ИЗДЕЙМ СЕНИ

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 2004-жылы ЖАМУнун Таш-Кө­мүр технологиялык факультетинин БАСк-1-04 группасында чогуу окуган группалаштарымды издейм.

Уланбек Сейталиев,
тел.: 0779 74-07-41, e-mail: uranbas7@mail.ru

«ЖЭЭНИМ ТААРЫНЫП ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН»
– Мен 1982-жылы Суусамырдын Кожомкул айылында тө­рөл­гөн сиң­димдин кызы Мокотаева Адина Токтоболотовнаны издейм. Ал мындан 10 жыл мурун таарынып үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген жок. Угушубузча, ал Ысык-Көлдүн Орго­чор деген айылына турмушка чыгып­тыр. Айнура деген кайнежеси бар экен. Адина, эгер бул кабарды окуп жатсаң, биз менен байланыш. Сени апаң, бир туугандарың кү­түп жатат.

Таежеси Рапия,
тел.: 0555 94-00-97

«ТАЯТАМДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Таятабыз Шаршен Сатылгановду издейбиз. Ал Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынан болот. Таятам менен таенем жаш кезинде баш кошуп, анан апам кичинекей кезинде ажырашып кетишкен экен. Апамдын аты-жөнү – Төрайым Шаршенова. 1953-жылы төрөлгөн. Ажырашкан соң таенем Жалал-Абад шаарына турмушка чыгыптыр. Ошентип, апам Жалал-Абадда чоңоюп, таятамды көрбөй калган. Азыр апам таятама жолугуп, тирүү болсо көзүн көрсөк, бала-чакасы менен табышып, катышсак деп издеп жүрөт.

Улукбек,
тел.: 0770 95-00-00

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
10.07.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо кантип байланышсам болот,мен да Оштун Черемушкасында жашачу эле мурда,аты Тариел,1989-жылкы,фамилясы тилимин учунда гана турат,бирок эстей албайтам,окурмандар билсенер жазып койгулачы дарегин.
10.07.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass00,
Саламатсызбы!
Koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз)))
15.07.2013. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, Мага жооп да жазып койбодунуздар ээ мен кутуп атам ишенем таап беришиниздерге рахмат!!!!орозонуздар кабыл болсун!!!
14.07.2013. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алейкум Супер инфо гезити!!!ыйык Рамазан айы мубарак болсун! МЕн Эрматов Арстанбек 1969 жылы Алайда туулган 1-1 бир уул бир кызы бар Мееримай аялын аты Чолпон))'2008 жылы Ноокатта пом.Прокурор болуп иштеген азыр Бишкекте турушат коптон бери издеп журом телефон номерин табууга жардам бере аласыздарбы ????сураныч рахмат 8926-07-07-827 ушул телефон аркылуу байланышса болот Бекболот !!!!
15.07.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT,
Саламатсызбы!
Koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз, бул жакка эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо