№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Баткен-Исфана жолунун учурда абалы начар. Жолдон тынымсыз оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнүн натыйжасында жолдор бузулуп, жарылып кеткен. 8-июлдан баштап бул жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев маалымдады. Анын берген маалыматына караганда, салынуучу жол Баткен районунун Ак-Татыр айылынан Лейлек районунун Кара-Суу айылына чейинки аралыкты камтыйт. Андан ары Кара-Суудан Исфанага чейинки аралыкта болуп, эки жерден курулуш иштери башталат. Эки жол тең күзгө чейин бүтөт. Эл аралык стандарттагы асфальт жол курулуп, ишке берилет. Бул жолду куруу иши тендерден утуп чыккан кытайлык «Чайн роуд» компаниясына тапшырылды.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |