Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАҢЫЛДЫМБЫ, ЖАЗДЫМБЫ?..

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Түгөйлөр баш кошкон соң жашоонун ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңуп, үй-бүлө кайыгынын оош-кыйышын тең көтөрө билүү керек. Маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү да бирде табышса, бирде таарынышат, чырдашат, ыйлашат дегендей...

АССОЛЬ АЛМАЗБЕКТИ ЧАНДЫБЫ?
Былтыр февраль айында телеалпаруучу Ассоль Молдокматова АКШда жашаган кыргыз мушкери Алмазбек Раимкулов экөө интернет булактарына укмуштуудай романтикалуу сүрөттөрүн жүктөп, элдин оозун катуу ачырышкан эле. Муну көпчүлүк «Молдокматованын курулай пиары» деп түшүнүп баштаганда Ассоль айым «биздин мыйзамдуу никебиз баарынын оозун жапты» деп Алмазбекке жубай болгонун айткан.
«Өтө кызыл бат оңот» дейбизби же кандай, эми көпчүлүк Ассоль айым мушкер жолдошун таштап кеткенин кеп кылууда. «Алмазбек Раимкулов АКШнын мыйзамына туура келбеген иштерди жасап, башына кыйынчылык түшүптүр. Мындай кырдаалда «сүйөм-күйөм» деген жубайы шеригине карап да койбой ара жолдо калтырып, Кыргызстанга баса берген. Кайненеси «баламды бошотууга жардам бер» десе, келини «аны мен каматкан жокмун, колуңдан келсе, өзүң бошотуп ал» деп кесе жооп кайтарыптыр» деген кептерди басылмалар баса белгилеп беришүүдө. Байкашыбызча, бири-биринин сүрөттөрүнө «жаным, каным» деп жалбарган мурункудай билдирүүлөр да жок, тынчыган.
Маалыматты тактоо үчүн Ассоль айымга байланышып чыга албадык. Бирок жардамчысы Айсулуу «Ассоль Молдокматова менен Алмазбек Раимкулов эч кандай араздашкан эмес. Мушкер камакка алынбай эле, жеке иштерине байланыштуу АКШнын Аляска штатында жашап жатат. Ал эми туура эмес маалымат тараткандар кечирим сурашкан» дейт. Эмне демекпиз, Айсулуу айым айткандай, араздашпаганы эле дурус.

АЛИХАН МЕНЕН АЙПЕРИ ТААРЫНЫШЫП ЖҮРҮШӨТ
«Кыялымдан кетпес» деген ыры менен Алихан, оо, канча кыздын кыялына айланды. А бирок былтыр үйлөнүп, сахнадан да көрүнбөй калган. Келин бала менен ырчынын ата-энеси жакшы тааныш болуп, экөө көпкө сүйлөшүп жүргөнүн, апасы тандаган кызга үйлөнгөнүн Алихан маегинде айткан.
Турмуш деген дайым бирдей боло бербейт эмеспи. Алихан менен жубайынын араздашып жүргөнүнө көп болду. Таарынышуулар ар бир үй-бүлөдө болот, балким, эки жаш чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүн сагынып, кайра табышар.

 

 

 

 

ТЫНАЙДЫН БАШЫ ДАГЫ БОШПУ?
«Инсан» тобунун ырчысы Тынай Алыбаев жылдызы жанып турган чакта ага суктанган, жубайы болом деген кыздардын саны арбын эле. «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» демекчи, Тынай мырзанын ошондогу кадыр-баркы, өң-келбети дале сакталуу.
Атагы далайга жетип, жылдыз болуп турганында бир сулуунун колун кармап, көп өтпөй эки ажырымга түшкөнүнөн кабардар болсоңуз керек. Кийинчерээк Азиза деген сулууга баш кошуп, Жантай аттуу уулдун атасы болду. Экинчи жубайы менен да жакшы келише албай калганбы же жөн эле казан-аяк катуураак кагышып кеткенби, айтор, Тынай байкебиз азыр «бойдогураак» жүрөт.
Жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу ырчы «кийинчерээк кенен маалымат берем» деп, маалыматты сыр тутту. Демек, азыр маселе толук чечилбей, чекит коюла элек экен. «Косяк» кимден кетип, неге таарынышканын өздөрү эртерээк чечишип, кечиришип, кайра түтүн булатышса экен деп тилейли.

 

 

АК КУШУН УЧУРГАН АЛТЫНБЕК
Алтынбек Алымов мындан үч жыл мурун жумгалдык Мээрим аттуу кызга үйлөнгөн эле. Карт бойдок үйлөнгөндө «акыры түгөйүн тааптыр» деп баары кубанышкан. Бойдок кезде «Койкоюп тосуп төшүңдү, коюнуңа чакыр өзүмдү» деген саптарды чыгарып койгон ырчы үйлөнөрү менен мындай ырлары да дым болгон. Келинчеги катуу кармап, ырлар жаралбай калдыбы десек, жок, башка себеби да бар өңдүү. Ырчыларга эмне керек, эргүү керек. Аны бирөө тартуулап же шарт түзүп бербесе, миң талант болсо деле чыкпай калат да.
Ошо, туугандар, Алтынбектин үнү чыкпай калганынын себеби да жеңекебиз менен араздашып жүргөнүндө болуп жүрбөсүн?.. Анткени Алтыкебиз «жеңеңер апасынын үйүндө» деп жүрөт. Үй-бүлөдөгү таарынышуу, араздашуу адамды чөктүрүп жиберет эмеспи. Андыктан азыр төркүнүнө кеткен ак кушу кайрылып келип, Алтынбек мырзага эргүү берсе экен.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
15.07.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"артист дегенди которсон ар тус болот, артисттер ар туско отуп турат, буларга ишенбеш керек" деп айтканын уктум эле бироонун.
15.07.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mmm Alixanga kyzy para emes bolchu ayabay ele choon korunot go apasi aaytsa ele uylono berbey bashinda kichine oilonso bolmok negizi ata eneler bizdin baktibizdi oiloyt birok kede baktiluu kilam dep baktisiz kilip koyushat arkim ozunun suyuktuusu menen birge bolso kanday keremet!
15.07.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алихандын ажырашканынын да бир себеби болсо керек. Бул жакта туруп алып эч нерсени билип билбей жамандай бербегилечи! Ыймандуу жакшы баладай корунчу элего. Кайра жарашып кетишсин!
15.07.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ассоль ошону кылмак, Пиарланып бутту, эми дальше башын оорутуп не кылат..Алмазга да чала уй-булосун таштап суйом-куйом деп кетти эле, Динара эжеге кайрылып келбесе болду эми..
15.07.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асоль дагы коп онорду корсотот болуш керек!!!!
15.07.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашкандан Кудай сактасын! Баары жарашып алышсын. Ассоль балдарына Алмазбекти папа дедирип гезиттерге интервью берип жургон го, уят эле болот го анда.
15.07.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тынайга эмне жок дейм. Жакшынакай баласы турса, тошок жаныртып. Эмне аялдардан коргон курат бекен
15.07.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч качан уйя бузулбасын ал жердеги балапандар гана жапа чегет ата эне эмес
15.07.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алиханга так жалко(((
келбети жакшынакай бала,
келинчеги озуно топ келбейт.
Азыр кайсы кылым, жаштар ошончун суйлошуп шашпай биринердин сырынарды билип, качан гана козунор жеткенде уйлонгуло.
ажырашуу бул да чон доготуу да
15.07.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MaRmeLaDka 15.07.2013. 10:33
+6
Алихан башында сүйбөй эле үйлөнүп жатканы сөзүнөн билинген. Апасы тандап берсе, апасы жашамак беле кыз менен? Кыздын да тагдырын талкалап жатпайбы?! Эркек деген өзү чечиш керек деп ойлойм, ким менен жашайт ким менен жко. Сүйбөй үйлөнүп алып минтип аягы жакшы болбой калгыча.
Жооп жазуу.
Ушул коментарий эн туура айтылган
15.07.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алмазбек да бармагын тиштеп отургандыр.Оз жубайын чанып кетти эле.Эми жалдырап келээр аялына...Озу кээ бирки эркектер алдаса жаш баладай алданып кете берет тобо???!!!
15.07.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алихандын ажырашканын угуп аябай шок болдум!
15.07.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынан да Ассоль менен тиги боксердуку страшно болуптур. Эгер точно ошондой болгон болсо. А калгандарыныкы ничего не подобно, болот турмушта андай оош-кыйыштар, акыр аягы жакшы болсун
15.07.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда Путин, бизде артистер аябай реклама кылышты го ажырашууну. Мурунку санда баягы Майрамбек Осмонов деген ырчы журду эле го ажырашып, уйду талашып жатабыз деп. "Динара-Абдумалик" синдрому дагы копко созулат го бул кетишинде
15.07.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alihanga anan ayalin jalko kyinap uilontup koigonu korunup ele turgan, almazbekke 4ala owonu kormok!tinaidin ayali krasavica ken
16.07.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алтынбек Алымовдуг аялы торобой жургон 3ж.бери ошого ажырашышты!
16.07.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkele, Кудай сактааа, эркектер эмне эле болуп баратышат? Аялынын ордуна төрөбөй жатат деп чанган эркек өзүн коюп көрсө болмок.
16.07.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oa ajyrawuu tradisiaga aanyp baratat, assoldon owonu kormok , bir supsuluu aialyn oksutup emi ozu oksup, aialy kechirbei ele koisun
16.07.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ассоль алмазды жөн гана анын паспортунан пайдаланып кетти окшойт, эми америкага көчүгү батып кенен кесир жайгашып алды көрүнөт, өзү аягы ушу мн бүтмөк, Алмаз да кыйын экен сүйөм өлөм деселе үй бүлөсүн чанып бирөөнүн баласын балалап, чала эле болот пш болдуго эми
16.07.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүү жазуудан оолак болуңуз, билдирүүңүз ошол себептен өчүрүлдү.
16.07.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле, эл силерди маданият адамдары дейт. Кыз боозуп алып энесин коркутат болбой, ырас ырчы деген атынар болгон сон жон журбойсунорбу жийиркеничтуу силердин чойро. Откондо бироосу кыз зордуктап, эми булар бири-бири менен ажырашып талашып
16.07.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мага Тынай байке эле жагат))))))
корейлердин "Моя любимая учительница" (Hello,my teacher) сериялындагы Джи Хен У га окшоштура берем
16.07.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaryn bawynda oilonuw kerek bol4u...alihandyn kelin4egi mn klasstawumdun bolosu ele...bekerinen kulupsun..balkim ortodogy tywynbostuktor bolup jatkandyr...kudaium unsap berip ke4irimduu bolup kaira jarawywynarga tilektewmin..baktylyy bolgula demek4imin...
16.07.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аркимкимдин башы озундо бири ажырашып бири олсун ырчыларга тийсе ошондой болот да .
17.07.2013. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алихан оз каалоосу менен уйлонбогондугу, бактысыздыгы бул жердеги суротунон деле корунуп турат жакшылап байкап корсонор... Ошончун биринчи терен ойлонуш керек шашылбай же ажырашпай чыдаш керек ыссык суука турмуш оной емес .....
17.07.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ассоль мага жагат. Алмаз менен жолуккан кезде ал аялы менен ажырашкан болчу деп айтканын окугам. Кыргызда ушундай мээнеткеч, кыргыздын бир учун дүйнөгө чубап турган инсандар көп болсо деп каалайм. Үй-бүлөдө эми казан-аяк кагышат да, ичи тарып жүргөндөр кыбасы кана, көбүртүп ийишти болуш керек.
18.07.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиханды соз кылбай эле койгула ушакчылар,не Апакеси жаман кыз табат беле Апалар деле бактылуу болушун каалайт пешенелериге жазганын коруп жатышат да Алла Таалам Бол деген болот Болбо дегени болбойт баары Аллаадан!!!
18.07.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT, туура апасы Алиханга жаман кыз алып бермек беле, жакшы уй-булодон тарбия коргон кыз адып берген да. эми байкуш Алихан ал кызды жакшы корбосо кантип жашамак эле, кыздын да убалына калышптыр Алихан апасы экоо
18.07.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааааа Алмаз мырза бекер эле кылган болчу да башында. Алмончоктой балдарынын коздорун жайнатып туруп Асслоьду алды эле, Алмазды бат эле балдарынын кусуру уруптур, ал эми Ассольду эч кимдин кусуру урбайт го эээ сыягы. Алмазды пайдаланып бутту, эми иди на все четыре стороны десе керек да Ассоль-
Джексон))))))))))))))
19.07.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билип билбей эле былжырай бересинер ошолордун жанында жургонсуп. ушакчылаааар....
19.07.2013. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар ким оз жашоосун озу билет да, коментарий жазат десе эле жаза бербей. Ушак, жалган жалаа дегенди жок дегенде ушул ыйык рамазан айында токтото турсанарчы...
21.07.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар эч качан уруш болбосун.кайра жарашканы аракет кылыныздар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо