Мурат Жалиев:«КУРСАКТЫ КИРГИЗЕЙИН ДЕП ДИЕТАДАМЫН»

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

«Ош шаарында өзүбүздүн батир бар. Бирок учурда келинчегим төркүнүнө кеткендиктен, үйдүн «бардагын» чыгарып койгом. «Тамашоунун» тилинде айтканда, байпагым менен галстугумду муздаткычтын ичинен таап кийип жатам» деген «No name» командасынын капитаны Мурат Жалиев кандай жерде чоңойду экен деп анын бала чагы өткөн Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнө конокко бардык. «Мурат биз үчүн мейман болуп калды» деген ата-энеси дасторконду дүйүм тамакка толтуруп күтүп отурушуптур.

ЧАЙ ҮСТҮНДӨ МАЕК
Мурат туурасында атасы Кеңеш ага менен апасы Мыскал эжени кепке тарттык.

– Уулуңуз кичинесинде эле ушундай шайыр бала беле?
Мыскал айым: – Кичинекей кезинде көп ооруп, вакуумда дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрдүк. Азыр той алпарып, «Тамашоуго» чыгып, киного тартылып калса таежелери «бул шишеде жүрүп эле бышып бүткөн экен да» деп күлүп калышат. Сөзгө чечендиги таятасынан өткөн. Тууган-уруктун ичинде эч ким чыкпады, атама окшоп сүйлөгөн. Анын жолун бир гана Мурат жолдоду.

– Балаңыздын шоктугунан улам кошуналарыңыздан же мектеп жамаатынан сөз уккансызбы?
Кеңеш мырза: – Тентек эле, бирок мага сөз жеткирбеди. Балким, мага билгизбестен бүтүрүп жүргөндүр. Муратты шоктугунан улам айылга, таятасыныкына мал карашканы жиберип койчубуз. Ал жакта жүрүп да ат үстүндө учкашып баратып, таятасын кытыгылай коём деп экөө тең аттан жыгылган экен. Мындай жоруктары көп болчу. Өзүм уста болгондуктан, Муратты да ээрчитип алчумун, бош убактысын балдар менен урушканга кетирчү. Мени менен жүрүп көп нерсени үйрөндү. Ушул үйдүн кышын урганда, шпаклёвка чаптаганда Мураттын аракети көп жумшалган.
Мыскал айым: – Аябай өжөр болчу, бирөө менен урушса сөзсүз аны жеңмейинче калбайт эле. Бокс менен алектенип жүрүп, Араван районунда өткөн мелдеште мурдун сындырып келген. Мурду сынса да биринчи орунду алып, диплом менен кайткан.
Мурат: – Атамдар капа болсо керек, бирок сөз келип калды, айта берейин. Мен буларды көп алдачумун. Сабакка кеттим деп коюп Западный кичи районунда кино коюшат эле, ошол жерге барып кечке кино көрүп, сабак бүтөр маалда чыгат элем да, үйгө сабактан келдим дечүмүн.

– Мурат, жакындардан эмес, күйөрмандардан кандай сындарды угасың?
– Кайсы жерге барбайын, мени жаныман биринчи көргөн адам «Сени телевизордон чоң эле көрөбүз, кичинекей эле бала турбайсыңбы» дешет. Ошол сөздөн тажаганымдан бир аз узарайынчы деп аракет кылсам, чоңойбой эле курсак салып баратам. Кудай берген бой-келбет экен да, калыбымда жүрө берейин деп курсакты жок кылыш үчүн диета кармап жатам.

– «Тамашоучу» бала эл алдында уят болуп, кызарып башты жерге салган күндөр болобу?
– Достор арасында го эч нерседен уялбай күлүп жүрө бересиң. Мен көбүнчө тойлорду алпарып жатып туура эмес сүйлөп алып уят болуп калам. Кээде куудулдукка салып абалдан чыгып кетем, такыр окшошпой калса уялганымдан кызарам.

– Сөзүңө аралжы, «Тамашоунун» 6-сезонунда көрүшөбүзбү-көрүшпөйбүзбү, так айта албайм» деген элең. Чын эле «Тамашоудон» кетейин деп жатасыңарбы?
– Күйөрмандар баарына күбө, 5-сезондун финалында жеңбей калганда аябай ачуум келди. 6-сезонго барбайбыз деп ойлогом, бирок кайра кежирленип өзгөчөлүк менен барып жеңишке жетебиз деп жатабыз.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
08.07.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурат жаркылдаган келинчегинин суротту жок го
08.07.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага аябай жагат no name тамашалары озгочо
08.07.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым, кандай болсо ошондой корсотуп бериптир. Созсуз эле кошунанын же таежесинин уйун озумку деп корсотпой.
08.07.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name мага аябай жагат ар дайым маанайды которушот. Ийгилик силерге.
08.07.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baldar baldar OOOsh
08.07.2013. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name sizgerge iigilik ardaiym tamashonun kuzgusu bolup juro berinizder,4yn ele Murat baike e4 nersesin jashyrbagan a4yk eken!alga no name!alga tamashow!alga kyrgyzstan!
08.07.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6 сезондо кутобуз! аябай тезтияр байке
08.07.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы тамашаларды ойношот мен 5 сезондо кутком женет деп эми 6 сезондо жакшы ойноп женгиле
08.07.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчик
08.07.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен да кутком 5-сезондо женет деп оштуктард деп артка тартып коюшту эн сонун болгон эле булардын тамашасы 6-сезондо кутобуз силер суппер камандасынар эч бир каманда силерге жетпейт ийгилик
09.07.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
5.sezondo monika beluchige soz berilip kalgan da chempion bolosunar dep.oshogo.negizi tamashow chynynda taza otkon bolso NO NAME 3.sezon 4.sezon 5.sezon da chempion bolmok...
09.07.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кандай болсо ошондой көрсөтүп. Келинчегин жоктугу эле болбосо.... Ийгилик каалаймын.
09.07.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи келинчеги жакшынакай болчу, азыркысын билбейм!
13.07.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи келинчеги акылдуу, жакшы, тушунуктуу кыз. Тагдыр жолу бир эмес экен да!
10.07.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы тамашаларды ойлоп таап,аткарышат. талантынарга ийгилик!
мен бир созуно тушунбой калдым, мен озум куруп, чонойгон уй дептир. озу биринчи уйду куруп, анан чоноебу???
10.07.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
не бул уже 2 жолу уйлонгонбу?
10.07.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ханзаада туура айтат, эжесинин анан тай эжесинин уйлорун озумдуку деп кайсы бир ырчылардын жалганы чыккан эле.Ага караганда азамат оз уйун коргозуп,жонокойлугунон жазбаптыр,элге таанылып калсада
11.07.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Мурат,сенде талант бар...Солона эми солона кандай сындарга сынба,кайра кучко кирсен баарын женесин))))))))
11.07.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштуктарга тамашоудан биринчи оорунду эч качан беришпейт,беришсе беш жылдан бери бербейт беле,неге дегенде Бишкекте болуп атпайбы бийлик кай жакта болсо жениш ошол жакта.же болбосо калыстар тобуна кичини узатыш керек
11.07.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калыстар тобу дайым калыс эле чечип келет. Бирок Моника Беллучиники баарынан ашкан. Озунду эр ойлосон, озгону шер ойло-деп кыргыздар эн туура. Но нейм дагы аракет кылгыла. Буйруса, жениш силер тарапта болуп калар. Ийгилик!
11.07.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таятасын кытыгылап деген жерин окуп алып ыйлагыча кулдум азаматсыз ийгилик!!!
11.07.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таятасын кытыгылап аттан жыгылганын элестетип алып аябай күлдүм
11.07.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын болгонун болгондой айтканын баарына жакты, мактанбаган ачык суйлогон бала экенинди жашы билебиз силердин команданардын сыйы да авториети да оз орду менен женбесенер да талантынарды билебиз биз учун силер 1-орунга татыктуусунар. Ийгилик жана уй булолук бакыт каалайм.
11.07.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына таазим.ушул баланы коргондон уккандан тажабайм
12.07.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар Балдар0 ОШ! Ваа-Та-аа-т
13.07.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!
14.07.2013. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes!
26.10.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх сонун..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо