон сындын баарын айтышат, кайра менин өзүмдү күнөөлөшөт. Муну сезип туруп ушул кадамга барып жатам. Эң жаманы, менин өмүрүмө кол салуулары мүмкүн. Буга чейин коркуп жашынып келсем, эми мага баары бир болуп калды. Баары жарым жыл мурун жылдыздуу, азыр ырлары хит болуп жаткан бир ырчы жигит менен таанышканымдан башталган. Атын атабай эле коёюн, атасам абийири айрандай төгүлөт.

«КЫЗДЫГЫҢДЫ ТИКТИРИП БЕРЕМ, СЕНИ АЛАМ»
-Алгач мен иштеген жерден жолуккан элек. Ал ырчы номеримди сураганда жаман оюм жок берип койгом. Чалышып сүйлөшүп, жөн гана достук мамиледе жүрчүбүз. Бир жолу майрам алдында экөөбүз жолугуп калдык. Анын достору, менин досторум болуп түнү менен майрамдап, таң атарда баары эки-экиден болуп тарап кетишти. Тиги ырчы мага «жүрү, мен сага сонун жайды көрсөтөм» деди. «Отурганда эмне...» деген ой менен аны ээрчий бастым. Аны-мунуну сүйлөп барып бир эшикти ачты, кирсем уктоочу бөлмө экен. «Эмне кылабыз бул жакта, кеттик» десем эшикти бекитип, «эс алып алалычы, уйкум келип жатат» деп жоошутуп койгонунан тынып калгам. Жай сүйлөшүп отурганбыз, бир маалда мени өпкүлөп кирди, мен деле каршылык көрсөтпөй өбүшүп койгом. Анан денемди сыйпалап, диванга жыгып жиберди. Мен коркуп кетип «мен кызмын, тийбе мага, убалыма каласың» дей баштадым. «Эмне болуптур? Азыр кыздыктын кимге кереги бар? Кыздар жатып алып, анан турмушка чыгарда тиктирип алып жүрүшпөйбү. Кааласаң тиктирип берем» деди. Ага болбой чыйпылыктап каршылык көрсөтсөм «Кимге бересиң мага бербегенде? Балким, экөөбүз үйлөнүп калабыз?» деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөп өпкүлөй берди.
Баары бир эркек адам күчтүү болот экен, алым жетпей тепкилесем деле болбой «мен сени алам, баары бир алам» деп эки колумду кармап үстүмдөн басып алды. Аны менен алышып жатып эмне болгонун өзүм да байкабай калдым. Бир убакта ачышып кеткенинен ыргып туруп ыйлап кирдим. «Эмне кылдың?» десем, «тийбедим, сөз бердим го акыры, эч нерсе болгон жок» демиш болуп ары басып кетти. Буга чейин же кимдир бирөө менен жатып көрбөсөм, түшүнгөн деле жокмун эч нерсеге. Калтырап-титиреп эле бир нерсе боло бердим.

«АТЫМДЫ АЙТСАҢ ӨЛТҮРҮП КЕТЕМ»
-Ошентип, ыйлап-сыктап, убакыт кантип учканын сезбей да калдым. Кийин башымдан өткөн окуянын баарын аз-маз ырчылыкка жакын тааныш эжеге айтып бердим. Ал «Милицияга бер, гезитке барып айт. Сен анын акыркысы дагы, биринчиси дагы эмессиң. Ал жигит ырчылыгынан пайдаланып канча кызды зордуктап, кыздыгын алып жүргөндүр. Аны досторунун баары билет. Эч нерсени жашырбай айтып сал» деп кеңеш берген.
Ошондон аз өтпөй мага тиги ырчы жигит чалып «өлтүрүп кетем, сүйгөн кызым менен сенин айыңдан сүйлөшпөй калсам, жок кылам» деп коркутуп баштады. Үйгө досторун жөнөтөт. Алар келип «чёрныйларга дайындап коёбуз» деп жүрөгүмдү түшүрүштү. Өзүм бир алым жок Алланын пендеси болсом, аябай корктум. Мына ошондо жашоомдун мааниси калган жок, канча жолу дары ичип өлөм дедим. Бирок негедир дайыма бир нерсе тоскоолдук кылып коёт. Ортодо мага анын мурдагы сүйлөшкөн кызы чалып «Абайла, ал кыздарды аябай уруп салат. Билесиңби, мени ал канча сабаган? Жолугалы десе жолукпа» деген сыяктуу сөздөрдү айтып ого бетер жүрөгүмдүн үшүн алды.

«КОРКУП ЖАШООДОН ТАЖАДЫМ»
-Болду! Ушунча убакыт коркуп жүргөнүм жетишет! Апама жакын курбум «кызыңыз кыз эмес» деп айтып коюптур. Апакемдин «сендей кызым жок, кечтим» дегенин укканда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келди. Кантсе да апа да, «чындык башкача, бирок аны сен укпай эле койчу» десем кечиримиш болуп койду. Бирок мамилеси такыр суз, бейтааныш бирөөдөй. Эң жаманы, кичинекей сиңдим сыналгыдан тигинин ырларын берип калса «сиздин досуңуз ырдап жатат» деп сүйүнүп бийлеп калат. Аргасыз жылмайып, артты карап ыйлап-ыйлап алам. Ушул тапта мен өлүмдү гана күтүп жашап жатам, адам өлөрүн жакындаганда сезип калат экен. Ырчынын айынан ушундай абалда турам, бүгүнкү күн менен жашап, эртеңкиге эч кандай максат койбой калдым, кантем?
Болгону жаш кыздарга айтар элем, алданбагылачы ырчыларга. Алар биздей эле адам, кээ бири жадакалса бизден да жаман. Арасында жакшысы деле бар, бирок алардын баары бир казанда кайнайт экен. «Ырчымын» дегендерге жолобогула! Бул менин акыркы сөзүм.

Гүлназ

Адистин кеңеши
Юрист Айнура Сыдыкова:«ДАЛИЛДЕШ КЫЙЫН БОЛОТ»
– Убагында укук коргоо органдарына кайрылсаңыз, бул кылмышты далилдөөгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болмок. Дароо эле медициналык экспертиза өткөрүү керек болчу. Азыркы убакта сиз арызды «менин жашоомо коркунуч жаратып жатат» деп жана болгон окуяны жазыңыз. Сизге келген СМСтер жана чалуулар боюнча тактоо ишин жүргүзүүгө болот. Аны ИИМдин кызматкерлери сизден арыз түшкөндөн кийин сурак жөнөтүшөт.

Психолог Нурзада Маямерова:«ӨЗҮҢҮЗДҮ БАШКАЛАРГА САЛЫШТЫРЫҢЫЗ, ЖАШООДОН ҮМҮТ ҮЗБӨҢҮЗ»
– Негизи, көп кыздар өздөрү «повод» беришет. Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт да. Бир чети сиз ал жигиттин жанында жүрүп, өбүшүп аны дүүлүктүрүп алгансыз. Бул адамдын табияты, эркектер дүүлүккөн соң токтоно албай калышат. Аны моюнга алуу керек деп ойлойм.
Гүлназ, азыр сизге жашооңуз урап жаткандай болуп жатат. Мындай окуяга кабылган адамдар көп экенин, сиздин абалыңыз айрымдарына караганда чечим чыкчудай экенин түшүнүшүңүз керек. Интернеттен же башка жактан татаал тагдырга туш болгон адамдар жөнүндө окуп көрүңүз. Өзүңүзгө «күчтүүмүн» деп сөз берип, болуп өткөн окуяга өмүрүңүздүн чоң сыноосу катары мамиле жасаңыз. Бул абалдан аман-эсен чыксаңыз, анда эң чыдамкай адам болосуз. Жашоо муну менен аяктабайт, ошону унутпаңыз. Анан, албетте, психологго кайрылыңыз. Гезитке кайрылып, окурмандарга бугуңузду чыгаргандын өзү чоң кадам. Демек, сиз жашагыңыз келет, жашоодон үмүтүңүздү үзө элексиз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(183)
04.07.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарына озун куноолусун! Кызга кырк уйдон тыюуу деп, бекер айтышбаган да ата-бабаларыбыз!карангыда кангыбай уйдо отурбайсынбы! болоор иш болуптур, эми мындан аркы жашоондо ар дайым ийгиликтер коштосун.Бул алла тааламын сыноосудур!озунду колго алып, калган омурунду бактылуу откоргонго аракет кыл.
05.07.2013. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa Gulnaz ty prekrasno znala chto on chto tvorit...sen iwenchektik kylgansyn owondo anyn kadamyna jol berip,bilem ayaldar alsyz bolot no sen da napsindi tyialbagansyn owondo,birok kiyin iwenichin aktalbady men aga tiem degen....
05.07.2013. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен кыз деген ушундай нерсе болушун прекрасно билгенсинда и Ал бала менен кафеге бардын жалгыз калдыг ,обуштун ,анан после этого эмне болушун куттун элэ и? Сага бар эми уйуно кетебер дейт беле? Дагы уялбай баланы куноолоп койот тообо Саяк журсон таяк жейсин деп койот Куноонун баары бул кыздыр озундо гана деп айта алам
05.07.2013. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулназ жаман комменнтерге конул бурба. Озунду озун карма кучту бол. Сенин тагдырынанда жамандар жашоодон умут узбой жашап келет. Ал ырчыбы же сынчыбы баары аллахтын алдында бирдей жооп берет.
05.07.2013. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулназ неге анын абийирин ойлойсун? "Айрандай тогулот"-деп. А сенин абийиринчи? ушунча айткандан кийин атын деле айтып койсон болмок.
05.07.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolo85, tanges94, гезиттин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Bolo85, эскертүү!
tanges94, 5 күн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 05.07.2013 10:20
05.07.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хаххххххааааа ичимдин эзилгени ааааай хи-хи, кыздарга барган, кыздарды уйуно алып келген ырчы мырзалардын баары мен болбосом экен деп отурушса керек, кийинки санында чыгып элге уят болбосом болгону деп))))))))))) Бирок окуя чындык болсо кыздын озунон башка эч ким куноолу эмес, эркектер табиятынан ошондой деп коюшат эмеспи.Эркектер каалап калганда ага окшош жаш кыз тугул кемпирди зордуктап кетип жатпайбы!БИзде жакшы соз бар эмеспи коп баскан аяк(бут) бок басат деген))))))))))))
05.07.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлназ сен күнөөнү өзүңдөн издеп кордүңбү.Эмне экөөң бир бөлмөгө киргенде дагы акылың эч нерсеге жеткен жокбу.Ошондо дагы каршылык көрсөтүп аракет кылсаң кеч эмес эле да.Эми өлөм дегениңде кимге пайда.Өзгөрүлүп калбайт да баары.А эгер жашоого тоюп,жашагыгың келбей,баары бир болуп жатса анда неге ал ырчынын атын а
05.07.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар, Дайыр, Нурлан,Нурмат,Арсен,Атабеков, Айбек, Гулжигит,Даниэль,ушулардын ичинен болуш керек бири.достор толго салдыртып корбойлубу?
06.07.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW, arsen bolboso eken ooo kudai
05.07.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дайырды ойлоп кеттим негедир
22.04.2014. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokmok1, иляз эмеспи
05.07.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы ырчы болду экен а.....
06.07.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга сабак болду мындан кийин ойлонуп иш кылгыла анан куйарманымын деп еле жабышып албай.анан да ал ырчы жигитке алла жазасын берсин.Гулназ сен антип кайгырганын туура емес алдыга умтул айлананды кара жашоо кандай сонун. Бирок ал ырчынын атын айтып койсон болмок абийри тогулмок уяты жок акмактын.
06.07.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы ырчы ... ким озу алар биздин сахнада таланты барыдп жогуда аралашып 4 сап соз жазып мааниси жок клиптерди тартып алып кыскасы акча менен атактуулукка жетимиш болуп журушот ал акча менде да бар менда барып ырчы боло алам но табигат сени эмне кесипке жолдосо мына ошону тандоо керек оз кесибинден рахат алып а бул ырчылар атактуулука бир тарабы ырчы балдар мына томондогудой татына кыздарды койнуна алып жатуу учун ырчылыка барат
06.07.2013. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
19 jawtagy kyzdy 4ernyilar mn korkutkany emnesi? sen korkpo kolunan e4 nerse kelbeit! 4ernyilar kaira ozun talkalaitko bul iwin korup....olom dep e4 ubakta aitpa,sen ali kooop jawawyn kerek. al zvezdadan o4 alyw onoi, atyn familiyasyn aityp koi elderge zvezdanyn kunu buttu dei ber
06.07.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен аны эмне аяшын керек атын айта озундода бар окшойт деп ойлошот елдер бирок коркпо эчнерсе клалбайт озундун омурунду кыйганча ошонун колунан олуш керек сен анын авирин емнеге аяашын керек а сен чыны ак болсон тушунукту адамга жолугуп бактулу болосун умуту узбо мындан нары озунду таза алып журсон кудай сени кечирет сосуз атын жаря кылышы н керек коркпо эчтеке кла албайт .
06.07.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин азыркы ырчыладын маниси жок ырынын эмнесин суйосунор же келбетинби эжелер карындаштар биздин олкобуздо акчалулардын заманы экенин билесинер го озунорго сак болгула тугандар
06.07.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Да это лож.
06.07.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгондун озунун шору!
07.07.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо- кандай кыйын сынак ээ!!!! кыз аябай кыналып атса керек.... кайсы ырчы экен, ким экенин айтса жакшы болот башка ырчыларда озун кармап калышат эле
07.07.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчыларга дагы нисап берсин кыздын убалына калыптыр
07.07.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым озу кечирсин сенида ошол ырчы жигиттида ырчы жигитти ушул кылган иштери учун тозокто кор болот ал бир гана кйуорман кыздарын емес ошолордун баарын менен зына иш кылган болуп туболуктуу тозокто калат куйот кул болот кулун тозоктогу кызматкерлер кайра жыйнап кайра куйгузот ошентип бир канча убак емес 100 миндеген жылдар куйуп азабын тартат а ушундай еле куйорман болгон кыздар деле ошолорду суктанып карагандыгы учун аларда коз менен ой менен зына кылган болуп есептелет тозокто куйот
07.07.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыздар кылгылыкты кылып койуп анан акырында окуносунор селерге Жаратканым акыл берген ойлонуп иш кылсанар болмок ким койду селерге таанышууну ошондон коро намаз окуп илим алсанар болмок майрамда жолугуп калып депсин сен мусулман болсон кайсы майрамды айтып жатасын биз Кыргызбыз биз Мусулманбыз биз ен биринчи Адам атанын балдарыбыз сага ким койду майрамдашты ошонон коро ойлонуп хиджаб кийип илим алып акыретке даярдык корсончу 19жашта екенсин канча жылдык каза намаздарын бар ошолорду окугун
07.07.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулназ сиз отконго окунбостон дин жолуна тушуп Алланын окумун аткарып жашоодон умут узбой жашаныз дуа кылыныз мандайга жазылганды дуа кана озгорто алат.
07.07.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кудай озу билет
08.07.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир окуп жатканда эле "Бакыт байрагын" ырдаган "Арсен" оюма кылт дей түштү.
08.07.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kanat4ik, эмнеге Арсен
08.07.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turgunbek,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
Азырынча эскертүү, кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз!
24.07.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен медик болсом озумдун каалом менен тандап алам кесибим ырчыларда куруучуларда баары бирдей адамбыз озундун тарбияан жок бекем кармай албасан депутат деле таксист деле ош базардагы иттер деле жетелеп кетет байкуш ырчылар алар маданияаттын адамдары ойумча ар кимди еле баса калбайт сендей кыздарды мен еркек дегендин баары еле созго тартып ошол ойго тартмак сендей кыздар Нурлан Нурмат Дайыр емес еркек аттуу ырчыларда 1 емес 3 4 5 тен бар болуш керек
14.08.2013. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечигип окусамда кичине тушунук айтып кетейин Астахфирло сиз олсом кутулам дебен олумго дайар болуп жашаганга арекет кылын аркы дунуодо жалган айтып ушунча элдин ой пикирине да жооп берес а эмнеге ачыгын айткан эмес? ЕСЛИ баары чын болсо ошол ырчынын озунун канынан жаралган кызыда чонойот ошондо Аллах ырчынын козун тазалайт Аллах баарыны коруп турат сабыр кылында Ата Эне бир туугандар менен ынтымакта болушту дуба кылып Аллахтан суран
17.11.2013. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колумдан келсе ошондой еркектердин алигисин кестирип салмакмын
12.12.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА ТААЛА ар бирибизге ыйман берсин ар ким оз жазасын да сообун да алат аркы дуйнодо АЛЛА калыс

1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо