№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 18-21-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий комплексинде «Мейкин Азия» аталышындагы эл аралык сынак өтөт. Фестивалга 20 чакты Азия, Европа өлкөсүнүн алдыңкы ырчылары, андан сырткары Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай, Япониянын эстрада жылдыздары катышмакчы. Учурда фестивалга катышуучуларды тандоо туру жүрүп жаткан убак. Аталган музыкалык сынакка Кыргызстандан 10 аткаруучу катышат. Сынактын жүрүшү тууралуу сиздерди кабардар кылып турабыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |