Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБДЫЛДА БАЛЫ, ГҮЛНУР НАНЫ МЕНЕН ЖАН БАКМАК

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Ар бир адамдын жашоосундагы эң жоопкерчиликтүү кадам бул – келечектеги кесибин тандоо. Ошентсе да айрымдар тандаган кесиби менен эмес, жашоо шартка, өз кызыкчылыгына жараша башка адистик боюнча иштеп келишет. Мындай жагдай эл оозуна алынып калган адамдарда да кездешет.

АБДЫЛДА – БАЛ ААРЫЧЫ
Эгер Абдылда Иманкулов куудул болбогондо, анда бал челекчи болмок. Тагыраак айтканда, ызылдатып бал аарыларды багып, көбөйтүп, учурда Бишкек-Ош жолунда «таза бал, таза асел алгыла» деп отурмак экен курсакты сылап коюп. Анткени куудул агабыз 1980-жылы эле бул тармак боюнча билим алууга жетишкен. Кызыгы, өз кесиби менен такыр иштеп көрбөптүр.
Бул боюнча куудул «эгер мен бул кесипти тандабасам, ата-энем мени борборго жибермек эмес. Эң негизги максатым – эптеп шаарга кетүү эле. ЖОЖдордун бирин деле тандасам болмок. Чынында, ал кездеги жаштарда, өзгөчө менде бет бар экен. Дегеним, «3» алган бүтүрүүчү жогорку окуу жайына тапшыруудан уялчу. Ары мектепти аяктап жатканымда химиядан берген эжем алдымдан чыгып, «Абдылда, сен өзүңдүн абалыңды билесиң да, ээ?» деди эле, «ооба» дедим башымды шылкыйтып. «Макул, мен сага «5» коюп берейин, бирок сен кийин мени уят кылып жогорку окуу жайга тапшырбагын, сен артист эле бол» деген. «Макул» деген сөзүмө туруп, окууга тапшырбай, артист болдум. Менин колумдан артисттиктен башка эч нерсе келбейт. Бал аары да бага албайм. Күндүн ысыгында иштемек тургай, эшикке чыга албайм» дейт.

ГҮЛНУР – КОНДИТЕР
Гүлнур Сатылганова эжекебиз бир кезде «элибизге мейман келсе, жайылат ак дасторкон» деп бекеринен ырдабаптыр. Көрсө, ырчы айымдын алгачкы кесиби кондитер тура. Ал бул кесипке ээ болушуна атасынын «ырчылык да кесиппи? Андан көрө аялзатына ылайыктуу кесип танда» деген сунушу түрткү болгонун жашырбайт. Окуусун аяктап, мына-мына нан бышыруу цехине жөнөйм деп турганда капысынан «Миң кыял» ансамблинин жетекчисинен ыр кесеге катышуу сунушун алган ырчы ушул күнгө чейин чыгармачылыктын казанында кайнап, элге мукамдуу ырларын тартуулап келет.
Эгер эжекебиз ырчы эмес, кондитер болсо эмне болмок? Анда түркүн таттууларды тартуулап, «6-даражадагы кондитер» наамына ээ болуп, атактуу кондитерлердин катарын толуктамак.

ЖАМБЫЛ – МУГАЛИМ
Эмнеге Жамбыл Камчиев орусчаны катырып сүйлөйт десе, көрсө, куудул Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаптыр. Эгер куудул мугалим болсо кандай агай болмок, элестетип көрөлү.
Класс. Досканын үстүндө Лениндин эмес, Жамбылдын сүрөтү илинүү. Эгер Камчиев агай болсо башка предметтердин мугалимдеринин кереги деле жок болчудай. Дегеним, окуучуларга өз предмети боюнча гана эмес, саясатты, эротиканы, деги койчу турмуштагы бардык жагдайларды айтып, түшүндүрүп, эринбестен ар бир окуучунун суроосуна жооп бермек.
Кесиби мугалим болгону менен, мектепте 1 күн да иштебеген куудул өзү да ушинтип элестетет экен. «Алган дипломум алган боюнча сандыкта. Окуу жайды аяктаарым менен Шамшыбек Өтөбаевдин «Назик» тобуна конферансье болуп ишке орношком. Тагыраак айтканда, номерлердин ортосунда элге ыр-күлкү, ар кандай фокустарды көрсөтчүмүн. Ошентип жүрүп эле сахна мени тушап алды. Эгер мугалим болсом, бул кезге чейин ашып кетсе 2000-3000 окуучуну гана тарбияламакмын. Учурда мен жалпы кыргыз элине күлкү тартуулайм»,- дейт.

ЭЛИЗА – ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН КОРГООЧУ
Эгер телеалпаруучу Элиза Кененбаева өз кесиби менен иштесе, анда колуна микрофон кармап теледе эмес, рация көтөрүп, башына каска кийип тоо-ташты аралап жүрмөк. Өлкөбүздө болуп жаткан сел, жер титирөө, кар көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын, кооптуу аймактардын алдын алып, аныктап, кырсыктардын санын алда канча азайтса керек эле. Биз Элиза тууралуу ушундай кыялга жетелендик. А Элизачы?
«Өз адистигимди кызыл диплом менен аяктагам. Ошентсе да дипломум учурда эс алууда. Анткени мен студент кезимден эле ди-джей, андан кийин телеалпаруучулукту аркалап, чыгармачылыктын тузун татып калбадымбы. Азырынча өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигине кетүү тууралуу ойлоно элекмин»,- дейт.

Дамира Арстанова
star@super.kg


Абдылда балы, Гүлнур наны менен жан бакмак

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
13.07.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наны менен же, Балы менен Жанын бакса дагы, Мандай териси менен багатта. уяты жок эч кандай!бул дагы бир вокансия да.)

15.07.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой Абдылда байкее, боорду эзесиз да ))). бирок азыр Кыргызстандагы копчулуктун дипломдору сандыкта болушу керек.
15.07.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудул байке сиз туура эмес кылган турбайсызбы эжейиниздин 5койгонуна алданып
15.07.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байке бирок куудул эле кесибиниз мыкты!!!ийгилик сизге
15.07.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байке сиздин тусунузду корсом эле кулкум келет, интервьюнузду окуганда совсем боорум эзилип калат, ийгилик сизге, кесипти аябай туура тандагансыз.
15.07.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдылда иманкулов 100 жылда бир жарала турган кайталангыс талант...
15.07.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6-категория дагы болобу анда ото эле томон болуп кетет го.
15.07.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimka, кондитер, ашпозчулардын эн жогорку корсоткучу 6-разряд болот, категория эмес. Экзамендерди ийгиликтуу тапшырган, стажы кєп жана озу жаны тамактын турун ойлоп жасаган ашпоз гана 6-разряды ала алат.
15.07.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каликатуралары шумдукко....)))))
16.07.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдылда байкеге чың ден соолук, узун өмүр каалайм мындай таланттар чанда болот
18.07.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oaa silerge kowulam Abdylda baikedei talanttar 4anda kezdewet, ii olo booeum ezzilip kaldy mende bet bar eken *3* alyp JOJgo tapwyrdym degenine))) sizge alban-alban iygilikterdi kaalaim sizdin 4ygarma4ylygynyzdy ui-bulubuz mn syilaybyz!!!!!!!! Koooop iygilikter sizge
20.07.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахман менен Абдылда ото жакшы кором,алардын талантын сыйлайм,анан булар сахнадан кетсе кандай болот деп эле кыжаалат боло берем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо