№557 05-июль-11-июль, 2013-ж
Жакында Германиянын Ольденбург шаарында уйлар арасында «Германия сулуусу» сынагы болуп өттү. Ага 250 уй катышты. Калыстар тобу уйларды бир нече критерийлер менен кароодон өткөрдү. Айта кетсек, уйлардын денесинин жана терисинин чымырлыгына, эмчегинин туура формада экендигине, буттарынын күчтүү жана публикада өзүн жакшы кармоосуна басым жасалды. Жыйынтыгында Loh Nastygirl аттуу уй жеңүүчү деп табылды. Ээси Томас Шульте-Ломёллер кубанганынан уюн өөп да жиберди.
Германияда мындай сынак жыл сайын өткөрүлөт.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кыргызстанга ушул уйлардан алып келип айыл чарбасын,мал чарбасын жогорку денгээлге которуп малдын продуктуулугун,породаны жакшыртышса болбойбу.Мал чарбасы ноль бизде.