Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧООЧУН ИТТЕН АБАЙЛА!

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Ооба, ит – адамдын досу. Ошентсе да иттердин баары адамга дос боло бербешин эске алалы. Азыр көчөдөн жолбун, чоочун иттерди көп кездештирүүгө болот. Негизинен алар ээн жаткан аймактарды, унаа токтотуучу жайларды, суу түтүктөрүнүн ичин, курулуштарды ээлеп алышкан. Андыктан мындай жерлерден, негизи эле көчөдөн чоочун ит көргөндө абайлап, төмөнкү эрежелерди сактагыла.

КОРКПО! КАЧПА!
Иттердин көпчүлүгү үрүп сес көрсөтүшөт. Анын үргөнүнөн коркпо. Анын үргөнү – «менин аймагымдан кетип кал» деп сага эскертүү берип жатканы. Мындай учурда үнүңдү өктөм чыгарып, аны менен сүйлөш. Эгер кыйкырсаң, ал коркпостон, тескерисинче, сага ажылдап жакындаары бышык. 
Эч убакта качпа. Качсаң, анда анын талоонунда каласың. Анткени мындай учурда иттин мергенчилик инстинкти ойгонушу мүмкүн.

 

АРТКА КАЙТ!
Эгер ит ажылдап үрүп туруп алса, ага артыңды салбай, акырын кайсы тараптан келсең, ошол тарапты көздөй жыл. Качан ал артыңдан ээрчибей калганда гана алдыңды карап басып кетсең болот. «Ит калып калды» деп чуркап кетпе.

 

ТИКЕ КАРАБА!
Эч качан жолбун иттин көзүнө тике караба, ыкчам кыймылдарды жасаба, колуңду шилтебе.

 

 

ТОКТО!
Дагы бир жагдай, иттер велосипед менен жүргөн балдарды кууп, аларга асылганды жактырышат. Мындай учурда токтоп, велосипедден түшүп, алар жай алганча тура тур. Эч убакта катуу ылдамдык менен качып кетем деп ойлобо. Мындай учурда алардын кыжыры кайнап, кууп жетип, тиштеп алышы мүмкүн.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
09.07.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии жакшы кенеш го,рахмат
12.07.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
je bolboso jerge oltura kalsanar korkup kachyp ketishet, je bolboso turup kalyshat da anan ketip kalyshat.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо