№558 12-июль-18-июль, 2013-ж
Акыркы учурларда авто- кырсыктар көп катталууда. Буга дагы бир мисал, 8-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 19-чакырымында, тагыраак айтканда, Чүй облусунун Люксембург айылында жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Жол көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, 20 жаштагы С.Б. аттуу айдоочу Тойота-Альтеза үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жол боюндагы бакты сүзгөн. Натыйжада окуя болгон жерден 3 адам каза таап, 2 адам жаракат алган.
Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертиза жүрүп, жол кырсыгынын себептери такталууда.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |