ТЕЛЕФОН ТАРТПАЙ, КАТ ЖАЗЫП КАБАРЛАШКАН ҮЧ-КОШКОН АЙЫЛЫ

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Мурунку сандарыбызда жарыяланган Баткен жана Талас облусунун чек арасындагы айыл-кыштактар тууралуу фоторепортаждар сериясына күбө болгон чыгарсыз. Бул сапар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Үч-Кошкон айылы боюнча чакан саякатыбызды сунуштайбыз.

 

 

 

 

 

Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл округуна караштуу Үч-Кошкон айылы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан 30 чакырым алыс жайгашкан. Айыл 1957-жылы түптөлүп, анда 56 түтүн бар. Каттоо боюнча 462 киши турганы менен, учурда 102 гана адам жашайт. Ак-Шыйрак чек ара тозотунун капитаны Айбек Мамбетсейитовдун айтымында, айыл тургундары менен аскер кызматкерлеринин мамилеси жакшы, кандай маселе жаралбасын, бири-бирине жардам берип турушат. Буга 1996-жылы үч кытай жараны чек арадан мыйзамсыз өтүшүп, кийин алар жергиликтүү жашоочулардын көмөгү менен колго түшүрүлгөнү далил.
Үч-Кошкон айылында таза суу чыгаруучу түтүктөр орнотулган. Бирок кыш узакка созулуп, түтүктөр тоңуп калгандыктан, жергиликтүүлөр жылдын алты айында гана таза суу иче алышат. Калган убакытта тоо этегинен суу ташып келүүгө туура келет.
Айылда жалгыз гана Коомдук телеканал тартат. Ал да бирде үнү чыкса сүрөтү жок, сүрөтү болсо үнү чыкпай калат экен. Жашоочулар аргасыз DVD-дисктерди көрүшөт. Уюлдук байланыш да тартпайт. Жергиликтүүлөр туугандары менен азыркыга чейин кат жазып кабарлашышат.

Бул айылга жайдын саратанында дагы кар жаашы мүмкүн. Жол каттамынын начар болгонунан улам да кыштакка көмүр эмес, азык-түлүктү кыйынчылык менен алып келишет. Андыктан ар бир үйдүн жанынан жык-жыйма тизилген тезектерди көрүүгө болот. Жайында дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айыл тургундары шаарга баруу үчүн 70 чакырым жерди айланып, көпүрөнүн жоктугунан автоунаалар дагы, жылкы минген айылдыктар дагы тобокелге салып чоң сууну кечип өтүшөт. Көпүрөлөрдүн абалы болсо ушул...

Туруктуу иштин жоктугунан айылдагы кыз-келиндер уй саап, айран уютуп, курут жайып кургатышат. Андан тышкары айыл тургуну Чолпон Турганбаева онго жакын аялдардын башын бириктирип атайын уюм түзгөн. Алар кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийизден шырдак, бут кийим, көз айнек салгычтарды жасап, чет өлкөдөн келген эс алуучуларга сатышат.

Айыл деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкандыктан, эч бир өсүмдүк өспөйт. Андыктан жашоочулардын дээрлик бардыгы мал багып күн көрүшөт. Ар бир үйдөн топоз, уй жана жылкыны кезиктирүүгө болот. Анан да карышкыр көп, бир жылда жок дегенде айыл боюнча 20дай бодо мал бөрүлөргө жем болот. «Майда жандыктарды көп эле алдырабыз, аларды эсептебей деле калдык» дешет тургундар.

Айылдык округ Каракол шаарынан 400 чакырым алыстыкта жайгашкан. Башка чек арадагы аймактардан айырмаланып, Ак-Шыйракта жайыт кенен. Ак-Шыйрак чек ара тозоту менен Кытай чек арасын кар баскан мөңгүлөр, ашуулар бөлүп тургандыктан, чек ара бузуулар көп катталбайт. «Чек арада, Кудайга шүгүр, абал туруктуу, элибиз тынч өмүр сүрүүдө»,- дешет айыл аксакалдары.

Тогуз жылдык билим алууга шарт түзүлгөн айыл мектеби 1988-жылы ачылган. Анда 15 жыл директорлук милдетти аркалап, учурда дене тарбия сабагынан берген мугалим Кудайберген Орозобеков мектеп тууралуу буларды айтып берди:
– Мурунку мектептин эскилиги жеткендиктен, 2010-жылы айылыбызга жаңы мектеп курулган. Мектепте 1-3-класстар, 2-4-класстар, 5-6-класстар,7-8-класстар боюнча бирден класс бар, анан 9-класс өзүнчө билим алышат. Ошондо тогуз класстын ордуна беш класста 52 окуучу бар.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
08.07.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар,канча кыйынчылык болсо да жашап жатышат.Баары эле шаарга кача берсе айылда ким калат,силерге рахмат,айыл эли.
08.07.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарынан да огуздордун суроту мыкты болуптур.
08.07.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАНЗАДА, огуз эмес алар топоз деген жаныбар ушу
09.07.2013. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba1985, хе хе хе. Бука дагы эмес огуз деп жазыптыр да)))
08.07.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Момо жемишти да билишпейт экен да байкуштар..
09.07.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дааана кыргыздар деп ушуну айтса болот . .себеби мынданда жаман кунду кечирген кыргызыма бул еч нерсе болбойт...кудайым буйруса! Кыргызстаныбыз дүйнодөгү ең алдыңкы өлкөнүн катарына кошулуусуна ишенем
09.07.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oruktu_city, Дуйнодогу дегин :) а мен ишенбей калдым го, Кыргызстан дуйнодогу эн алдынкы олколордун катарына кошулушуна.
10.07.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirko.93 ар ким оз оюун айтышка укуктуу так что ишенесинби ишенбейсинби ал сенин ишин
13.07.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oruktu_city, men dagy koshulam sizge
09.07.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын айылдарына домашний интернет качан койулат деп ойлонуп журсо телефон тартпаган айылдар бар экенда. Анан кайдагы интернет))))
09.07.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээй туугандар булар аябагандай бай элдер арбиринде 1ден2ден джип бишкек караколдо уйлору бар мал деген буларда толтура баардыгынын жумушу бар.зарпл.высокогоръе м-н толонот.пенси.р 10минден коп алышат.жыргал жашоо булардыкы.
09.07.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nasyrkg boordu ezbe4i kaidagi bailyk kaidagi pensya visokogorie dep narindiktar anda baardigi bai turbaibi ee
13.07.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07, emne naryndyktar bai emespi? Bai elebiz
10.07.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен алжерге барып жургон учун айтып жатам.сенин боорунду эзгидей мен клоун эмесмин.
11.07.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жети огузго лагерге баргам колдун жээгине оруктору шабдалыдай чоон болот экен. А бул айылды биринчи угушум кыргыз эли баржокко чыдайт
13.07.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба бай жашашат менда билем.
14.07.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут баарынын уйлору окшош го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо