Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РАМАЗАН АЙЫ КУТ БОЛСУН!

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В. «адамдардын намазы, зикири, кылган ибадаттары өзү үчүн. Бир гана орозо мындай эмес. Анын сообун Алла өзү гана билип берет. Пенде ичип-жегенин, көңүл каалоолорун бир гана Алла үчүн токтотуп койгондуктан, анын сообун өзү берет» деген. Ушундан эле орозонун даражасы бийик экенин билсе болот.

ОРОЗО АЙЫН ЖЕМИШТҮҮ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН 10 КЕҢЕШ

  • Орозо жемиштүү болсун десеңиз, аны бузбоого чын ниеттен аракет кылыңыз.
    Бул айда кара жумушту абайлап кылуу керек.Чаңкап орозону бузуп алуудан сактанган оң.
  • Эртең менен эрте тургандыктан, түштөн кийин куш уйку салып эс алууга аракет кылыңыз.
    Бул сизге күч-кубат берет. Убактысын 20 мүaнөттөн ашырбаган дурус.
  • Аптапта, күн ысыган учурда сергүү үчүн көлгө же бассейнге түшүүгө болот. Бирок башты салбоо керек.
    Кулактан, мурундан, ооздон суу кирип кетпөөсү үчүн ооз ачканга чейин чыдаган жакшы.
  • Күнүнө жок дегенде бир саат Куран китепти окуп коюу керек.Бул орозонун эмне максатта тутулуп жатканын эске салып турат.
  • Ар дайым саарлык ичүүдөн эринбеңиз. Такыр мүмкүнчүлүк болбой калганда бир ууртам суу, бир үзүм нан жеп туруп анан оозду жабуу керек. Анткени саарлыкта береке бар.
    Саарлык сапаттуу жана витаминдүү болгону оң.
  • Эртеңки кыла турган ишиңизди кечинде пландап алган жакшы.
    Анын ичинен эң маанилүү үчөөнү бөлүп коюңуз. Анткени күч-кубатты үнөмдөп колдонуу керек.
  • Ооз ачарда жакшы дуба кылып тамак жеген туура. Мухаммед пайгамбарыбыз үч түрдүү адамдын дубасы кабыл болот деген. Алар: ооз ачарда дуба кылган адамдын, адилеттүү падышанын, жабыр тарткан адамдын дубасы.
  • Кадыр түндү ибадат менен өткөргөнгө аракет кылыңыз.
  • Азан үнү угулганга чейин тамак жеп бүткөн жакшы.
  • Орозо убагында бей-бечараларга жардам бергенге аракет кылуу парз.
    Жок дегенде кимдир бирөөнү үйүнө жеткирүү же жол көрсөтүү менен жакшылык жасоо керек.

ОРОЗО НУН АЛТЫ АДЕБИ
Орозо тутуу жөн гана эртеден кечке чейин ачка болуу эмес, анын адептерине, эрежелерине көңүл буруу. Аалымдар орозонун алты адебин жазышкан.

Орозо учурунда көздү сактоо.
Тактап айтканда, кумарлануу менен аял эркекти, эркек аялды карабасын делген. Орозо кармаган адам оозун ачканга чейин жубайына да кумарлануу менен караганга болбойт.

Тилди сактоо.
Калп айтуу, кимдир бирөөнүн үстүнөн чагымчылык кылуу, ушак айтуу, уруш-талаш жаратууга болбойт. Эгерде орозо тутуп жаткан адамга бирөө катуу айтып уруша турган болсо, «мен орозомун» деп токтотуп, ал маселени кийинкиге калтырганга же жай сүйлөшкөнгө аракет кылганы оң. Эгерде орозо кармап туруп жогорку жоруктарга жол берсе, анын оозу тамак ичип жибергендей эле ачылып калат.

Кулакты сактоо.
Ушак угуу же жагымсыз сөздөргө кулак төшөө да дурус эмес. Уккан адам айткан адамдай эле күнөөгө батары турган иш.

Дененин калган мүчөлөрүн сактоо.
Колду ыплас нерсени кармоодон, бутту туура эмес жакка басуудан, курсакты арам тамак менен толтуруудан сактануу керек. Ким орозо тутуп, бирок арам нерсе менен ооз ачса, оорусу үчүн дары ичип, ал дарыга уу кошуп койгон менен барабар дешет аалымдар. Дары аны айыктырганы менен, уу анын түбүнө жетет.
Андан тышкары көңүлдү ач көздүктөн, жүрөктү дүнүйөнү, акчаны жакшы көрүүдөн сактоо керек.

Курсакты ашыкча толтурбоо.
Ооз ачкан учурда курсакты катуу тойгузбоо керек. Кээде орозомун деп ооз ачарда жана саарлыкта адам катуу тоюп алат. Андай көп тамакты 11 ай бою да ичпейт. Орозодо ачка жүрүүнүн максаты – өзүн ар дайым ачка жүргөндөргө салыштыруу, алардын абалында болуу менен өзүн сыноо, сабырдуулукту сактоо.

Орозонун акыркы адеби.
Ар дайым «менин орозом кабыл болуудабы?» деп коркуп турганы оң. Орозону кимдир бирөөгө көрүнүү же арыктоо максатында эмес, Алланын ыраазычылыгы үчүн кармаңыз.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъала Аллаху акбар.

Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.

ИҢИРДЕ ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аълайка таваккалту, ва аъла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси:
Алла Таалам, өзүң үчүн орозо кармадым. Өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


Рамазан айы кут болсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(49)
08.07.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болбодубу мен издеп жургом бирок мен москва шаарындамын кантип убактысын тактайм 2алдын койуп ача беремби?
08.07.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agusha,
Москвадагылар учун суперстанда календары асылган, суперстандан таап жазып алсаныз болот. Орозонуздар кабыл болсун, деген темада.
08.07.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patma.mahmud-kyzy, сизге да рахмат
08.07.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agusha,
Саламатсызбы! Бул жакта)))
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=68308&st=0
08.07.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, рахмат
08.07.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agusha м.проспект мира га барсан мечиттин астында сатат кагазын
SUPER.KG видео
08.07.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат.
08.07.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресиздер, мен бир аз тушунбой турам... Питерде Москванын убактысы менен болобу? Демек биз кыргызстандан 2 саат кеч жаап 2 саат кеч ачат экенбиз да ээ? Часовой пояс не имеет значение получается? Тактап бергилечи суранам...
08.07.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооз жабык кезде тиш жууса боло береби, ушу жонундо да жаза кетсениздер болмок экен
11.07.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, ооз жабаар алдында жууп алганыныз он го!
08.07.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мег жылда тутчу элем орозо быйыл бойкат болуп калдым. Эмгедир кызыктай эле болуп жатам тообо тутпашымы ойлосом.
08.07.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке болбойт ооз ачкандан кийин жууйсуз тишти.
08.07.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,саламатсызбы? сураныч Екатеринбург шаарынын убактысын тактап береаласызбы?
08.07.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рамазан айы кут болсун кыргыз элим!
09.07.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамазан айыңар кут болсун. Туткан орозоңор кабыл болуп Аллахым баарыбызга сабыр берсин.
SUPER.KG видео
09.07.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту мусульман бир туугандар кармаган орозонуздар, окуган намазыныздар кабыл болуп, Аллах Таала куноолорубузду кечирген болсун оомийн!
09.07.2013. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун ылайым. Алла таалам баарыбызга кут барака берсин!!!
09.07.2013. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туткун орозонуздар кабыл болсун, баарыныздарга сабырдуулукту каалайм. Кудайым озу жардам берсин баарыбызга.
09.07.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун,Урматтуу момун мусулмандар!
09.07.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармаган орозонуздар кабыл болсун, урматтуу мусулман бир туугандарым! Аллахым баарыбызды ыймандан ажыратпасын!
09.07.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонор кабыл болсун.
09.07.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиш , оозду чайкаса болот экен ары кетирбей бирок именно паста менен жууган болбойт экн.Орозонор кабыл болсун!
09.07.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозонуздар кабыл болсун мусулман бир туугандарым
SUPER.KG видео
10.07.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассалому алейкум моомун мусулман ага эжейлер силерди РАМАЗ айы менен куттуктаймын ылайым кармаган ОРОЗОбузду АЛЛАХ озу кабыл кылсын
10.07.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынабу жери туура келбей жататко Исфана шаары 21:17 минотто ооз ачат дегени орозонун биринчи куну саат 21:04 то ачылдыго бул жагы кандай болот ошону тушундуруп бергилечи мен ошондо кайсы календар менен оозду ачам. Бишкектики боюнчабы же Исфананын календары боюнчабы бугун 21:03то ачылат ошол боюнча ачсам болобу?
10.07.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,
Саламатсызбы!
Орозо жадыбалы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан такталып жазылган. Жадыбалда жазылган боюнча ачсаңыз жаңылбайсыз деген ойдобуз.
10.07.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы барыныздардын орозонуздар кабыл болсун мен Якутиядамын бул жактан кантип билсем болот алдын ала чоон рахмат сиздерге.
10.07.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун,
11.07.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу момун мусулмандар,туткан орозонунздар кабыл болсун!
11.07.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадырлуу менин мусулман бир туугандарым орозонуздар кбыл болсун, рамазан айы кут болсун. Ким эмне тилесе ошол тилектерибизге жетишейли Аллахым бизге ынтымак жана сабыр берсин.
14.07.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, Айтканыныз келсин! =)
11.07.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассолоому алейкум момун мусулман туугандар орозонуздар кабыл болсун.
13.07.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун! Журогубузго ыйман , сабырдуулук берсин.
13.07.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамазан айынар кут болсун мусулман бир туугандар!Туткан орозобуз кабыл болсун Аллахым баарыбызга ыйман,кут,барака,сабыр,чын ден-соолук берсин.
13.07.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассаламу алейкум момун мусулмандар. Туткан орозонуздар кабыл болсун
02.08.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалааму алейкум орозо кормоочу мусулман бир туугандар баарыныздардын кармаган орозонуздар кабыл болсун орозодо билип билбей кылган куноолорубузду "АЛЛАХ" кечирсин, кележаткан айт майрамыныздар менен....
19.06.2015. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалоому алейкум азандан кийин ооз жабууга болобу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо