МЕКЕНДЕШИБИЗ ОРУСИЯДА СЕЛСАЯК БОЛУП КЕТКЕН

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Чет өлкөдөн бакыт издеген мекендештерибиздин саны жылдан жылга өсүүдө. Арасында өз укугун, бара жаткан өлкөнүн тилин билбегендери жана селсаяк болуп кеткендери да бар.

«САБАП КЕТИШИП, КӨЗҮМ КӨРБӨЙ КАЛДЫ»
Орусияга иш издеп барып, тилекке каршы, ойлогон ою оңунан чыкпай, көп жылдан бери селсаяк болуп күн кечирип келген БАХАДЫР ХАКИМЖАНОВ 2013-жылдын 8-июнунда мекенине кайтып келди. Ал башынан өткөн күндөрүн баяндап берди:
– Мен Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургунумун. 2005-жылы иштеп акча таап келейин деп Татарстанга кеткем. Бирок жолдон бир таанышым мага Орусиянын Тюмень шаарында жакшы жумуш бар деп айтканынан ал жакка кетип калдым.
Башында аны менен чогуу жашап, ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүк. Көчө шыпырдык, эмгек биржасында иштедик. Кыргызстанда келинчегим, 1 уул, 1 кызым калган. Кызым мен Орусияда жүргөндө турмушка чыгыптыр. Тапкан акчамды үй-бүлөмө салып турдум. Анан досум дайынсыз жок болуп кетти. Кайда кеткенин билбейм. Ал кеткен соң куруучу болуп иштеп жүрүп паспортумду жоготуп алдым. Ошол күндөн тарта кыйнала баштадым. Орусча да билбейм, паспортсуз ишке орношо албайсың. Полиция кызматкерлери келип документиңди сурайт. Жок болсо суткалап камап, кайра коё беришет. Балдарым телефон чалса «иштеп жатам, баары жакшы» деп коюп жүрө бердим.
Акыры бир мектепке кароолчу болуп орноштум. Мага атайын бөлмө бөлүп беришти. Кезектешип иштейбиз. Тапкан акчам ичкен-жегениме араң жетип турду. Чынын айтсам, кээде ичип коём. Кыштын ызгаарында жата турган жер таппай көчөдө калган күндөр да көп болду. Ошентип жүрүп ден соолугумдан ажырадым. Мындан он күндөй мурун сол көзүмдөн айрылдым.
Бир жолу кечинде дүкөнгө келгем. Эшиктин алдында 3 орус бала арак ичип отурушкан экен. Анан мени көрө сала «тамеки, сыра албайсыңбы» деп тийише башташты. «Акчам жок» десем, үчөөлөп сабап салышты. Сол көзүм мурда ооруп жүрчү, дагы катуу сокку тийген экен, минтип көрбөй калдым. Мени Тюмендеги ооруканага жаткырышты. Ал жактан врачтар «көзүңүзгө операция жасаш керек, бирок документиңиз жок экен, биз жасай албайбыз» деп коюшту. Ооруканада 3 күн дары-дармек берип, көзүмө тамчылатма дары куюп, андан соң чыгарып коюшту.
Бир күнү Тюмень шаарындагы кыргыз диаспорасында иштеген аял мени байкап калыптыр. Ошентип, ал жактагы кыргыз диаспорасы жана «Замандаш» ассоциациясынын жардамы аркылуу мекениме кайтып келдим. Алар убактылуу паспорт жасатып, жол киремди төлөп беришти.
Чынын айтсам, үйгө кантип барарымды билбейм, үй-бүлөмдөн, туугандарымдан уялып турам. Меникиндей тагдырды башкаларга каалабайм. Азыр да чет өлкөлөргө жаштар көп кетип жатышат. Аларга айтарым, документиңерге сак болгула. Тилди сөзсүз билип жана бара турган жагыңда таанышың болуш керек экен. Азыр мени тосуп алгандар Өзгөнгө салышат. Ал жактагы тааныштарына чалышып, медициналык жардам көрсөтөбүз деп убада кылышты. Үй-бүлөмдү аябай сагындым, экинчи башка өлкөгө кетпейм.

«КААРМАНЫБЫЗ АВТОУНАА УУРДАЙ КАЧКАН»
Кээде мигранттар кыйын тагдырга кабылуусуна ичкиликтин же жосунсуз жүрүм-турумдарынын айынан өздөрү да күнөөлүү болушат. Каарманыбыздын бизге
айтпай жашырып койгон жоруктары тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматкери ЭРКИН УРМАНБЕТОВ буларды билдирди:
– Биз чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышта иштеп келебиз. Маалыматыбыз боюнча, Бахадыр Хакимжанов Орусиянын Тюмень шаарында селсаяктык күн кечирип келген. 2013-жылдын 19-мартында бул адам мас абалында ВАЗ 2104 автоунаасын уурдай качкандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотто ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана «жаш балдарым бар» деп күнөөсүн жеңилдетүүнү суранган. Жыйынтыгында сот жабырлануучу тарап арызын алып койгонуна байланыштуу каарманыбызды 30 миң рубль айыпка жыккан. Бирок ал бул акчаны төлөй албай 2 ай камакта жаткан.
Кыргыз диаспорасы ага документ жасоодо мына ушул жоруктары тоскоолдук жаратты. Бирок акыры мекендешибизди Кыргызстанга салып, биз аны тосуп алып, Өзгөнгө такси менен салып жибердик. «Жеткенде байланышып коюңуз» деп байланыш телефондорубузду бергенбиз. Ал үйүнө жеткен-жетпегенин бизге айткан жок.
Жогорудагы каарманыбыздын тагдыры башкаларга сабак болор. Мекендештерибиз чет өлкөгө чыгарда сөзсүз түрдө тиешелүү мекемелерге кайрылып, алардан кеңеш алышса, мындай көрүнүштөр азаймак.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
08.07.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныштары жок болсо ошода.
08.07.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадагы Красносельский метросунан чыккан жердеги кок чоп аянтчаларда кыргыздын жигиттери толуп кеткен. Бомж эле болуп калышкан. Барып бир нерсе дейин десен иди на..й дешет. Карап туруп зээнин кейит.
08.07.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андайлар коп элего,атандай болгон кишилер да ичип алып,кыздарды эрчип,жооп бербесен артындан согунуп,бул жакта кыргыз кыргызды тетири козу мн карайт,андайларды коруп тан каласын,орусча суйлойт мен кыйын билем дегенсип,озубузду озубуз сыйлабайбыз биз кыргыздар.
08.07.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш жаштар ата энесин багам анан уйлоном деп ойлошот айылга барса баланчанын баласы кыйын иштеп атыптыр апасына мынча акча салыптыр дей берип
балдар кыйналып калып атат бомж болсода алардын ички дуйносундо эмне арманы бар аны эч ким билбейт
иши кылып оор жашоого туш келип калдык биз жаштар
ушундайда кимдир бироодон жардам кутконсуйбузда
жок дегенде жылуу созунорду айабай айтып койгула аларга
08.07.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Южный метродо бир жаш 25 тердеги жигит бар болчу джинсы кост шым кийген. ар куну акча сурай берет, ким тааныйт ошону
09.07.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kristiano, Мен коргон болсом керек Ашанда жургон джинсы костюм шым кийген кара тору жигит ар шылтоону айтып акча сурап журо берет!
08.07.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш,документ тууралуу кыйынчылык жаралса неге прямо элчиликтерге кайрылышпайт? Менимче андай адамдар оздору куноолуу,чечкинсиздер.Озуно куйбосо ким ага куймок?
08.07.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aijan1968, элчиликте иштегендер да ар кандай адамдар да, бири жардам берет, а экинчиси керсейип тоготпостукка салат, учунчусу акча талап кылат дегендей. Мигранттардын элчиликке болгон ишеними аз. Элчиликке кайрылсам же нары эмес же бери эмес кылып койду дегендерди коп уккам.
08.07.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары ичкиликтин,арамзалыктын айынан го менимче.
08.07.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам алейкум туугандар ! бул киши кыргызстандын жараны эмес.. бул тажик.. будл жакта иштеп жургон кыргыз эжеге уйлонуп алган ..экоо тен жеткен мошенниктер канча деген адамдарды алдап акчасын алып качып кетишкен.. эми эжени таап кармашса кайда жургону белгилуу болот эле.. биздин куч органдарына тан калам озгондон болом десе эле озгондон экен деп таксиге салып коюшкан териштирип изилдесе жакшы болмок.. бул эч кандай озгондук эмес,ал эже сузактан болот эле депутат Узакпаевтин балдыз болом...
08.07.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси босода тынч эле болойлу. Орусча билбесе айылда орогун оруп журо бербейби же аякта жакын таанышы жок болсо. Менимче озбек окшойт бул адам.
09.07.2013. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусча билбесе да ичпей жакшына иштесе болотго анан ичип алганда ошогода селсаяка айланган азырда орусча билбей жакшына иштеп жургондор барго оа тусуго караганд озбек окшойт мне болсода кыргыздын жараны екенго.
09.07.2013. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
документ мен деле жоготкомун,но айласын тапса болотго
09.07.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чала болот, бөтөн жерге иштегени келгенден кийин документке , кекиртеке сак болушсун бияка арак,пиво ичип сайрандашканы келиштиби не , кылжыйып отуруп жоготкон да документин дагы бешенесине Замандаш бар экен
09.07.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу кебетеси кыйналган адамга окшобойт...
bey туура айткандыр,ал эми "Замандаш" ассоциясы неге Озгонго,жашаган адреси б-ча запрос жонотуп такташпаганына танмын...Анда метродогу селсаяктарды жыйнап Кыргызстанга жоното беришсин...
09.07.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда чын эле жашоо кыйын болуп кетти. Канчадаган кыргыздар кыйынчылык коруп жашап жатышат. Сел саяктардын саны, денесин сатып иштеген кыздардын саны да осуп жатат. Ойлонсон журогун ооруйт
09.07.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек окшойт эмес эле, чыныгы озбек да, эгер Кыргызстандык болсо. Ал эми жогоруда bey айткандай болсо, анда тажик, кыргыз эмес да иши кылса. Озбек туугандар билип койсун да эми, кыргыздар кандай кен пейил экенин, улутка болбой жардам бергенин. Орусияда кыйналып жургон кыргыздар чынында толтура.
09.07.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы россияда иштеп жатам.бизде кыргыздар аз аябай ,бир базарда 10 го жакын кыргыздар иштешет ,аябай жетишкен алар ,бир да кыргыз бомж ,же жаман кыз коро элекмин .кудайга шугур
09.07.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы арбир адамдын озунон тарбиясынан тагдырынан Арбир коомдо кыйынчылыктар азаптар болгон Биз кырызстан жаны осуп келе жатабыз тарыхты окусанар эч бир олко эч бир жаран кыйналбай туруп жакшылыкка жеткен эмес Буйурса баары жакшы болот
09.07.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turunon ele bilinip tursat go kandai adam ekeni Tajik ozbekterdi kg jiberbei ele koiso I tak owolordun azabin tartip jatat baikuw ow jaktagilar
10.07.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мендагы Якутияда иштейм бирок бул жакта аябай кыргыздар коп кор болгонун корбодум эмнеге улуту башка адамды биз мекендешибиз дейбиз кор болуп ошол жерде калып кетпептир менин оюм ошондой силер кандай дейсинер достор мен аны билбедим.
10.07.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.is Кыргызстандын жараны болсо мекендеш дейбиз да. "Город 312" тобун деле мекендешибиз дейбиз да туурабы?
11.07.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарга кул болуп жургон кыргыз бомждарга да жардам бергилечи
11.07.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м.Выхинодо да 3 кыргыз жигиттери бомж.жашы 30-40 куракта.сасып кетишкен,уйго алып барып жууп-тарап коеюн деймин,бирок ишенбей кетем.корком.туугандарын жоготкондор ,келип коргуло,таанысанар алып кеткенге жардам беремин.
11.07.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да кудай таала озу сактасын
,ар кандай случай болуп кетет россияда!кудай сакта деп эле ар ким озун карап озуно тын болсо баары жакшы эле болот деп ойлойм!
11.07.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulitsa podbel'skogo metrodo ichkikikke berilgen kirgizdar toltura.ohota devyatka obolon' degen pivolordu ichishet
12.07.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урааа мен жакында кайтам мекениме )))))))))))
12.07.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рашкада жургон лохтордун бири турбайбы. Башы иштебесе, бутуна куч келет.
озу куноолуу. негизи эле алкаш же байкуш башы иштебеген лохторго жардам бербеш керек.
12.07.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка чет жерде озун тын алып журбогон кыргыздарга боорум оорубайт.
Озулору куноолуу. Ошондойлордун Кыргызстанга бир да пайдасы жок, наоборот озуно окшогондорду тороп, генофондду бузат.
13.07.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzatushka мен да сизге 100% кошулам андай чооң кишилер жаш кыздарга тийишкенде үйүндө өзүнүн кызын же карындашын эске алса болмок. Балдар да кыздарды башка көз менен карашат туура жаман жүргөн кыздарда толтура бирок беш кол тең эмес демекмин. Бузулам деген кыздар өз жеринде ата энесинин жанында жүрүп деле жаман жолдо жүрүшөт. Кыргыздар башка бөтөн жерде бири бирибизди сыйлап урматта
20.07.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал озбекти байкуш деген бул чоооооооон куно. Аларды коруп боорун оруйт жакшы карасан жашо шарты баары жакшы оздору бомжга окшоп журот.
03.08.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Озгондук эмес.. бул тажик ..аты Фархад ойношу кыргыз эже ...Жалалабатан Мундуздан болот жеткен аферистер ...канча кыргызды алдап акчасын алып качып журот ..аты-жону Элмира Бекмуратова ...бул тажик кыргызмын деп жанын жеп жалган суйлогон экен да .... жакшылап териштирип анан жонотсонор болмок кыргызмын десе эле калдактап калбай...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо