Гүланда:«АЙБЕК МЕНЕН ЫНТЫМАКТУУ ЖАШАП ЖАТКАНЫМ – МЕНИН ЖЕҢИШИМ»

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

«Чыгармачыл адам менен түтүн булатуу ары сыймыктуу, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү. Алардын жашоосуна көнүп, дүйнөсүн түшүнө билген адам гана үй-бүлө очогун тутантып кете алат»,- дейт Гүланда.

– Саламатсызбы, Гүланда? Бала чоңойтуп, үй-бүлө түйшүгүн тартып жаткан убагыңыз эмеспи. Кызыңыз, уулуңуз канчага чыгып калды?
– Саламатчылык. Раяна, буюрса, август айында төрткө чыгат. Уулубуз Молдомуса бир жашта. Кызым атасынын жанынан чыкпайт. Айбек жумушка баратса, бутуна жабышып алып кетирбей, кыйкырып ыйлаган боюнча калат. Анан дүкөнгө алпарып таттуу сатып берип, араң алдайбыз. Учурда эмизгенгеби, балам мага жакын. Курсагы тойсо болду, момпоюп жанымда отура берет.

– Айбек мырза менен махабат оту тутанган күндөрдү эстей кетпейсизби?
– Ооба, Айбек экөөбүздү ыр дүйнөсү табыштырган. «Айбек байке» деп кайрылчумун да ага. Жубайы болуп калам деп эч ойлобоптурмун. Мырза катары мага кам көрүп, жакшы мамиле жасап, сүйүүсүн сөз менен да, ырлары аркылуу да билдирип жүрдү. Бирок мен катардагы эркектердин бири деп айткан сөздөрүнө ишенбей жүрдүм. Ошентип, беш жыл дегенде макулдугумду бергем.

– Үй-бүлөлүү мырзадан сунушту кандай кабыл алдыңыз?
– Мени сүйөрүн, сыйлаарын, өмүр бою бирге болорубузду айтып убада бергенде, сунушту кабыл албаска айлам жок болду. Анын үстүнө менде дагы ошол кезде Айбекке болгон жактыруу сезими бар эле. Албетте, анын мурунку турмуштарынын бузулганына кейип жүрдүм, ошол эле учурда туура түшүнгөнгө аракет кылдым. Адам деген робот эмес да, программанын чегинен чыкпай иш кылган. Жаңылат, жазат дегендей. Маңдайыма Айбек жазылыптыр, экөөбүз турмуш курдук.

– «Турмушка чыга элек кыз үй-бүлөлүү адамга тийип алды» деген сыяктуу сөздөр айтылары анык. Мындай кептерден кантип чыктыңыз?
– Турмушка чыга элек, бойдок кызда ажырашкан, балдары бар адамга турмушка чыгуу тууралуу ой болду дейсизби? Убагында аркамдан чуркап, баш кошуу сунушун киргизген жигиттер көп эле болчу. Ошолордун биринин бактысы болсом деле болмок да, чынында. Турмушка жаңы аттанып жатканда кооптонуу болбой койгон жок. «Маңдайыма ушул жазылды беле, мындан аркы жашоом кандай болор экен?..» деген ойлор курчап турду. «Буюрганын көрөрмүн, ушул адамга башымды байладымбы, ысык-суугун, жаман-жакшысын бирге көтөрүшүм керек» деп жакшылыкты гана ойлоп турмушка кадам таштадым.

– «Үй-бүлө курган соң сүйүү мурункудай ысык болбой калат» дегенге кошуласызбы?
– Бул сөзгө каршымын. Үй-бүлө курган соң сүйүү, тескерисинче, күч алат. Бири-бириңе жан тартып, кайгысын, кубанычын тең бөлүшөсүң. Кыз-жигит кезде кандай эркелеткен сөздөрдү айтсаң, үйлөнгөн соң эки эселеп эркелетип баштайсың. А балдарга болгон сүйүүнүн орду башка.

– Бизге бирөө «Айбек Карымовду абдан кыз жандуу деп угабыз. Эми Гүланда менен ажырашып, төртүнчү аял алат экен деп уктук. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билип бериңиздерчи?» деп кат жазган экен...
– Ий, дагы аял алган жатыптырбы?! Кудай сактасын андан. Эми төртүнчүсүн алса, кандай жашоо болот, билбейм. Айбек «Гүкү, Кудай сени маңдайыма жазбаганда кандай болот эле? Мен абдан ыраазымын. Кудай бизди кошту, эми экөөбүздүн бирөөбүздү алып кетпесе эле, ажырашпайбыз» деп бактылуу эле болуп жүргөнүн көрөм. Андыктан андай жолго барбайт деп жүз пайыз ишенем.

– Жолдошуңуздун мурунку турмуштарынын бузулганына эмне себеп деп ойлойсуз?
– Эмне себептен ажырашканына кызыкдар болуп, Айбектен сураган да эмесмин. Өттү-кетти ал иш. Жолдошумдун жашоосунун өткөн чагы мени кызыктырбайт. Чогуу жашабай калышты, демек, тил табыша алышкан жок. Муну менен Айбекти сүттөн ак деп ага болушуп жаткан жокмун. Күнөө бир эле кишиден кетпейт да. Ар бир адамдын жакшы-жаман жагы болот. Эң негизгиси, учурда ал мени менен жашайт. Сүйүктүү өмүрлүк жар, балдарынын камкор атасы. Бул үчүн мен өзүмдү да басынтпайм. Анткени атайын кылган жокмун. Учурунда Айбекке «эч качан мен үчүн үй-бүлөңдү таштаба!» десем, «жоок, мен баары бир жашай албайт окшойм» деген эле. Айбек менен ынтымактуу жашап жатканым – менин жеңишим.

– Экөөңүздөр тең эл көзүндөгү адамсыздар. Көрө албастык кылып ортого бүлүк салгысы келгендер болгонбу?
– «Айбек менен Гүланда урушуп, ажырашып кетишиптир» деген сыяктуу сөздөрдү чыгарып, биз жаңы үйлөнгөн кезде бактыбызга балта чапкысы келгендер кездешти. Мындай кептерди угуп, айласыздан күлүп тим болчубуз. Азыр эми бактылуу жашап жатканыбызды көрүп, андай ушак-айыңдар басаңдап калды.

– «Айбек Карымов Гүланданы кезиктиргенден бери жакшы кийинип, өзүн жакшы алып жүрүп калды» дешет...
– Ээ? Дешсе жакшы экен, ошондой эле болсун (күлүп). «Аял жакшы – эр жакшы» деген кеп бекеринен айтылган эмес да. Чынында, жолдошумдун кийими ар дайым өзүнө жарашыктуу, таза болушуна кам көрөм. Кийимди дагы өзүм тандап берем.

– Убагында Айбек байкенин апасы сиздердин бирге болушуңарга каршы болуп жүргөн. Андан бери мамилеңиздерди түздөдүңүздөрбү?
– Төрөгөн энеси менен жолдошум өзү деле катышпайт. Мен дагы тааныбайм. Анткени ал киши кайнатам менен ажырашып, Айбек кичинекей кезинде чоң энесине таштап кетиптир. Чоң энеси каза болгон соң кайнатамдын экинчи аялы чоңойтуптур. Мен ошол кишини кайненем деп билем, ага абдан ыраазымын.

– Өзүңүзгө сын көз менен карап, жакшы-жаман сапаттарыңызга баа берип турасызбы?
– Албетте. Өзүмдүн кемчилигимди сезе билем. Бирок бирөө мага кыйынсынып акыл айтып, жок жерден кемчилик таба турган болсо, андай сындарды кабыл албайм. Апам, бир туугандарым, жакын адамдарым менен гана кеңешем.

– Үй-бүлөдө түшүнбөстүк чыгышына ким көбүнчө себепкер болот?
– Бизде чынында урушуп-талашканга көп деле убакыт жок. Айбек эртең менен жумушка кетип, кечинде келет. Майда-барат уруштар болуп турат, жипке тизгендей жашаган ким бар экен? Мисалы, мен жумуш кылып жатканда «баланы карап турчу» десем, телевизорго алаксып бала жыгылып кетет. Анда мен «карап тур дебедим беле!» деп нааразы болом.

– Үй-бүлөлүк майрамдарды кандай белгилейсиздер?
– Экөөбүз тең чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан, майрам, туулган күн болбосо деле үйдөн конок үзүлбөйт. Жоро-жолдоштор келишет. Ак дасторкон үстүндө чайлашып, жылуу сөздөрдү сүйлөшүп отурабыз дегендей. Айбектин туулган күнү жайында. Андыктан көбүнчө жаратылыш коюнуна чыгабыз. Ал эми менин өздүк майрамым 8-мартка туш келген. Кош майрам болгондуктан, кафеде өткөрөм жыл сайын. А балдардыкын болсо үйдөн эле майрамдап коёбуз.

– Бала кезге көз чаптырып өтсөңүз...
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, абдан жоош, таарынчаак кыз болчу экем. Бир жолу апам конокко ээрчитип барат. Кичинекей балдар менен ойноп жүрүп, бир маалда апама ыйлап келиптирмин. Чочуп кеткен апам «Гүкү, эмне болду, ким урду?» десе, «эч ким урган жок, эшиктеги ит мени жаман көзү менен карап жатпайбы» дептирмин. Ушул окуяны эстесем эле күлкүм келе берет. Ал эми мектепте жалаң «5ке» окуган активист болчумун.

– Сүйүктүү жар, эки баланын энеси болсоңуз да, сулуулугуңузга суктанып тийишип өткөн жигиттер четтен чыкса керек. Аларга кандай жооп кыласыз?
– Андайлар толтура. Кээ бири адамча «Гүланда, кандайсың?» деп ал-акыбал сурап учурашышат. Кээ бири жөнү жок тийишип өтүшөт. Андайлардан унчукпай эле кутулам.

– Маегиңизге рахмат. Бактыңыз бөксөрбөсүн.
– Сиздерге да рахмат.

Асел Асанова
star@super.kg


Гүланда: "Айбекти идеалдуу адам деп айта албайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(46)
01.07.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсимде, бир кезде гезиттен Гуланданын интервьюсун окуган элем. Журналисттин Айбек экоонун ортосундагы ушактар тууралуу суроосуна: „Керек болсо Айбекти тряпка да кылбайм” - деп жооп берген эле. Бироону душманым деп кас тутпа, бир кун келип дос болуп калышын мумкун. Бироону жакынмын деп дос тутпа, бир кун келип кас болуп калышын мумкун - деген таасын айтылган соз бар эмеспи!
01.07.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, ооба да, мен да гезиттен окугам. Тамаша-торго салынып жатканын билбеген Гуляндахон, ачуу менен "Айбекти тряпка да кылбайм" деп жооп берген экен.
01.07.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымовдун мүнөзү оор, кала берсе, кыз өтсө кылчайбай өтө албаган мырза катары сезем. Ошого Гүланда көп нерсесин жашырып, чыдап жашап келсе керек деп ойлой берем.
01.07.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сени маңдайыма жазбаганда кандай болот эле? Мен абдан ыраазымын. Кудай бизди кошту, эми экөөбүздүн бирөөбүздү алып кетпесе эле, ажырашпайбыз» деп балким сизден мурункуларына дагы айткандыр ким билет?
01.07.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мурун жакчу бул кыз,азыр жакпайт уч баласы менен аялын таштап ушуга уйлонгондон кийин озунчо эле экоонуу тен жек кором,неге дегенде Айбек ака аялы менен жашап жургон эле убакта Жалал Абадка тойго ырдаганы келишип Бишкеке жеткиченди кучакташып эркелешип барган экен,иним алар менен чогуу Бишкеке барган экен кийин интервьюсунда Айбек акани бир тууган агамдай кором деп чыккан эки жуздуу.
01.07.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg, балдарын таштап ушуга уйлонгонуно экоону тен куноологонго болбойт го дейм муну тагдыр,бешене деп коет.Кудай бешенесине жазган демек.Бурул менен ажырашканы да жон эместир.«Жакшы аялдан эркек кетпейт» деген соз бар.Демек куноологонго болбойт.Мага деле Гуланда жакпайт бирок жеке жашоосу алардын жашоосу ага кийлигишкенге биздин акыбыз жок.Андан коро чыгармачылыгын талкууга алалы.
02.07.2013. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, Мен жеке оз ойумду жаздым талантын баалайм,бирок булар экоо бактылуу уч балага жалко ичим ачышат ,журогум ооруйт,Гуланда озун ошол аялдын оордуна уч баласы менен койуп элестетип корсунчу,мейли жаман болсун бир бала кезде же баласы жок кезде ажырашып кетсин бей куноо наристелерге боорум ооруду.
01.07.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg, туура айтасыз мен да тагдыр да деп озумду алаксытсам деле болбой жек кором, анын устуно озу да карып кетиптир.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.07.2013 10:26
03.07.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abaychik, Оба тура айтасын мен ойлогом айбектин жанында жаш корунсо керек деп кары эле корунуп калыптыр. мен таныбаптырмын бул ким деп
01.07.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх достор не кыласынар, эн негизгиси бактылуу жашап жатышыптыр мындан ары да бактылуу болушсун, баардыгы аялдан зависит дегендей Гуланда мыкты экен
SUPER.KG видео
01.07.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шпаклёвка шумдук го!
02.07.2013. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En negizkisi nariste aman bolsun,ata-enesinin mandaiynda!
02.07.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымов ОЗУ ырдап жургон кезде жакшы ырларды жаратчу. Гуланда экоо ырдагандан берки ырларынын бири да жакпайт,мааниси жок. Карыган эле кишинин суйуп калдым деп,капюшонун башына кийип ырдаганычы.
05.07.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisarbek,коментинизди окуп алып хахаха))))))
02.07.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси ортосунда ак нике бар,балдай ширин балдары бар.Силерге не башынарга балта чаап жатышабы?Эмне кыласынар жакшына жашап жаткан уй-булоону жамандап,куноого батып.Жазат десе эле ар нерсени оттой бересинерби.Уят силерге!
02.07.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. айбек мырза убагында оо жылдызы жанган. Оой ииий деп ырдап чыгып, аны кантип таналы. Уй-було ортосунда чыр, тушунбостук ажырашуулар болот. Анын баарына бир жакты эле куноолоп жатып калган болбойт. Айбек мырза эми ушуну менен токтосун!
02.07.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гуланда аябай жакшы эже.
02.07.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кызым атасын катуу сагынат" дейт эжебиз. А бирок анын мурунку никедеги балдары атаны ошентип сагынаарын билет болду бекен? Кызын алардын ордуна бир мунотко коюп корсо...
02.07.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул Бурул менен ажырашты пикир келишпестик болуп,андан мурункусу мененчи?!Дал ошол Бурул менен бирге иштешип журуп биринчисин таштап Бурулга кетбеди беле.....Эмикиде Гулянда менен ажырашып, башкасына кетсе кантээр экен,аталап кундо жумушуна ээрчиген кызынын ордуна кундошунун кызы аталап турса,буга ызааланбай эле коюш керек.Анткени Гуляндада балдарынан атасын тартып алган,бир кездерде.Бурулда тартып алган дал ошондой кылып.....
02.07.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура бироонун кайгысына бакыт кура албайсын дейт го...
айбектин балдары аябай коп болсо керек.
ар кимиси оз ырыскысы менен апалары менен бар болушсун.
03.07.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy eken.
03.07.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон эле кишиге тийген тура эмес озуноон чоон корунот. кийинирек айбек чал болуп калганда барибир сен аны таштап кетесинда жаш жигитерге
03.07.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба Айбек идеалдуу адам эмес анткени ал сенен чоон озунду жаш жигитердин жанында элестетет экенсин
SUPER.KG видео
03.07.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
besh kokulun jarashyp, jugoru maka deit, baike debei taeje deit. sozdorumo tuwunboson karyndashym chyn jurokton barybir...
04.07.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм барып барып эле баардык нерсе материалдык абалга такалат даааа...Коооп кыздар эркектердин материалдык абалына карашат, мейли ал чал болсун башка болсун...Айбек мырзаны ырчы катары баалайм,ал кишинин ар бир ырында озунчо бир терен ой-толгоолор жатат эмеспи,ошондуктан да бул инсандын мунозу татаал болуш керек жа ошого байланыштуу уй-булолук абалы туруктуу болбогондур...Эч нерсе болбойт дагы кыз алса, эмне Бурул айым чыдаган нерсеге Гулянда чыдай албайт бекен ;)))
04.07.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
05.07.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун жашоосуна кийигилишпей ар ким оз жашоосун ойлосо жакшы болмок атсан эле ушак боло берет Бактылуу болгула!!!
06.07.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. Бирок апасы менен катташпаган бала кантип журогу жарылбай журот билбейм
07.07.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт,омур,ден соолук
14.07.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!!!
SUPER.KG видео
21.07.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец жакшы апа,суйуктуу жар болгону корунуп турат.баарына чыдап акыры суйуулору кучтуу экен,кандай гана ушактар ээрчиди ээээ
14.02.2014. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун кайгысына бакыт курган жакшылык корбо ГУЛАНДА.
15.03.2014. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун коз жашына бакыт кура албайсын деп коет го,балдарынын убалы деле бар да,кандай болсо да бактылуу болушсун!
SUPER.KG видео
22.05.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гуланда мага ырларын аябай жагат дегеле сахнага жарашасын он келбетин фигуран бут келишип туратчыгармачылыгын оркундой берсин татнакай ширин кызын бар экен ананайын бактылуу болсун
SUPER.KG видео
22.05.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гуланда жанагы жар жар ырындын обону дагы созу дагы соонун экен озун дагы жеткиликтуу ырдаптырсын мен ушул ырды уккум келет биздин дагы балдарыбыз чоноуп турат эгер тойго чакырсам келип ырдап бересинби сага ийгилик бактылуу бол.
SUPER.KG видео
22.05.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашап жаткан ак оргонду уч этаж кылып салыптырсынар ары отуп бери отуп коргондо ушундай мыкты жашоосу бар го деп суктанам малодец уйду дагы ырды дагы алып журо бергиле баарына жетишип оокат кылып жаткан силерге данк.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо