№557 05-июль-11-июль, 2013-ж

1-июлда Нарын шаарында «Нарын-Береке» сүттү кайра иштетүүчү чакан цехи ачылып, ишке берилди. Аталган цех быштак, каймак, айран чыгарат. 5 адам жумуш оруну менен камсыз болду. Сүт Нарын районунун жакынкы айылдарынан ташылып келүүдө. Маалыматка ылайык, цехтин күнүнө 1 тоннага жакын сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.
«Нарын-Береке» цехин ишке киргизүү Нарын шаарынын негизделишинин 145 жылдыгына карата жасалып жаткан курулуш иштеринин катарына кирет.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |