Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮ ТАШ БАРАҢГА АЛА ЖАЗДАШТЫ

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Оң көзүң сол көзүңө душман болуп турган заман башыбызга келди белем, күн өткөн сайын коомчулукта адамдын үрөйүн учурган окуялар байма-бай катталууда. Анын бири жакында Нарындын Ак-Талаа районунда катталды.

«МЕНИ АЙТТЫ ДЕБЕ»
Редакциябызга Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир зөөкүр наристе кызды зордуктагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуяны толук иликтөөнүн өзү эле азап болду. Себеби тиешелүү адамдардын жооп берүүдөн качкандыгында.
Каргашалуу окуя туур алуу көздөрү көрүп, кулактары угуп турса да «лам» деп ооз ачпай, көрсөтмө бербей, иликтөө иштерин оорлоткон адамдар канчалаган көрүнүштөрдү сыр бойдон сактап калды дейсиз? «Бир айыл, бир жерде турабыз, мурун-кийинбет карашчу, бир булактан суу иччү тууган-уруктарданбыз» де- ген менталитет айрым учурда адам тагдырына залакасын тийгизет. Аттарын жашырып, «мени айтты дебе» деген күбөлөрдүн ойло- руна бир аз болсо да саресеп сала кетүүнү туура көрдүк.
Кылмышка шектүү делген Бабатай Сыдыков жабыр тарткан кыздын аталаш агасы. Укук коргоо органдары шектүүнү камакка алган соң анын туугандары «зордуктаган жок, мас абалында болгондуктан, зордуктоого аракет гана жасаган» деп кылмышын жеңилдетүүгө аракет кылышты. Бирок кыздын энесинин туугандары каршы чыгып, окуя тергөө
иштерине өткөрүлгөн. Ал эми наристе кыздын атасы кырсыктан кабардар болгон соң инсульт болуп жыгылган.

«АЙЫЛ ЖАШТАРЫ ТАШ БАРАҢГА АЛАБЫЗ ДЕП ЧОГУЛУШТУ»
Окуяга күбө болгондордун бири, кылмышка шектүүнү кармап алган Баетов айылынын тургуну, ИИМдин ардагери АЙДАРКУЛ САТКЫНОВ бизге буларды айтып берди:
– Окуя 18-июнь күнү таңкы саат 5:30-6лар чамасында болгон. Биз окуя болгон үйгө коңшу турабыз. Кылмыш жасаган Бабатай Сыдыков ал күнү мас абалында жүргөн. Ал эми жабыр тарткан наристе кызды апасы абысынына карап турууга таштап, өзү башка жакка кетиптир. Абысынынын жолдошу каза болуп, үйүндө мектеп жашындагы кичине 2 кызы менен жашачу. Демек, үйүндө коргоого ала турган эркек киши жок экендигин тиги билген да. Бабатай жабырлануучу кыздын жакын тууганы болуп кетет.
Ошол күнү таңга маал кошуна келин «кайним мас болуп келип ызычуу чыгарып жатат» деп жардам сурап эшигибизди каккылап калды. Үйгө кирип барганга эч кимибиз даабай турдук. Үйдө абысынынын наристе кызы калганын айтканда Бабатайдын колунда бычак бар экенин эскерткенине карабай үйгө кирип бардым. Кирсем, наристе отургучта ыйлап жатыптыр. Катнашка барган-барбаганын билбейм, бирок ар кай жер канга булганып, үй чачылган экен. Кылмышкер колуна бычак көтөрүп үйгө кирип, келиндин эки кызын да сабап, дубал сүздүрүп, кылбаганды кылыптыр. Кандын тактары ошондон деле калышы мүмкүн. Сыдыковду колго түшүрүп, колун толгоп, укук коргоо кызматкерлери келгиче кармап туруп милицияга өткөрүп бердим. Кылмыш жасаган адам 1989-жылы туулган. Менин билишимче, үй-бүлөлүү болсо керек. Ал эми жабыркаган кыз болжол ме- нен 5 жарым-6 жашар. Азыр ал кызды апасы Бишкекке алып кетиптир. Окуя болгондон кийин айылдан жаштар кыймылы түзүлүп, «кылмыш кылган баланы эл алдына салып бергиле. Таш бараңга алып, ачык сот кылабыз. Эл алдында жазалайбыз!» деп 100гө чукул адам чогулду. Айыл аксакалдары балдарды кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууларына чакырып, мыйзам ал- дында жазаланышы керек экенин эскертип тараттык. Бечара кыздын тагдыры жөн жерден талкаланды. Аны апасы колунан келсе такыр башка жакка алып барып чоңойтуп же башка бир чара кылбаса, психикалык жактан жабыркап калды. Мен түшүнүп турам, азыр анын тагдыры абдан оор абалга туш болду.

«ПЕДОФИЛИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ ӨЗҮ?»
Бул кылмыш боюнча толук маалымат алуу максатында 21-июнь күнү Нарын ОИИБинин маалымат кызматына байланышуу мүмкүн болгон жок. Барсам, кабинети жабык. Анан ОИИБинин жетекчисинин орун басары Махабат Жумаевге байланышканымда, ал кылмышка шектүүнү колго түшүрүп, Нарын шаарындагы СИЗОго камашкандыгын маалымдады. Кылмыш ишин карап жаткан Азат Белеков аттуу тергөөчү экенин, бирок ал күнү тергөөчү Нарын шаарында жок экендигин, дүйшөмбү күнү кайрылуумду өтүндү.
Ал күн да келип, бирок тергөөчүгө байланышуу мүмкүн болбоду. Айла кеткенде кайрадан Махабат Жумаевге байланышууга аргасыз болдум. Ал «тергөөчү Белеков 5 күндүк кыска мөөнөттөгү өргүүгө кеткен.Келип, каалаган тергөөчүгө жолуга бер, маалымат беришет» деди. ОИИБинин кеңсесине барып, нөөмөт кызматындагы милиция кызматкери менен чогуу тергөө
бөлүмүнө бардык. Бөлүм жетекчисинин кабинети жабык экен, дагы бири «бошобой жатам» дейт. Ошентип жүрүп акыры бир тергөөчүгө жолугуп, «Ак-Талаада катталган педофилия боюнча ким иш алып барып жатат, маалымат берип коёсуздарбы?» деп кайрылсам, ал «педофилия деген эмне өзү?» деп оозумду Ошту каратса болобу?! «Кантип эле билбесин, тамашалап жатат го» дейин десең, ага окшошпойт. «Тобо-о!» деп айла жок кетүүгө аргасыз болдум. Андан соң тергөөчү Азат Белековдун телефон номерин таап чалганымда, кимдир бирөө алып, «ал жок, бир аздан кийин байланышкыла» деп коюп койду. Кийинки коңгуроолорума «телефон өчүрүлгөн» дегенден башка жооп ала албадым. Кылмыштын бетин аччулардын «жоопкерчилиги» ушундай болсо, жабыркагандардын көз жашы тыйылбай, жан дүйнөсү өрттөнөрү бышык.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(38)
01.07.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш баран эн адилеттуу сот
01.07.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таш баранга алса жакшы болмок. Качанга чейин байкуш наристелердин жашоосу бузулуп,психикалык жактан жабыркашат?! Кудай сактасын! Статистика боюнча да педофилиядан жабыркагандар кобунчо алардын тууганы,кошунасы, таанышы болуп чыгышат экен. Андыктан наристелер гана эмес, чон кишилер да сак болушубуз керек!
01.07.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Педофилдерди таш баранга алып олтуруп салыш керек...Болбосо мыйзам жардам бербей калдыгоо.
01.07.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш баранга алып салышса болмок, кийинки ангилер кол саларда ойлонуп мындай кадамга барбашы учун. Бир эл, бир жерденбиз деген соз буга окшогон мыкаачыларга жарашпайт. балдарын жалгыз таштап басып кетчу эне соройлорго жиним келет. андай алкаш бар экенин билген сон абайласа болмок
01.07.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
столбага танып койуп кокурогуно очпой турган педофил деп жазып ташбаранга алып анан олбосо милицияга откоруп бериш керек эле.
01.07.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alievna.1989, рахмат!
Катачылык түзөтүлдү.
01.07.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындайларды ташбаранга алса, башка кылмышкерлерге сабак болот эле. Азаматсынар, жаштар, мындай нерселерге кайдигер болбогонунар.
01.07.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин да ушул куракта кызым бар, ушундай окуяны укканда журогум зыркырайт, элестетип алып. Адам сымал айбан туугандын барынан жогу. Эмнеге жаап- жашырышат, эптеп чыгарып алышса, мындай окуя кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат. Наристе кыздын убалы уктатпасын!
01.07.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tash baranga alysh kerek antkeni kundon kungo koboiup baratat!!! Narynda pedofiliyany bilbegeni tan kalywtuu dele emes! Sot akyikat chechimin chygarsyn para albai ele , alardynda naristrleri bar mandaiynda! Kyrgyz kalkym japaiychylykty jogotolu Chet elge jaman jaktan taanylbai , jakwy sapattarybuzdy taanyly
01.07.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, рахмат!
Ката кеткен, түзөтүлдү.
01.07.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Педофилдерди ташбараңга кылып,эл алдында жазалаш керек.Же бычып коюш керек.Наристелерге экинчи жолобой турган кылып.жазаны күчөтпөсө булар кылмышын токтотушпайт!
02.07.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tash baranga alganda bolmok,negizi ele oshentip jok kylysh kerek,bashkalary korkup kalmak da.
02.07.2013. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш баранга алса ошол чыныгы элдик сот бллмок экен, андай адамдар ошого татыктуу.
02.07.2013. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таш баранга алганы туура эле болмок, жаштардын заманы азыр. мындайлар кобойуп баратат, эл озу чара корбосо, чиновниктердин мыйзамы кыйратып деле иштеп жаткан жери жок.
02.07.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атып салыш керек мындайларды!
02.07.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар кобойгондон кобойуп кучонгондон кучонуп баратат эгер мыйзам акчага сатылып бул иштердин арты тыйылбаса эмне болот ойлонолучу, менимче конулдуулор тобу тузуп жок дегенде катуурак коркутуп койуш керек кыздардыле андыбастан ушу макоолорду карашса болмок же жаш наристелердин омуру, ден соолугу оюнбу
02.07.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bundai zookurlorgo emne dep aituunduda bilbeisin
03.07.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик сот кылып жазалаш керек мындайларды
03.07.2013. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын укугун коргой турган кучтуу мыйзамдар керек.
03.07.2013. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
али да кеч эмес ал адамды эл алдына алып чыгып жазоолого
03.07.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жок таш барнга алган аларга женил сезилип атат мага аны биринчи ошол жерин ысык шиш менен куйкалап анан денсиндеги баардык тукторун бирден жулуп тырмактарын тубу менен сууруп алып ар бир муундарын тетир кайрып анан уч кун башын ылдый каратып асап туруп таш баранга алыш керек бирок бул да андайларга аздык кылат
05.07.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озун баарыбызга ыйман бере кор!!! Кантип гана колу барды,ойлонгум да келбейт. Бир келген жашоодо кичине абийирдуу болуп, акылга келеличи!!!
05.07.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш баранга алуу адилеттуу жаза
05.07.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми аны турмодо жок кылышат
06.07.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш жалко(окко). туну жыга чаап туруп ,куноосун кагазга жазып оозуна тыгып коюш керек.
07.07.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куносууу толук денгеелге чейин чечилмейин сайын таш баран кылып оздору соттогон болбойт
07.07.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УШУНДАЙ БИЙЛИКТИН БАРЫНАН ЖОГУ ЖАКШЫ,ЖЕГИЧТЕР,Т Ф У У У У силерге.
А айбанды' уйуно камап орттоп салсада болмок.
07.07.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент сизге кайрылат элем тезирээк мындай кылмыш кылгандарды бычып салуу жазасын законго киргизсениз.Баарыбыздын балдарыбыз кыздарыбыз бар,ушундай окуялардан кийин кантип тынч уктайбыз.
07.07.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оперлер да жазасын алышса экен, жакшы тергоо кылбаганы учун.
07.07.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш бараң эмес ок бараңга алыш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо