«60 ЖАШТАГЫ ЧАЛЫМ ОЙНОШ ТААП АЛДЫ...»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

– Күйөөм экөөбүздүн баш кошуп жашап келатканыбызга 35 жыл болду. 2 кыз, 2 уулду чоңойттук. Эл катары айылда жашоо өткөрүп, мал багып, эгин эгип күн кечирип жатканбыз. Анан эле жашоомо бүлүк түштү. Балээнин баары мындан 4 жыл мурун башталды.
Мен ооруп калдым. Врачтар «ооруң катуу, үзбөй дарыланышың керек» дешкенинен шаардагы улуу кызымдыкына келип, дарыланып жүрдүм. Улуу балам да шаарда жашагандыктан, айылда күйөөм менен мектепте окуган кызым, балам калды. Арадан 3 ай өткөндө үйгө барсам, жаңы идиштеримдин кээ бири жок. Сурасам баары «билбейбиз» дешти. Таң каларлык иш болду.
1 айча эс алып, ооруканага кайра жаттым. 2 айдай дарыланып, үйгө барсам, эми кийимдеримдин кээ бири жок. Сурасам дагы эле «билбейбиз» деген жооп. «Үйгө ууру кирип жатабы?» деп коём өзүмчө. Ошентип, убак-убагы менен шаарга барып дарыланып, кайра үйгө келип эс алуу менен убакыт өтүп жатты. Ар барган сайын буюмдарымдын, жер төлөдөгү кыям дегендердин да жоголгонун байкайм. Баарынан да торпоктун жоголгонуна ичим ачышты.
Бир жолу айылга келип, үйдө жаткам. Көзүм илинип баратканда сырттан эки адамдын сүйлөшкөн сөздөрү угулду. Тыңшасам бири биздин көчөдө жашаган жесир аялдын, экинчиси менин күйөөмдүн үнү.
– Аялым уктай элек болуш керек, ананыраак келчи.
– Макул, бирок мени унутуп уктап калба! Баягыдай кылып жер төлөдөгү картошкаңдан жарым кап, анан кыямдан ала чык, макулбу?
– Сатып албайсыңбы? Өткөндө берген торпоктун акчасы түгөндүбү?
– Ооба да, майрам болбодубу.
– Ии, мейличи...
Ушул сөздөрдү угуп «күйөөм мен жокто ойнош таап алган турбайбы» дедим. Баягы жоголгон буюмдарды дал ушул аялга ташып жүрүптүр, көрсө! Торпокту да жоголду деген болуп сатып, акчасын берген экен ошого. Ызага муунуп, абдан жаман болдум. Мынча болду аягына чейин аңдыйын буларды дедим. Күйөөм үйгө кирип жарыкты жандырып, мени уктап жатат окшойт деп кайра өчүрүп, ашканага кетти.
Бир убакта сыртка чыгып кетип жок болду. Акырын туруп терезеден сыртты карап, экөөнүн чарпаяда жатканын көрдүм. Көргөн көзүмө ишенбей, катып калдым. Ушунча жыл жашаган күйөөмдүн башымды аттаганы, болгондо да эшик алдында башка менен жатып алганы зээнимди кейитти. Араң турган жаным бир жарылдым. Күйөөм алгач менден кечирим сурап, эптеп жоошутуунун камын көрүп жаткан. Тиги аял уялгандын ордуна «Билсең, күйөөң мени сүйөт. Мени багып келатат. Сен оорукчан бирөөсүң да!» деди. Уруш ырбап, тиги аял качып кетти. Ошол ачуум менен күйөөмдү үйдөн кубалап чыктым. Кыздарым да, балдарым да баарын угушту. Бирок жаман да болсо атасы экен, «Элге не дейбиз?» деп кайра алып келип алышты. Ошондон кийин күйөөмдүн бары-жогу баары бир болуп калды.
Адатын таштаган жок. Мен шаарда жүргөндө ал тигиниси менен айылда шапар тебет (муну айылдагылар мага жеткизет). Айылга барсам, шаарга качат. Кыскасы, эптеп мага бет келбөөнүн амалын кылат. Кокус бет келип калсак, уруш чыгат. Ушинтип күн өткөрүп келебиз. Үйдөн береке кетип, мал азайып, балдарыма жаман болду. Ажырашайын десем пайгамбар жашка барып калдык, ажырашпайын десем кылганы бул. Мүмкүн, ушуну окуса үй-бүлөсүнө жарака кетирген, жүрөктү ооруткан кандай болорун билер, жаман жоругун тыяр дедим. Же туура эмес кылып жатамбы?

Айжаркын, Нарын

«КАРЫГАНДА ДА КҮЙӨӨГӨ СҮЙКҮМДҮҮ БОЛУУГА АРАКЕТ ЖАСОО КЕРЕК»
– Бул турмушта телегейи тегиз адам жок. Бирок жолдошуңуздун ушул жашка келип мындай жорукту жасаганы, албетте, туура эмес. Өзүн болбосо да, үй-бүлөнү сыйлашы керек болчу. Ошентсе да талдап көрөлү.
Эже, ар бир адам тагдырына жараша кандайдыр бир сыноодон өтөт. Кээ бири жаш кезинде, дагы бири улгайганда, кыскасы, сыноо жашка карабайт. Сиз азыр сынактан өтүп жатасыз. Эгер жолдошуңузга болгон таарынычты күчөтүп, ачуулансаңыз, анда жан дүйнөңүз ого бетер булганып, ден соолугуңуз начарлай берет.
Эмне үчүн жолдошуңуз башкага көңүл буруп кетти? Ушуну ойлонуп көрдүңүзбү? Балким, экөөңүздөрдүн ортодо жылуулук сезим жоктур? Сүйүү – эки адамдын ортосундагы очоктогу от сыяктуу мамиле. Эгер отту өчүрбөөгө аракет кылбаса, анда ал өчөт. Ал эми очокту аялдар кармайт. Картайганда да күйөөгө жагымдуу, сүйкүмдүү болууга аракет жасоо керек.
Эркек адам эч качан балдар менен байланып калбайт. Эгер аял аны аял катары тартпаса, аялдык парзын аткарбаса, эркек башкаларды издейт. Андыктан өзүңүзгө көңүл буруңуз. Күйөөңүз менен жашасаңыз, аны кечирүүгө аракет жасап, ага болгон мамилеңизди оңдоңуз. Ооба, кечирүү оңой эмес, бирок аны кечирбесеңиз, жан дүйнөңүз оңолбогон бойдон калып, өзүңүзгө кыйын болот.
Жолдошуңуз да ажырашпагандан кийин жаман кыял-жоругун тыйып, үй-бүлө очогун жандандырууну көздөөсү кажет. Ата деген статусун актоого аракет жасоосу зарыл.


Каармандарыбызга «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
15.07.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай анкоо эркек,ойношу анын бакканы учун эле карап журот да. Кудайдын жазасы катуу экенин кичине картайганда корот. Эже кайраттанып денсоолугун чындап жашоону жаныдан башташ керек,андай анкоо эркекке нервди коротуп кереги жок.
15.07.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Картайганда калжандап деген ушул да:-)
15.07.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой аны reeg жибер уйдон карып деле калыптыр калжандап анан келет бир куну мышык болуп жашайт калган омурун анан
15.07.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чалды Кудай ураарда 70те жаш болот..
15.07.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
телевизорду жандырсан конулун ооруйт бийликтегилер
олтуруп алып суйлоп аткан
газета алып окусан конулун ооруйт зордуктоолорду изилдеп журушот же ажырашкандар
интернетке кирсен уруш талаш
курчап алдыго ушуга окшогон туйшуктор

сыздайт журок жакшы жамандан
музайт журок кееде шамалдан
сылап откун гулду сындырбай
сый болууга жаным жаралган
конул бербейт чогуп журсун деп
конул берет ойноп кулсун деп!!!
15.07.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдуктуу окуяго
15.07.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эркекке 4 аял алганга уруксат, аял киши кызганганыбыз болбойт, ушунча болуптур нике кыйып ачыкка чыгып алса болот экен уйунон уурдабай.
15.07.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психологдун кенеши жакпады. Эже озу ооруп журсо, куйоосуно жагынам деп кучун сарптагандан коро озун караганы жакшы. Балдары да акмак экен апасын кыйналганын коруп атам да, эл не дейт дебей керек болсо атасын козун ачпайбы, баягы аялды ортого алып чачын жуулуп эл караган бетин жер каратсын. «Элге не
дейбиз?» дешет ал элин уже билишет жана Эжеге суйунчулоп келиштат ко, эженин ашыкча нервдентип.
15.07.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек уйунон жети кадам чыкканда бойдок деп кыргыздар туптуура айткан да. бир жолу студент кезимде курбумдукуна баратсам жолдон жудогон бир киши тийишип коет мага. жанын 2-3 жаштагы кызы бар экен. Анысы болсо ар жерге токтоп чычып коюп баратат. мага тийшкенче ошол кызын бир жерге норма отургузуп алса болбойт беле. Ушунчалык жиним келип кагып салдым. Курбума айтсам, кулот десенер. Азыркыга чейин айтып кулот, ошондо аябай жинденип келгенсин ээ деп
15.07.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne degen korunuw da emne degen erkek adam.
15.07.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарыганда ыйман берсин да
16.07.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркеги айнып калган неме окшойт, акыл эси жайында болсо мындай ишти кылмак эмес да(карыганда)
16.07.2013. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
о сакалын ортонгур жантайыш суйуу бир келет деп ойлогон го,озун сыйлабаса да балдарын тууган уругун ойлоп койбойбу ойнош кутуп каарыганда капталдабай.
аскалдарыбызга ынсап ыйман берсин ак батасын алайлы ардайым
катуу жазсам кечиресинер окуп алып жиним келип кетти.
16.07.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен билгенден эркек 50 дөн аша бергенде импотент чалыш болуп аялын эптей албай калчуле бул чоң атам 60 та күчөнгөн гоо ойнош ойноп тимле
16.07.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura emes uydon aydap chygyw kerek mynday akmaktardy msga dagy jakkan jok psihologdun kenewi eje ech ubakta ozunuzdun ajldyk namysynyzdy tebeletpeniz uydon aydap chygynyz akyry baaryn tuwunup kelet bir kunu oynow otton ysyk birok bokton sasyk dep koyot uluu sozdo ujt jok at aylanyp kazygyn tabat al emi tigi butundoy bir waardy uratyp jatkan oynow al kuyoonuzgo dele kyzykkan jok uydogu mal mulkko tamak awka ele erten kuyoonuz akcha je birdemesin berbey koysunchu al dele tawtap koyot chalynyzdy!!
16.07.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит аарыганын билбейт, эшек кааргынан билбейт деген сөзгө ишендим.
16.07.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ а дейбиз бу дейбиз турмуш экенда. Мен да билгенимди айтып берейин. Биздин эле тааныштардын чон атасы жашы эми толук билбейт экемин 70тен ашып 80ди таяп калса керек. Кемпири бучуйуп калган кунуно жанын койбойт экен, ал аз келгенсип шаарга келгенде кундузу парктагы аялдарга барат экен. Корсо темпараментин которгон чоп болот имиш ошодон жалап алган дейт, аны бирок эчкимге айтпайт дагы коргозбойт дагы экен. Биздин каармандын да ушуга окшогон дарты болсо керекда.
31.07.2013. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aizish, менин кошунамдын таятасы 90 таяп каза болду,кемпири эчак эле каза болгон,жаш 58 аялды алды,анан кошунам бир куну айтат тушко маал жайкысын уйго кирип баратсам Ундор чыгат анан эшиктин пардасын ачып байкасам таятьам кадимкидей кучундо иштеп атат деп,тиги аял кийин байкап калдынбы,таятан кучундо кунуго ушинтет табы жок болуп эки уч кун болбой калса онолгондо мени кыйнайт эки уч жолкуга чейин дептир,......
16.07.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарыганда калжандаптыр да уяты жок
17.07.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо ушундай да болобу ? Окуп алып оозум ачылып жабалбай отурам.60жаштагы чал ойнош таап алса ,анда мындай еле еркектер жон еле барат да е кыздарга ? Ар кандай окуялар болот а
17.07.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психологдун айткан кенешинде жан бар
17.07.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ аксакал адашыпсыз 60та.неге таптын ойношунду алтымышта.Бала чака аялынды ойлобостон.журо албадын тике карап эл ичинде 60та
18.07.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле карыганда. бирок 60ка кирип ойнош тутса бели бекем экен али андан коро экинчи аял кылып ачыкка эле чыкпайбы, зинадан да алыс болот. эки аялы бар деген эле соз болот
18.07.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эркек ойнош кутсо баары эле аял киши кунолу озуно карабай жудоп кетсе керек же жылуу мамиле кылбайт деп эле куноолойбуз.А эркектер кандай мамиле кылат аялына?Ар бир адам уйбулоолу болгондон кийин аялын ойлобосода балдарын ойлош керек,алардын келечегин,эртен эле кыздары,балдары уйбуло курганда алардын бетине дак болот,айтылат ал создор.
18.07.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo kudai saktasyn myndai ak sakaldardan azyr zamanybyz emne ele bolup ketip jatat uwundai janyndy keitetta chal bolgondo oinow kutup
19.07.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пайгамбарыбыз(С.А.В) айткан уч турдуу киши бейишке кирбейт деп 1) карыган ак сакал б.со да аялдар м.н зына кылган. 2) ата энесине ак болгондор. 3) озу кедей бирок бой которгондор. Аллахым бул аксакалга, баарыбызга ыйман берсин.
20.07.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ар бир адамга ыйман берсин! Бул чон атага да ынсап бербесе кыйын.
24.07.2013. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан айтат да , эркеке ишенгенден коро эки босогоно ишен деп
28.08.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат ,жаман аял жакшы эркекти туготот.
07.09.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой кудайым аай абышкалар ушундай жорук жасап жатса жаштары кайда барат
10.05.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адистин кенещи жакпады.Аял жакшы мамиле кылыш керек эркеке дейсинер.Аял жакшы мамиле кылыш учун эркектер жакшы шартты тузуп беришибиз керек.Туулгандан баштап балдарыбыз бой жеткиче ата энеси менен чогуу жатышат.Себеби болок жаткырууга шарт жок.Аял кичине ооруп калса эркектерибиз катын издеп калабыз.Же сен тойгуздун касалсин деп кемсинтебиз.Эри ооруп
катыны карабай койсо,баарыбыз асылабыз катынга.Азыркы заманда эркектинда-аялдында укугу,милдети тен болуш керек.Эркектерде жоопкерчлик жок.
27.05.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ушунчалык аны жакшы корсо уйунон балдарынын ырыскысын уурдабай,озу иштеп баксында.эжеге кыйын болуптур эгер куйоосу ооруп калса,байкуш аялы жанынан чыкпай карамак
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо