№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
Учурда жаштар арасында популярдуу болуп жаткан «тамашоучу» жигиттерди кыздар биринин артынан экинчиси илип кетип жаткан чак. Кыздар, шамдагайыраак болбосоңор, ал жигиттерден кур жалак каласыңар. Мына, «Ак кеме» командасынын капитаны Жаныш сүйлөшкөн кызы Мээримге нике шакек салып коюптур. Ал эми ошол эле командадагы Эркин, «KG 77» командасындагы Кубаныч менен Рүстөм да өз түгөйлөрүн таап бактылуу экенине сүрөттөр далил. «Тамашоучу» жигиттерди жандаган бул сулуулар турмушка чыкса өмүрү сөзсүз узун болорунан шек жок. Көп жашагыңар келсе, аракетти эрте баштап, жигиттерди кайырмакка илгиле, кыздар!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |