БАШКАГА КЕЛИН БОЛУПСУҢ...

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Биздин айыл чакан. Элетте кимдин үйүндө эмне болгону эшигинен даана угулуп турат. Шаардан келип, айылдын өзүнө тиешелүү керемет абасынан дем алып бактын түбүндө жаткам. Апам ызылдап ары-бери эле чуркап жүрөт, атам жумуштары менен кеткен.
– Ай, Асилбек кайда кетти?
– Апоу, мен бияктамын.
– И, кагылайын, эс ала бер. Тамак даярдап койдум, ичип алып уктасаң боло, күчүгүм.
Анын ушул сөзү мен үчүн баарынан кымбат. Апама окшош кызга үйлөнөм дечүмүн. Энемдин мээримин, боорукердигин, шайырдыгын, муңайса да күлкүсү менен жууп кетчү мүнөзүн баалайм. Жыргап жата бердим, апам болсо дале күйпөлөктөп ары-бери чуркап жүрөт. Сыягы, тойго башка районго барган жатат окшойт. Маани деле бербегем. Бир убакта аяп кеттим. Чынар карындашым турмушка чыгып кетип, азыр апама кол кабыш кылганга кыз жок. Иним жардам этимиш болгону менен, аял кишинин жумушун такыр кылбайт, баары бир түйшүк апама түшөт. Андайда атам:
– Балаңды үйлөндүрбөсөң ушинтип жүрө бер, мага малай болуп,- деп тамашалап калат.
Кыскасы, тезирээк келиндүү кылышым керек деген чечимге келгем. Апама окшош кыз да тапкам. Аты – Ширин. Шайыр, жароокер, жаркылдаган кыз. Экөөбүздү группалашым тааныштырган. Аны бир көргөндө эле «меники болот» деп чечип койгом. Ошентип, ага жагуунун амалын кылып улам телефон чалып, СМС жазып отуруп кыз жүрөгүн багындырдым. Багындырдым десем туура эмес болуп калабы, билбейм. Мага ошондой сезилчү. Менде бир кызык сапат бар экен, кызганчаактык деген. Ушул адатымдан арыла албай койдум. Анан да өтө намыскөймүн. Шириним менден өтөт намыстуулугу боюнча. Өзү батынып чалбайт же жазбайт. Дайыма мен чалам, мен сурайм, мен тескейм.
– Сен мени жүдөтүп жибердиң! Ата-энемдин көлөкөдө баккан кызымын. Суранам, ишенчи мага! Курулай кызгана бербечи,- деп айтты бир күнү.
Макул деп коюп эле баягы адатым кармап калат. «Кайда жүрөсүң? Эмне кылып жүрөсүң? Неге биринчи чалбайсың, мени сыйлабайсың?» деген сөздөрдү айтпайын десем да айтып жиберем. Ал капа болот, кайра жазылат. Бир күнү катуу урушуп кеттик. Бул жолу катачылык андан кетти, көңүл оорутчу сөздөрдү айтып коштошуп койду, менден сурабай эле. Бир күн чыдадым да, кайра эле мамилени өзүм баштадым.
Апама тааныштырсамбы деп жүргөндө бир досум үйлөнмөкчү болуп калды. «Мальчишник» кылалы, жалаң балдар, аялыңарды же кызыңарды чакырмай жок, айтмай да жок» деген өтүнүчүн орундатмак болдук. Ошентип, Ширинге айтпай отурушка камындым. «Мегакомдун» «Сен кайдасың?» деген жаңы кызматы чыкпадыбы. Телефонду өчүрбөсөм, кайда жүргөнүм билинип калмак да. Телефонду өчүрүп, бир күн кечке жыргадык. Биз эс алган жайда эски тааныш кызга жолугуп калдым. Аны менен сүйлөшүп турсам, балдардын бири бизди сүрөткө тартып жаткан, маани деле берген эмесмин. Интернетке жүктөп коюптур...
Отуруштан келип телефонумду күйгүзсөм Ширинден кат келди, «Жакшы эс алдыңбы?» деген. «Билген тура баарын» деп «рахмат» деп жооп жазып койдум. Кайра жооп келди, «анда мындан ары да жакшы эс ала бер» деген. Мен да өжөрмүн да, жооп бергим келген жок, ал да ошону менен жазбады. Эки күн өттү, кабар жок, өзүм батынып чалбай, көгөрүп отурам. Үчүнчү күн дегенде кайра СМС жазсам, жооп келбеди, чалсам албады. «Таарынган экенсиң» деп тим койдум. Бир жума өттү, дале кабар жок, мен да үн катпайм. Акыры чыдабай жаздым, чалдым, жооп берди, бирок мен өзүм кайра ар кайсыны айтып жинине тийип алдым. Бир күнү «жалдырабайм, билесиң мени, бактылуу бол» деп жазып ийдим. Ушул сөздү бекер жазыптырмын, азыр өкүнөм...
Бактын түбүндө жата бермек белем, турдум. Аңгыча атам да келип калды. Апам экөө бир нерсени чече албай эле кыжы-кужу болуп жатышат.
– Эмне болуп кетти, кымбаттууларым? Мен ата-энеме ушинтип кайрылып калдым.
– Барбайм деп жатпаймбы, мына балаң турат, бара бергиле экөөң. Өзүм да чарчап турам, анан ошол айылга барыш үчүн канча убакыт кетерин билесиңби?
– Дайыма ушинтесиң, уят эмеспи кызыбызга. Кудалар деп сыйлап Чынардын кайындары атайы чакырса...
– Кой, башты оорутпа, кемпир. Кызым таарынбайт, кудалар да таарынбайт, мен берчүмдү берип жиберем. «Табы жок» деп койчу, бай болгур!
– Бул кандай адилетсиздик?! Мен адвокатыма даттанам,- деп апам мага карап күлүп калды.
– Жүрү, балам, даярдан. Бүгүн барабыз да, кайра түнү менен келе беребиз. Атаңды көндүрө албай койдум, күйөө балаңдын агасы үйлөнүп жатыптыр, тойго чакыруу келген.
– Бул жерде сиздин укугуңуз бузулуп жатат, жолдош Суранчиев, жубайыңызды жалгыз кантип жибересиз?- деп мен да тамашалап калдым.
Ошентип, карындашымдын үйүнө тойго жөнөдүк. Жумуштан эки күнгө эс алганы келсем, анын бир күнүн тойлоп өткөрмөй болуп калдым. Кыйла жол жүрүп бардык. Кудалар, карындашым, күйөө балам тосуп алышты. Жаштар шапардан келише элек экен, ресторандан орун алып отуруп калдык. Бир убакта тамада эки жашты чакырды. Жанагы «Жар-жар» ырын уксам эле эмнегедир толкунданып кетчүмүн. Баарыбыз ордубуздан турдук. Үлпүлдөп ак шөкүлө кийип, бетин тор менен жаап келин турат. Ак көйнөк, ак калпак кийип күйөө бала чыкыят кызды колтуктап.
Жүгүнүү салты бүткөн соң кайненеси келиндин жүзүн ачат турбайбы. Ошондо чалкамдан кетейин деп барып араң калдым. «Ширинге окшош го» деп карап коём, кайра өзүмдү жооткотом, «ушундай да окшош адамдар болобу...» деп. «Бул айылдан эмес» деп отурдум, тилекке каршы, ал келин менин Шириним болуп чыкты.
«Азиз+Ширин, бактылуу болгула!» деген каалоо-тилектер айтылган сайын ичим өрттөнүп, жанымды коёрго жер таппай турдум. «Акыры ушинткен экенсиң, артымдан чуркаган кыздар толтура деп бекер көңүлүңдү калтырыпмын» деп башымды мыкчып отурдум. Апам улам мени карап коёт. «Өңүң бозоруп кетти, ооруп калдыңбы?» деди эле, «жок, тынчсызданбаңыз» дегеним менен, ичим жалын, сыртым чок. Тойдо бизге сөз бергенде апамдын жанында тура бердим, сүйлөй албадым. Ширин мен тарапты такыр караган жок.
«Мен деле бактылуу болом» дегеним менен, баары бир ага деген сүйүүм күч экен. Мен махабатымды моюнума албапмын. Достор, мага окшоп куру намыс деп кыз көңүлүн оорутпагыла, сүйүүңөр үчүн күрөшкүлө. Бир сөздөн өлүп деле калбайсыңар, болгону ашык болуп калсаңар, ал үчүн күрөшкүлө, кийин аттиң деген менен бекер.
Апам экөөбүз тойдон кайттык. Жан дүйнөмдөгү бороонду ыр менен жууп жиберейин деген ойдо музыка койдум. Машинамда ыр жаңырууда. Рысбек Токтобаев деген ырчы ого бетер жарамды тырмап «ак жоолук салып келишкен келин болупсуң, башканын жары болсоң да, балбылдап көзүң жайнап, баары бир өзүң сулуусуң» деп ырдап жатпайбы...

Асилбек

Жаңыл Калыкова
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(75)
10.07.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да башымдан откоргонмун мындай окуяны,баланы 100%тушунуп турам
10.07.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al kyz tuura ele kylgan menim4e, men dele anyn ordunda bolgondo ushundai kylmakmyn............
16.07.2013. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Januska, туптуура айтасын, мен дагы ошондой кылмакмын, ошентип дайыма кызганып анан чалбай коюп, жазбай коюп постоянно характерин корсоткон эркектен тунулосун да, андай адам омур бою ошондой болот значит деген ой келет
10.07.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде досу кунолуу болуп калыптыр суротун интернетке чыгыгарып...
14.07.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiku_83, jok balada kuno
10.07.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин деле ыраазы болуп...кубанган жери жок сыягы.
10.07.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох, азыр мен эстесем журогум ооруп кетет куру намыс учун суйгонумдон кол узойун дегем.Бирок ал жол бербеди.Менден куноо кеттеби кетбейби баары бир озум чалчу эмесмин. Тем более баары каршы чыга беришкенден ойлонуп кой эмне кылсам дагы кол узушум керек деп бут уруштун баарын озум баштачумун анын да менин конулум калсын деп.Негизи ал аябай намыйкой. Озу айткандай канча кыз мн суйлощтум сенден сулуу сенден жаш бир нерсеси туура эмес болсо же таарынып чалбай койсо мен вообще чалчу эмесмин дечу.
10.07.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле, мурун жон эле тааныш кезде корчумун кыздарын.Азыр бассам турсам жанымда.Кээде аябай катуу кучактап алып "Сенсиз такыр жашай албайм" десе мен откон бактылуу адам жок.Албетте уйбулоболгондон кийин кээде урушасын.Ал да ото кызганчак.Бирок суйгон адамын болгондон кийин бат эле унутуп каласын.Жинин тарагандан кийин козуно ал адамдан ушунчалык сонун корунуп,ага болгон суйун ашыпташып кетет.Ошон учун кандай болбосун эгер бири биринерди чын суйсонор эч качан кол узбогуло!
11.07.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazz007, бактылуу бол! азамат кыз экенсин баарын женген окшойсун
10.07.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх.....аянычтуу
10.07.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайды баарыбыз башыбыздан откоргон окшойбуз сыягы. Ошон учун терен ойлонуш керек, кийин окунгондо пайда жок
10.07.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да жаны еле ескирип баражаткан жарамды тырмап салдын
14.07.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kapitan, Сиздеги жара менде дагы бар даже хуже... бул айыкпас жара 2009-ж. чыккан дале айыкпай журом... Айтарым суйуунорго жетуу учун чын дилден арекет жазаныздар! кийин воообще кеч болот экен...!
14.07.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZAP_2009, суйушкондор суйуунор бек болсун!
11.07.2013. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жугургон калат, Буйруганы алат.
11.07.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм кошогосу когорсун!!!
11.07.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер озу ошентип гордый болуп аласынар. Суйуу бул турмуш аны сакташ керек. Баланын акыбалын тущунуп турам ак койнокчон суйуктуусун биронун жары болуп турганына чыдаган кандай кыйын. Ушуну окуп башкалары акылына кирсе.
12.07.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарга сабак болуптурда
12.07.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызганып журо бербей атты камчылаш к,к убагында

13.07.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
...Мына коросун, сага Аллах ал кызды туура корбоптур, значит андан да жакшы кыз сага тен келет.И вот ошол кыз сенин чыныгы суйуун болот...
Ортонордо суйуу болгондур бирок Ширин сени суйгон эмес. Если ал суйгондо оз бактысы учун курошмок.
14.07.2013. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aianychtuu,,, ar adam oz tugoiu menen baktyluu bolsun...otkon ishke okunboi sabyrduu bolun.
14.07.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес досум, Ширинден дагы Шириин кызды табасын, куда кааласа.....
14.07.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладес туура кылыпсын кызга ишенбегиле эсинер болсо балдар мен да сага окшош болойн деп турам ошондон кийин башка бир кыз жакса олойун
14.07.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh jawoodo emneler bolboit.
14.11.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр да жолдош Суранчиевдин баласы кыз табылат ,ал да бактылуу болсун
03.12.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да чалбаса тийип кетем блин окунсун)))
25.07.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде балдардын кылган мамилеси дайыма ошондой болсо кыздар тунулобуз да.Анан бизди баалаган бир азамтка тийип кетебиз.Ошондуктан колунардагы алтынды баалай билгиле!
06.11.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ехее... Журок дагы башкача сого баштадыго, неге дайыма ушундай бироо тийип кетет екинчиси уйлонуп алаат.
27.05.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганыч жаман нерсе аны билип турсамда кызганып жүрүп сүйүүмдөн айрылдым азыр ал бактылуу турмушка чыкты бир ай болду окшойт
28.05.2018. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп нерсе баладан зависит этет да
28.05.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эркек кызды тандап уйлонбойт, кыз тандаса эрекек уйлонот деген чын. Кыз сени тандабаган учун кудаана куйоого чыктыго сага эмес
29.05.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз мектептен универди буткончо баш-аягы 10 жылдай суйлоштук. Уруш-талаш ортодо баары биригип. Негизги баш оору текебердик болду эки тараптан тен. Мектепте окуп жургондо анкета мода болчу, "Эки кызды бирдей суйсон эмне кылмаксын?" деген суроого "Бироосу калгыча уйлонбойм" дептир. Ошентип мен мурда кеттим турмушка... Негизги созу "Сени караган коздорду кечирбейм" болчу, озу башка шаарда окуп, мен башка шаарда. Азыр билем, ото окунуп журот.
29.05.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок мен кыз болсом да намысты коюп, кийин окунуп калбоо учун разборкага бардым башка шаарга. Себеи экообуз эки шаарда окуп ото эле ушак, калп соз аралашып кеткен. Баарын ачыгына чыгарып алгым келген. Негедир кайра эле ушакка такалып туруп алды. Кобуроок куноо мен тарапка ооп эле болбойт. Акты ак, караны кара деп чыккан кезде да сонку созу "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" болду. Ошол менен аркамды карабай кеттим.
29.05.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийин бир жолугуп калып айтат, бурулуп бир караса чуркап жетип кое бербей алып калам деп ойлосом бир да бурулбай койдун деп. Аябай кулдум, ошончо намысты жыййыштырып алдын барган мен учун дагы бурулуп кароо ашыкча болмок деп. Эстебесем да коп кирет тушумо, негизи жакшы эле адам. Болгону бешенеге жазган эмес...
29.05.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ziko_kt, ал адамынызды унутпайт окшойсуз гоэ
29.05.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо илгерки макалалар кайра башынан элге сунулуп жатабы?!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо