Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЖУБАЙЫМДЫН МЕНДЕН КЕТИШИНЕ АТАМ ЖОЛ БЕРГЕН ЭМЕС»

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Ырчылардын бири эл эсинде стили менен, экинчиси үнү, үчүнчүсү ырларынын мазмуну, дагы бирөө башка өзгөчөлүгү менен калат эмеспи. Бек Борбиев көп жыл мурун аккордеону менен жаркыраса, кийин эстрададагы «карапайым» ырлары менен жашап келет. Акыркы жылдары интрига жаратуучу ырларынын саны көбөйдү.

– Бек байке, жаңы эле гастролдон келдиңиз окшойт...
– Көптөн бери эл кыдыра элек экенмин. Баткенден башталган гастролум Токтогулдан бүттү. Ырчы инилерим Алтынбек Алымов, Нурлан Алдаяров, Өктөм Сапар уулу менен чогуу болдум. Концерт коюп, эл менен амандашып, анан, албетте, туулган жердин абасын жутуп, эс алып келдим.

– Эс алганы Ысык-Көлгө барам деп жатасыз, үй-бүлөңүз мененби?
– Казак достор келген, ошолор менен эс алам. Үй-бүлөм менен кийинчерээк баралы деп пландап жатабыз.

– Көлгө түшкөндө келбетиңизден уялбайсызбы? Сурайын дегеним, формаңызга көңүл буруп, спорт менен машыгасызбы?
– Бүгүнкү күнгө чейин уялбай эле, ушул келбетим менен сууга түшүп келем. Убагында спорттун көп түрү менен машыккам. Азыр волейбол ойнойм. Жеткинчек кезде каратэ менен алектенгем. Оо, ал кезде каратэ мода эле, мен теңдүү балдардын оозунан спорттун бул түрү түшчү эмес. Бир билгеним, каратэде бутту бийик көтөрүп, «кия» деп тебиш керек. Кинодон көрүп туурайын десем, ал учурда көп деле берилчү эмес телевизордон. Каратист болом деп эки инимди көп кыйнагам. Аларга «бутуңарга бекем тургула» деп коюп, «кия» деп экөөнүн башынан бутумду бийик көтөрө берчүмүн. Ошентип тепкиленип жүрүп бир жолу керебеттин бутун да сындыргам.

– Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Неберелүү болдуңуз, кандай экен?
– Эки уулум студент, улуу кызым турмушта. Жээн неберелүү болгом, бирге чыгып калды. Кичүү кызым 1-классты аяктады. Жээн неберелүү болгондуктанбы, азырынча чоң ата даамын жакшы сезе элекмин.

– «Барбайм дейм, кайра айланып сага барам.
Баргандан эч убакта тажабагам.
Сүйүүң бар, билем, ансыз жашай албайм, А бирок жубайлыкка жарабаган!» деген саптары бар ырыңыз жөн жерден жаралбаса керек?
– Бул саптар менин жашоомо таандык деп айтпайм. Бирок, албетте, мындай кырдаал менен бетме-бет келгендер толтура. Чыныгы турмуштан алынган. «Жубайлыкка жарабаган» деген саптар орой угулушу мүмкүн. Башынан өткөргөн адамдар аны сөзсүз түшүнөт. Бул ырга Баткенден келе жатып обон да жаратып койдум. Аранжировкасын жасатып, ырдаш эле калды.

– Мындай ырларды укканда Фарида жеңебиз кызганабы?
– Кызганат да. Телефонумду кээде карап калат, бирок менин буюмума башка бирөөнүн тийишин көп жактырбайм.

– Жубайыңыз ушуга чейин канча жолу таарынып төркүнүнө кетти?
– Фарида төркүнүнө таарынып бир да жолу кеткен эмес, Нарын алыс да, ха-ха. Кайнатасы келинине «урушуп кетсеңер эч убакта мага айтпастан төркүнүңө кетип калба» деп көп айтчу. Фарида эки-үч жолу кайнатасына арызданып телефон чалды окшойт. Атам келип, баарын жайгарып кеткен эле. Фариданын менден кетишине атам жол берген эмес. Атамдын да көзү өтүп кетти, эми ал азыр эч кимге арыздана албай калды.

– Фарида эже ушул убакка чейин эч жерде иштеген жок, бул жетиштүү акча тапканыңыздын белгисиби же кызганчааксызбы?
– Балдардан бошобой эле иштебей калды го, кесиби инженер-куруучу. Иштейм деген маселени көтөрдү, мен «баары жетиштүү го» деп иштетпей койгом.

– Акчаны сиз кармайсызбы же жубайыңызбы?
– Негизги акчаны Фарида кармайт.

– Балдарыңыз менен сырдашасызбы, качан келиндүү кылабыз дейт?
– Сырдашчу жерден сырдашам, кеңешимди берчү жерден кеңеш берем. Улуу балам Ханбото 2-курсту аяктады, 5-курста үйлөнөм деп жатат.

– Күйөө балаңыз менен ата-баладайсызбы?
– Ооба, ал дагы биздин үй-бүлөнүн бир мүчөсү да.

– Бажы кызматынан кеткениңизге өкүнүп калбайсызбы?
– Андай ой менде эч качан болбойт. Андан кийин «Кыргызпатенттен» деле кетпедимби. Жумуштан кеткенимдин олуттуу себеби деле жок. Мен ал кызматка «Республика» партиясынын атынан баргам. Алар оппозицияга кеткенде өзүм эле орун бошотуп бердим.

– Тасмада да өзүңүздү сынап көрдүңүз, көптөр сиздин актёрлук чеберчилигиңизге сын айтышууда. Андай сындар өзүңүзгө да айтылдыбы?
– Мен профессионал актёр эмесмин, жадакалса профессионал ырчы эмесмин. Андай сөз оозумдан да чыккан эмес. Ырдаганым да, кинодо ойногонум да өзүмө жакпайт. Өзүмдү экрандан чыдап көрө албайм. Сындар өзүмө деле көп айтылды. Чыгармачыл адам бардык жагынан эркин болуш керек. Ага «минтип койдуң, андай болбойт» деп орундуу да, орунсуз да сындарды айта беришсе чүнчүп кетет. Ар бир адамга жага албайсың да, туурабы? Аккордеон менен элге таанылып калгандан кийин «мен эми эстрадага өтөм» деп гезитке интервью берген элем, 1992-1993-жылдары. Ошондо «эстрадага өтпө эле өтпө, ал сеники эмес» деп кулагымдын кужурун алышкан. Жыйынтыгы начар болгон жок. Аз да болсо эстрадага өз салымымды кошуп келе жатам.

– Алматыда концерт бердиңиз эле, кандай өттү?
– Жакшы өттү. Залдын жарымы ошол жакта иштеп жүргөн кыргыз туугандар болду. Жарымын казак досторум толтурду. Чынында, казак туугандарда менин күйөрмандарым аз.

– Дайыма ырчы айымдар менен дуэт ырдап келесиз. Эл арасында «ошол кыз менен соо эмес» деген сөздөр айтылчу эле...
– Асел Турдалиева менен ырдап чыккандан бери эле ушундай сөздөр жашап келет. «Муну менен ырдасам ушинтип айтышат турбайбы» деп ырдабай койбойм. Эмнени туура деп билсем, ошондой кыла берем. Мындай сөздөргө таң калбайм жана маани бербейм.

– Жигиттерден турган «Арман» аттуу топ түзүп жаттыңыз эле. Аты угулбай калды акыркы учурда.
– Үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу тарап кетишти. Бири Орусияга, бири айылга кетти. Алмаз деген жигит жеке ырчы катары чыгып жүрөт. Студиямда иштегендерге «таланттуу жигиттер, кыздар болсо алгыла, чыгаргыла» деп жатам.

– Жаңы клибиңизге качан күбө болобуз?
– Баткенде жүргөндө клип тартуу планымда бар эле. Жетишпей калдык. Эми 15-июлдан 20сына чейин убактым бар. Бул аралыкка чейин тартсам тарттым, тартпасам артка жылып кетет. Анткени жыйырмаларында Орусияга гастролго кетебиз. «Өтүксүз өтүкчү» деген менмин да, клип тартуучу студиям деле бар. «Качан мага клип тарттырат?» деп 5-6 ырым кезекте турат. Булардын ичинен «Мен сага жагамынбы?» деген ырыма биринчи тартылат го.

– Казактардын «МузАРТ» тобу сиздин «Тамчы шүүдүрүм» деген ырыңызды ырдап жүрөт, кандай шартта ырдашат?
– Топтун түптөөчүсү Алтынбек Коразбаев жакын ага досум. Тойлордо катташып турам. Алар менден уруксат сурабай деле ырдай беришет. «Тамчы шүүдүрүмдүн» текстин эле өзгөртөбүз дешкен. Уксам, айткандарындай эле текстин өзгөртүп алышыптыр. «Менин ырымды казактар ырдап жүрүшөт» деп кызганбайм. Ырды бирөөлөр ырдасын, уксун деп чыгарат да. Кыргыз-казак илгертен жакын элбиз. Биздин жаштар деле кээде келип «ырларыңызды ырдайын дегем» деп сурап калышат. «Жагабы, ырдай бер» дейм. Болгону сөздөрүн менден тактап алышсын.

– Чубак Сатаев сиздин «Жолугалы, гүлүм» деген ырыңызды ырдаптыр, чогуу иштешип калдыңыздар беле?
– Чубак экөөбүз чогуу иштешкен деле жокпуз. Мени бир тууган инисиндей көрчү. Ырларымды жакшы көрчү. «Жолугалы, гүлүм» менен «тартынбай бери карап...» деген саптары бар эки ырымды аткарар эле. Концерттеринде дайыма ырдачу.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Бек Борбиев: "Кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө салымымды коштум"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(68)
SUPER.KG видео
08.07.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы..Ишинизге ийгилик. Аттин неге жолуктум, Сени алам деп олуктум... Деген ырларыныз абдан жагат!
08.07.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы мыкты экен, Бек борбиев нечен ырларды жаратты, ошонунун баарын мойнуна албай турмуштан алынган дегени менен баары бир журокто сезим болбосо мындай ашыктык ырлары жаралмак эмес. демек аялы мыкты экен.
08.07.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары чонойуп калса да жаш корунот 25ке чыккандай чыгармачылыгынызга ийгилик кл иптеринизди кутобуз
08.07.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айал жакшы эр жакшы дегендей Бек байкеге туткон фарида эжебиз азамат негизи нарындын кыздары кыйын болот копчулук чыгаандардын айалдары нарындан болгон ошон уун нарындан алгыла айалды нарындыктар баарына чыдамкай болушат
09.07.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perulan, рекламан жакшы экен :)
13.07.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perulan, ...Андай аялдар бардык жерде бар дорогая! бир эле наарында эмес.
08.07.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке биз да ырларынызды талыкпай кайра кайра уга бергенден тажабайбыз чыгармачылыгынызга !ийгйлик кызгыз элиниз талыкпай дага да жакшы ыр обондорунузду жарата бериниз!Кыргыз эли биз сиздин талантынызга таазим кылабыз!
08.07.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге мактоолор чексиз,сиздин ырларыныз эч качан очпойт,мени окундургон сиздин аартыныздан сиздей талантуу ырчы чыкпай жатканы,азыркы ырчылардын 5 жыл мурунку ырлары унутулуп калып жатат,дагы бир чоон разычылык Фарида женебизге.
08.07.2013. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ыр завод жакшы иштеп жатыптыр, бул эн сонун
08.07.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир созу орундуу бул браттын.башкаларга окшоп мактанбайт.азыркы ырчылар которуло тушсо эле сахнага апасын таенесин чон энесин алып чыгышып тааныштырып киришет.Бек байкенин андайын коргон эмесмин
08.07.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы ырлардан бат эле тажап каласын.Бек байкенин 90-жыл-гы ырларычы азыр да уккандан тажабайсын.коп жашаныз.
08.07.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусияга качан келет экен биле албадынарбы.кутобуз байке.
08.07.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бек байке интервьюну жакшы бересиз дайыма жонокойсуз ишизге ийгилик
09.07.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек берипсиз, женебиз менен бактылуу омур сурунуз. Сиздин ырларыныз очпой турган, унутулгус ырлар!
09.07.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары укулуктуу кайра-кайра уккандан тажабайм,жеткиликтуу ,маанилуу .Чыгармачылык ийгилик
09.07.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кызыл орук"тун автору Мирлан беле,ошого жолугуп совет берип коюшунуз керек экен Бек байке."Кой иним антип баарын эле сотко бере берсе болбоойт,ырды ырдаш учун жаратабыз да "деп
09.07.2013. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжайга барганда айылда элем, концертине баралбай калдым бирок... Бек байке сапсим красавчиксиз!
SUPER.KG видео
09.07.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары жагат айрыкча "мен суйгон карагат"-кино тасмасындага ойногон ролу ошол кинодогу "мен суйгон карагат"-деген ыры жагат
09.07.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкенин ырлары аябай жакчу, азыр деле жагат. Бирок, "айдай чырайды боктой кыял бузат" деген соз аялдарга эле эмес, эркектерге да тиешелуу.
09.07.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынын суроту жокго? коргум келди эле...
09.07.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын гезит аркылуу соккону жаккан жок, талантына соз жок албетте!
09.07.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке дагы атасын уккан, эн биринчи атасы, анан келини Бек байкенин аялы баары эстуу кишилер экен. Атасы мага баарынан жакты. Азыр мындай кайнаталар аз. Мындай кайнатадан айланса болот. Аялынын аты Фарида беле ал киши да азамат кайнатасы отуп кетсе дагы байкенини жаманын билгизбей, тымпыйып жашап келет. Башка ырчынын аялдары бирдеме болсо эле гезитке чуркап журушпойбу
10.07.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде Бек, эркектик мунозун жагат да, так держать!
SUPER.KG видео
10.07.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек сиз чын эле Кыргыздын, Кыргызстандын таалайына жазылган чыныгы талантсыз. Сиздин ырларыныздай саны жагынан да, сапаты жагынан да элге коп тараган ырчы жок болсо керек.
11.07.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс тарткандан бери ырларынызды уккандан,жазып,жаттап,ырдагандан такыр тажабайм!Сизди уй-булобуз м-н колдойбуз!Ийгилик Бек байке!
12.07.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке реальный красссссавчиксиз ийгилик сизге!
13.07.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинемден ырларын суйуп угуп келем.Талантыныз ташкындай берсин.Дагы жаны ырларды кутобуз.
13.07.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonkoiluk sapat aiabai jakwy da uwu. bul ubakka cehiin ele yrlaryn ugup kelem. konsertinizge bara albai jurom. kachan bolot emi
15.07.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялын соккон жерин окубадым окшойт.кайсыны айтып жатканынарды айта аласынарбы
22.07.2013. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы кетем дегени жонундо соз болгонжокко
SUPER.KG видео
03.09.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек байкенин мунозу жагат.
SUPER.KG видео
03.09.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек байеке сизге каларым узун омур чын ден-соолук уй булонуз менен ар дайыма бирге болунус сизди Москвага концерт койуп келишинизди чыдамсыздык менен кутуп калабыз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо