Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КУЛАГЫМ УКПАГАНЫ АРМАН БОЛУП КАЛДЫ»

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

Кеңсебизге бул айым көп ирет келет, ар дайым колунда кучактаган чоң дептери бар. Эмесе, 61 жаштагы Махабат айымдын арманы, көңүл дарты, жан дүйнөсүнүн аруу сырына чогуу шериктеш бололу.

«АТА-ЭНЕМ КУДАЛАП КОЙГОН ЖИГИТТИ ЧАНЫП КЕТКЕМ»
– Өзүм Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынан болом. 1952-жылы туулгам, учурда Жалал-Абад шаарында жашайм. Жаш кезимде келишкен сулуу кыз болчумун. Атам чоң кызматта иштечү. 18 жашымда ата-энем мени кошуна айылдагы бир жигитке кудалашып койгон. Ал кезде же­ңелер кыз-жигитти тааныштырчу. Ата-энем тапкан жигит менен жеңем аркылуу жолуктум. Чачы тармал, бою узун жигит экөөбүз таанышып, сүйлөштүк. Кутман институтту бүтүп келген, сымбаттуу жигит экен, жактырдым, ага да жагыпмын.
Ошентип, ата-энелерибиз салт-санаасын кылып бизди баш коштурмакка белсенип калышты. Ошол учурда мен ал тууралуу жаман сөздөрдү уга баштадым. Элдин ичинде жаманы да, жакшысы да бар эмеспи. Кутман тууралуу мага ар кандай сөздөр айтыла баштады. Башка кыз менен да байланышы бар экенин укканда катуу ызаланып кеттим. Азыр ойлосом, кыска ойлуулук кылган экенмин. Ушак сөзгө таарынып, өзүмдүн чырайыма ишенип документтеримди алдым да, Ош шаарына окуганы кетип калдым. Кутман артымдан келет деп ойлогом, бирок ал келбеди. Август айында училищеге тандоо жүрүп, ага өтүп кеттим.
Жылдар өтө берди, окууну бүтүп, кесибим боюнча иштеп жүрдүм. Канча убакыт өтсө да, Кутманды күтүп жүрө бердим. Жү­рөк­кө буйрук бере албайт экенбиз да, андан башка адамды жаныма жа­кындата албадым. Кийинчерээк анын үй­лөн­гөнүн уктум. Айылдагы бир кызга баш кошуп, менин ата-энемден калыңга деп берген акчасын да алып кетишиптир. Ушунчалык жүрөгүм ооруду, андагы абалымды өзүмдөн башка эч ким түшүнбөс.
Көп өтпөй 1970-жылы мен да турмушка чыктым. Иштеп жүр­гөн учурда кошуна жашаган жигит мени жактырып калып, ала качып кетти. Баш коштук, тагдыр экен, аны менен жашап калдым. Жолдошумдун ата-энеси жок, жетим болчу. Тагдырым татаал болуп калды, анткени көңүлүмө туура келбеген адамга туш келдим. Анан да ал аябай кызганчаак эле. Мени катуу сабап, денем көгала болуп сулк жатып калган убактар көп болду. Тамеки эгип, жер иштетчүбүз. Кийинчерээк жолдошум ичкиликке берилип кетти. Ичкилик ичкен күнү менде күн жок. Аны эл дагы билет. Алты балалуу болдук, мен жолдошумдун көп ичкенине карабай балдарым менен бутка туруп кеткенге аракет кылдым. Сабагандан улам канча жолу боюмдан түштү.

«КҮЙӨӨМ САБАЙ БЕРГЕНДИКТЕН ООРУКЧАН БОЛУП КАЛДЫМ»
– Жашоо түйшүгүнүн баарын жүрөгүмө, ичиме ката берип дартты үйүп алсам керек, катуу ооруп калдым. Бир күнү эртең менен ойгонсом бүтүн дүйнө жымжырт, эч нерсени туйбайм. Көрсө, колу-бутум иштебей, кулагым укпай калыптыр. Оозумду ачканым менен сүйлөй албайм, тилим күрмөөгө келбейт. Күтпөгөн элем, бирок тагдыр ал күндү да башыма салды. Ооруканадан мени дарыгерлер жакшы карашты. 1 айдан кийин бутум бир аз шилтенип калды. Андан соң акырындан сүйлөй баштадым. Бирок кулагым укпаган бойдон кала берди. Жымжырт, тыптынч ааламда жашап келе жатканыма быйыл 25 жыл болот.
Жолдошум экөөбүз Көк-Арт кичи шаарчасына там тургузган элек. Ал арада аны көчкү басып калды. 2006-жылы жолдошумдун көзү өтүп кетти. Кан басымы жогору болчу, эч бир жери оорубай эле отурган жеринде кете берди. Учурда 6 баламдын үзүрүн көрүп, «шүгүр» деп жашап келе жатам. Бирок кулагым укпаганы жана жүрөгүмдөгү сүйүүм менин арманым болуп калды. Кээде ушунчалык бук болуп кетем, адамдардан корунам. Пенделер баары бирдей эмес, кээ бири мени табаласа, кээ бири түшүнөт. Эгер адамдар мени капа кылса, мен аларга капа болгонумду билдирбейм, ичиме катам. Айтышат го, Кудайга жаккан адамга гана сыноо берилет деп.

«ЖҮРӨГҮМДӨГҮ СҮЙҮҮМ ӨЧӨ ЭЛЕК»
– Кимдир бирөөгө күлкүлүү туюлар, бирок менин Кутманга болгон сезимим дале өчө элек. Билем, сүйүү бар нерсе, ал түбөлүк жашай берет, өчпөйт. Жолдошумду сыйлап, ага жакшы аял болуп бергенге аракет кылдым. Бирок сүйүү башкача сезим экен. Баарын дептерге жазып катып коём. Сырымды эч кимге айтпайм, сырдашым ушул ак барактар.
Кутман учурда айылда кадыр-барктуу киши. Көргөн жерден сый саламдашып өтүп кетебиз. Өмүр бою ошол адамды сүйүп өткөнүмдү билдирбейм. Анын балдары жана менин балдарым муну окуп калса туура түшүнүшөт деген ойдомун. Өлсөм ичимде кетпесин деп силерге кайрылдым. Азыркы жаштарга айтарым, сүйгөн адамыңар менен чогуу болгонго ар дайым аракет кылгыла, күрөшкүлө! Болбогон нерсе үчүн таарынбай, анын ыйыктыгын сактай билгиле. Эң негизгиси, ата-эненин көңүлүн оорутпай, алардын каалоосу менен да эсептешип койгула. Ата-эненин батасын бузбагыла, ал дагы эң жаман көрүнүш. Балким, ошол үчүн дагы мен ушундай тагдырга туш болгондурмун...

КУТМАНЫМА
Ак пейилдүү сен экенсиң,
Өзүм үчүн тең экенсиң.
Айылымда бирге жүрсөк,
Арманыма дем экенсиң.
Түгөнбөгөн кен экенсиң,
Түгөйлөшүм сен экенсиң.
Түпкүрүндө жүрөгүмдүн,
Түнөк алган сен экенсиң.

Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
08.07.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сүйүүсүнө жетпегени ниче кулагы керең болуп калганы чатак болуптур да, мейлин эми бала чакасы бар экен ошолордун убайын көрсүн
08.07.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыр жазса демек чыгармачылыка жакын адам. Чыгармачыл адамдар суйуусуз жашай алышпайт, жана ошол суйуу алардан жан дуйносунун негизи. Булар назик конулдуу адамдар. Мындай адамдарга тушунуу менен кароо керек. Ким кандай десе да алар суйуусунон кече алышпайт. Бир келген жашоодо ар ким каалагандай бирок чектен чыкпай жашоого акысы бар.
08.07.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
балдарыныздын урматын, кыздарыныздын кызматын корунуз
08.07.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эже кооп кыйынчылыкты башынан откозуптур айрыкча ээринин урганы ушу аялын урган эркектердин колдору сынып калса иштебей. Эже бала-чаканыздын убайын корун.
08.07.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу.мынчалык суйбосо эжекебиз деле газета бетине чыкмак эмес да!
08.07.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кутман аке окуса эмне дээр экен, дилиндегисин бөлүшкөнү үчүн эжеге рахмат, бар болсун, көкүрөгү керең болбосун!
08.07.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу-керемет
08.07.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу башынан оор кундорду кечирген адам чыгармачылыка жакын болот кээде ушунчалык кыйналып турсан аны ручка менен дептерге тогуп чачып жазып аласын.
08.07.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А балким жолдошу жакшы чыкканда суйуусу жолдошуна отуп Кутман акени ойлобой калат беле.
08.07.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аруу сезимин айарлап,журогунун теренине сактап,турмуштун кыйынчылыгына карабай алты баланы ага кошуп эрин баккан эжеге ракмат.Эгер азыр таап суйдум десе тарс жыгылып тан калсак болот еле.Жаш кезиндеги биринчи махабатын жоготпой,чарчатпай,алсыратпай сактап келгенине тан калып,суктанып койсок болот.Ошончо азапта суйуусу эмес озун жоготуп койсо болот.Эмне дешсе да сиздей аруу сезими бар эжебиз балдары менен аман болсун!Балдарынын сый урматында болсун
10.07.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raia, кошулам пикирине
09.07.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bul ejeni taanyim.kutman akenin ui bulöösun buzam dep araket kylgan.karyganyn bilbei kaljandap.tuugandary koi deseda bolboi.tim ele yimanduu aial bolup aityptyrgo.uiaty jok aial!!!
09.07.2013. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ebba, мумкүн, мүмкүн сен деле жөн жерден жок нерсени токуп чыкпасаң керек акырыы
09.07.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ebba, ал суйуусу учун курошкон деп айтылат, бироонун ичндеги ойду билбегенден кийин, минтип айтканын туура болбой калат го?
09.07.2013. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kariganda tim ele koiboibu biroonuz ui bulosun buzbai suiuusun baldari neberseine arnap otura berbeibi
09.07.2013. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун уй булосун бузгусу келбеген учун ошентип куйосунун таягына чыдап алты баланы багып олтурат. Ак эле адамды коолой бербегилечи.
09.07.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1,
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар!
09.07.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jamandabai ele Bul aialdy jakshy bilemdaa!!
09.07.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ebba, капырай адамдар!
Анда айтыңызчы бул эженин сүйгөнүнүн аты Кутманбы???
09.07.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешенеге жазган тагдырдан качып кутула албайт эмеспизби.Бул жашоодо суйгонуно жетип бактылуу жашаган адамдар аз ле окшойт.Ккайсы гана гезитти окубайын созсуз суйгонуно жетпей калган адамдардын тагдыры жазылат.
09.07.2013. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инсан бул дуйнодо аял оз милдетин аткарган бул кыска дуйнодо кыйынчылыктарды коруп баштан откорду эми кийинки чыныгы дуйнодо бактылуулукта жашай азыр эле аялдарыбыз заман ушундай кичине б.со эле ажырашам деп чыгат кудай тагдырын жазып койгон кайда качып кутулмак
10.07.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжени мен туура тушундум себеби менин тагдырым да ушул эженикиндей мени да болуп койгондон кийин ал жонундо кандай гана соз укпадым акыры болуп койгондон 10кун отпой сойкосун кайтарып бердим бирок мен азыр анын атында и эстешти да калабайм бирок элге соз болот экенсин азыркы учурда Россиядамын и турмушка чыга элекмин ошондон кийин балдар менен суйлошкумда келбей калды мени туура тушуносунор деген ойдомун достор.
11.07.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбар жашына жетейин деген апаларыбыз минтип олтурса,18деги кыздарыбызды элестете албайм,Жараткан кыргызыма ыйман бер.эжеге -уят,карыганда.бала-чаканды суй,неберелеринди суй,пенсиянды жеп отур уйдо.укпаган бир эле сиз бекен,колу-буту жоктор деле жашап жатпайбы,жарыкты корбогон азиздер журот,суйуу-муйуусу жок эле.нысап бер жараткан.
11.07.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу откон жолдошун жамандабаш керек эледа
12.07.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чоң апаныкын мен туура көргөн жокмун.Себеби сүйүү балага берилет дегенге ишенем,өз башымдан өткөн.Балдарым дегенде ичкен ашымды жерге койом ал тургай ата-энемди алардан кийин ойлоочу болдум.Балалуу болгондон кийин ошолор үчүн жашайбыз да,жаш кездеги кайсы бир сүйүүнү эстейсиң.
12.07.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм суйуу ушундай жинди кылат кутманын бат баттан коруп турганга унута албай жургон го
12.07.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүү сүйүү деп койот
Сүйүү меени жеп койот
12.07.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйууу бир гана аллахка таандык достор
13.07.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердинда суйуу башынарга келгенде тушуносунор.
13.07.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cuyuu jash karyga karabait.ozynyn oiundagycyn aity da baldary,neberelery menen baktyluu bolcun,
14.07.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйу суйу эээээх
14.07.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашпыз да азыр баарыбыз.... бул эжени критикалагандан коро ар ким суйгонубузго жетели деп тилек кылсанар. Кудай сактасын бирок жетпей арманда калсанар бул эженин курагы эмес 80-90 го чыксанар да эстейсинер кийин.
15.07.2013. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуусун гезит аркылуу билдирсе эмне экен.ар бир жарандын оз укугу.жемелебей эле жон гвна окуп суктанып коелучу достор
19.07.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүү керемет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо