Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭКИ КҮЙӨӨМ БАР, КИМИСИ МЕНЕН КАЛАМ?»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

– «Башкалар бир күйөөгө жете албай жүрсө, мунун эки күйөөсү бар экен» деп баш чайкап жатасызбы? Бирок турмуш чындыгы ушундай, мен өзүм каалаган эмесмин...
Бой жетип, окууну бүткөндө сүйлөшкөн жигитим Муратка баш коштум. Убакыт өтүп, ортодогу 3 балабыз да чоңоюп, чоңураак ичип-жеп баштагандан тартып жашообуз оорлоду. Айласыздан күйөөм Казакстанга иштеп акча таап келүүгө кетти. Мен да майда-чүйдө сатып, анча-мынча акча таба баштадым. Алгачкы убактарда акчаны үзбөй салып, бала-чаканы сурап жүргөн күйөөм бара-бара чалганын да, акча салганын да азайтты. Жумушуна жараша акчасы азайган окшойт деп жүрдүм. Арадан бир жарым жыл өтсө да, айылга келбеди. Чалып сураганда «биротоло барайын, келип-кеткенге деле көп акча кетет» дегенинен анысын туура көрдүм.
Кеткенине 2 жылдан ашканда күйөөм тууралуу түрдүү кептер мага жете баштады. Көрсө, күйөөм төрөбөгөндүктөн күйөөсү менен ажырашкан бир аял менен бирге жашап алыптыр. Алгач укканда «аялынан алыс жүргөн неме эркектик кылып коюптур да, бала-чакасы турса кайда бармак» деп өзүмдү жооткоттум. Чалып бул тууралуу сурасам жакын жолотподу. Жолдошума «Баарын жыйыштыр да, кайтып келе бер. Бул жактан эле эптеп жашоо кыларбыз» дедим. Бирок ал кайтып келбеди, шылтоосу «дагы акча топтоп, анан келем» болду.
Убакыт өтүп, күйөөм акырында телефондон мени менен ажыраша турганын, эми келбестигин билдирди. Көз жашымды агызып, үч баламды кучактап кала бердим. Жарытылуу жумуш жок, кыйнала баштадым. Ошол кезде жашоомдо бир эркек пайда болду. Ал менин эски таанышым эле, аялы каза болуп, 2 баласы менен калыптыр. Мага колунан келген жардамын көрсөттү. Убакыт өтүп, ага кантип байланып калганымды билбейм. Ачыкка чыкпай, бирок нике кыйдырып, жашыруун жашай баштадык...
Эми минтип жай турмушум кайра бузулду. Анткени биринчи күйөөм келип, мени менен жарашууну сунуштоодо. Мен эмне кыларымды билбейм. Күйөөмдөн көңүлүм калды, бирок аны менен жарашпайын десем, 3 баламдын атасы. Экинчи күйөөмдү таштайын десем, түшүнүктүү жан, анын үстүнө жакшылыктарын унутуп басып кетүү оор. Кимиси менен калам? Башым катты...

Эка, 34 жашта, Талас

«КҮЙӨӨҢДҮ КЕЧИРЕ АЛБАСАҢ, АНЫ МЕНЕН ЖАШАЙ АЛБАЙСЫҢ»
– Эка, мындай учурда кеңеш берүүгө мүмкүн эмес. Айланадагы кеңешчилерди да укпа. Анткени бул сенин жеке жашооң, баары өз колуңда. Жан дүйнөңдү тыңшап, угуп, акыл менен эмес, жүрөгүң менен чечим кабыл ал. Балдардын өз турмушу бар. Жакын арада чоңоюп, өз алдынча жашоо курушат. Ал эми өзүң ким менен алдыдагы жашооңду өткөргүң келет? Биринчи күйөөңдү кечирдиңби? Эгер кечире албасаң, бирге жашап калган убакта жан дүйнөңдүн түпкүрүндө калган таарыныч убак-убагы менен козголуп, тагдырыңды уулантышы мүмкүн.
Бир барактын ортосун сызып экиге бөлүп, эки жагына экөөнүн атын жазып, алдына аларга таандык жакшы сапаттарын жазып чык. Бул да тандоодо жардам берет.


Каармандарыбызга  «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.

 

 

 

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
15.07.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча экинчиси менен кала бергенин жакшы.Кантсе да сага оор болуп турган кезде жанында болгон.Бактылуу болгула.
15.07.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаман жакшы болсода балдарыныздын атасы алардыда ойлон
15.07.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сизге айтарым 2-менен жашан ал куйоонуз ошол кылыгын кыла берет сиздин да тагдырыныз меникине окшош болуптур бирок мен 2- куйоого тийбей 2- баламды багып журом ал жалынып келди жашаймын деп бирок менин конулум калган 5-жыл дегенде келди мен атказ кылдым. Журогунузду тыншаныз ал алдабайт.
15.07.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
экинчи куйонуз 100%
а балдарды кыйынчылыкта таштаган ата ата эмес, башка юпканын артынан кетип,
ата керек болсо балдар чонойгондо озулору таразалап корушуп катышып алышаар.
15.07.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары туура айтат,экинчи менен жашаганыныз туура потому что биринчиниз сиздерди ойлобой ошону кылды, значит ар дайм кылат аа экинчиниздин аялы отуп кеткен экен сизди тушунуп жашайт анын балдарын дагы бала кылып баксаныз анда сиздер бактылуу болостор аа биринчи куйонуз ошонтип кор болот можеть кор болгондур ошону учун сизге жарашам деп жатат экинчиниз менен бактылуу болун.
15.07.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2-menen kalinis al baldarin tawtabai bakkan zna4it booruker
16.07.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
экинчиси менен жашан болбосо убакыт отуп биринчи куйоонуздун кейпин кийип каласыз а балдарыныз чонойсо тушунушот ата соройу убагында ойлобогон силерди эми жыргатпайт
16.07.2013. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ээй уят ушинтип да жазабы. учунчусун таап ал
16.07.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хее ушундай күн карама күйөөлөргө таңмын убагында баланы көзгө илбей баса беришет анале акчасы түгөнүп күчү кеткенде шүмшүйүп байкушка айланып калышат да иттей жалынып жалбарышат өзүлөрү деле уялбайбы ошенткенден, өзүң деле биленсин да кимди тандашты
16.07.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эка,кадырынды билбегенге кадамынды таштаба!
16.07.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба баары эле экинчини танда деп туура айтып жатышат
18.07.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок эже сиздин эки куйоо эмес бир эле куйоонуз бар экен ,себеби биринчиси талак берип койгон экен го
16.07.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи куйонуз сизди уч бала менен таштап кеткен мындай эркекти кечирбениз. Экинчи куйонуз сизди уч баласы менен багып алган. Биринчи куйонузго бала керек болуп эле кайтып келген.Ага сиз керек эмессиз. Чет мамлекетке чыгып конуп да калган. Кайта эле кетип калат. Ошон учун айтын. Кеч болуп калды эми деп.
17.07.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куйоолорундон сурап кор, макул болушса экоо менен тен жашай бер.
17.07.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сиздейлер толтура сиз ошолордун бироосуз. Экооно тен айтыныз кимиси сизге куйсо ошонусу менен каласыз.
19.07.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар киминер ар кыл созду айтасынар да андан коро эже озунуздун тагдырыныз озунуздун колунузда!!!
19.07.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок биринчиниз менен калууга болбойт го дейм!!!
19.07.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиси менен эле жаша, үч балага карабай башка менен жашап алган эркекти кечирүүгө болбойт!
19.07.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз балдарыныз менен кенешин
20.07.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мынча эпчил 2 эрди кармаган!!акылыныз жок экен!бироо менен эле очор бачар болуп кыссып жашаш керек болчу.эми озунуз билиниз.мени кызыктырбайт ушундай жашоо.
20.07.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизди же жолдошторунузду тааныбагандан кийиин бир нерсе деп айтыш кыйын, озунуз м.н кенешип, откон кундорунузду эстеп, алдыга кадам таштаныз...
20.07.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйронгон адат калабы, уйга жугон салабы-деген элибизде накыл кеп бар. Эгер 1-куйоонузду кечирсениз, ал бир кун сизди дагы таштап кетиши мумкун. 2-куйоонуз менен калышынызды сунуштайт элем.
20.07.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо бардык адам адашат. Эмнеси болсо да Биринчи куйоонуз менен калыныз. ал сизди гана суйоорун эми тушунуп кайра келген убагы. Адам бир нерседен ката кетмейинче кантип туура кылышты билбейт негизи...
21.07.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси менен жашайм деп калп эле элден сурабачы.Аны бизден жакшы билесин!Кимиси менен жашашты
24.07.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди укпаныз бар гана журогунуз жообун билет, журогунуз угунуз
24.07.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созуно караганда 2-куйоондун аялы каза болгон, бирок сен экоон "Ачык эмес жашыруун" жашап жатасынар.Демек 2-куйоондун ою будомук,неге сени менен катардагы уй-було б-п жашабайт?? Не болсо да балдарындын келечеги учун атасы менен жарашып жашаганын ондуудай сезилет мага.Эми озун билесин дечи чындыгында.
10.08.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже да эч ким менен болушо албаган сырын гезит бетине тушуруптур тушунуу менен кабыл алайлычы устунон шылдындабастан
30.08.2013. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз башы менен ойлонсун да, эмне кылайын, кайда басайын дебей.
01.05.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как всегда сериал. К...тун айынан баласын аялын таштап бир аялга кетти. Анын кызыгы кеткенде шалпыйып балдарын эстеди кочодо калганда. Экинчиси мн кал. Биринчиси убагында оз балдарын таштап кеткен. Эми ошонон ары жоголсун
02.05.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети олчоп бир кесуу керек! Балдарга карап жарашканда : кезеги келген сайын уруш-жанжал чыгат; аял заты балдарга карап чыдап, сыздап бир жакшы соз укпай же отуп кетет же оорукчан болуп карыйт...экинчинизге да коп умуттоно бербениз анында балдары сиздин да балдар бар! Келечекти кооздоп элестетиниз.буюрса баары жакшы болот деп умуттоном.
03.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-куйоо жакшы болгондо 2-куйоого местага жок болмок.Экинчисин тандаганыныз туура болот окшойт Ин Ша Аллах.5баланы татыктуу тарбиялап бактылуу жашоо суро бергиле аялдын баркын билсе сыйды оордуна койсо адамгерчилик болсо 5кундук жашоо учун дагы эмне керек?Кыйын кезде таштап кетуу ооооной а жардам беруу баарынын колунан келчу иш эмес. Тем более озунун канынан жаралган балдарын таштап койгон адамга келечекти ишенип болобу?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо