КҮН КАРА ТУМАНДЫ КАНТИП ЖЕҢДИ?

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Илгери-илгери коюу Кара туман болуптур. Ал Күндү душманы катары санап, аны жек көрүп, дайыма качып жүрчү экен. Күндөр өтүп, баягы Кара туман чоңоюп, Күндөн коркпой калат. Бир күнү ал:
– Мен жер бетин толук каптап, Күндү жок кылам. Бүт ааламга өзүм бийлик жүргүзөм!- деп жар салып, оюн ишке ашырууга киришет.
Ошентип, Туман чоңоюп отуруп жер бетин каптайт. Адамдар, жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр Күн нуруна зар болуп, Туманга каршы чыга башташат. Бирок канчалык аракет кылышпасын, бул балээден кутула алышпайт. Ошондо Кара туман өзүнө аябай ыраазы болуп:
– Мына, менден өткөн күчтүү жок бул ааламда. Эми мен баарыңарга ээмин. Менин айтканым менен болосуңар!- деп мактанат.
Тумандын айткандарын Күн угат да, ар тарапта жарыгын, жылуулугун чачып жүргөн нурларын жыйнайт. Алар чогулуп жерди Кара тумандан куткаруунун амалын издей башташат.
Көпкө акылдашып, акырында:
– Баарыбыз биргеликте жерге жылуулугубузду чачалы. Ошондо Кара туман эрип жок болот,- деп ишке киришишет.
Баары ынтымактуу иштешкендиктен, бат эле Кара туманды эритип жок кылышат. Жер бетинде кайра жашоо башталып, адамдар жылмайып, гүлдөр ачылып, көпөлөктөр куушуп,
балдар сыртка чыгып ойной башташты.
Мына, балдар, көрдүңөрбү, «ынтымак бар жерде ырыс бар» дегендей, Күн нурлары биргеликте Туманды жеңишти. Ошондон бери Күн тийген жерден Туман качып кетет экен.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо