№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

«ПОЧТА МЕНИ СОТКО БЕРЕ АЛАБЫ?»
– Мен почта кызматкеримин. Жакында иш учурунда менин шалаакылыгымдын айынан 30 миң сом акча уурдалып кетти. Жетекчибиз мени урушуп, милиция чакыртууга тыюу салды. Анан мени зордоп «30 миң сомдун ордун толуктап берем» деген тил кат жаздырып алды. Бул акчаны төлөп берүүдөн баш тартып жатам. Жетекчи болсо «сотко берип, соттотом» деп коркутууда. Эгер почта мени сотко берсе, мен кандай жаза алам? Же милицияга кайрылып, арыз жазсам, акча төлөбөй кала аламбы?
Динара, Бишкек, 27 жашта
– Акча уурдалар замат милицияга арыз жазуу керек болчу. Сиз жазып берген тил кат боюнча мекеме сизди сотко бере алат. Бирок эми да кеч эмес, милицияга акчанын уурдалгандыгы жана жетекчиңиздин зордоп тил кат жаздыргандыгы тууралуу арыз жазыңыз. Бирок зордоп жаздыргандыгын далилдеп беришиңиз керек, муну сот карап чыгат.
«ЗЫЯНДЫН АКЧАСЫН КИМ ТӨЛӨЙТ?»
– Жакында эле Бишкектин бир көчөсүндө баратып, ачык турган люкка түшүп кетип, катуу жаракат алдым. Башкача айтканда, колум чоң тилинип, бутумдун сөөгүнөн жарака кетти. Дарыланганга убакыт да, акча да короду. Эми кимди сотко берип, келтирилген моралдык жана материалдык чыгымды өндүрө алам?
Замирбек, Бишкек, 30 жашта
– Сиз түшүп кеткен люк кайсы муниципалдык мекемеге тиешелүү экенин биринчи билүү керек (мисалы, «Бишкексууканалы», «Бишкекжылуулук тармагы»). Андан кийин жаракат алгандыгыңыз тууралуу врачтан тактама жана сатып алган дарылардын чектерин алып, ошол мекемеге ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кайрылуу жасаңыз. Эгерде маселе чечилбесе, сотко кайрылууга болот.
Суроолорго юрист Айнура Сыдыкова жооп берди.
«Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиздер болот.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Козуно карап эмес, жерди козунду чооон ачып, карап бас дейт...:)))
Өтүнүчүңүздү аткарууга аракет кылабыз.
Сизге купуя кат жөнөтүлдү.