№558 12-июль-18-июль, 2013-ж
«Көздөрүң кара, кара карагат» деп кыздарга каш серпип ырдаган Даниелдин чыгармачылыгына караганда келбетине ашык болгондор көп. Кумиринин бул сүрөтүн көрүп айрымдар эми эстен танып калары шексиз. Даниель тынбай машыгуу залына барып жатып канаттары катуу жайылып кеткенин сезбей калганбы, айтор, жыйынтык ушундай. Сүрөткө айрымдар «протеин ичип алган го, фотошоп бул» деп ишене албай жатышса, ырчы «көзүңөрдү чоңураак ачкыла! Бул эч кандай протеин же фотошоп эмес» деп ишендире албай убара. Продюсери Канат Култаев болсо «мындай келишкен келбеттин сыры Даниелдин 3 жылдан бери үзгүлтүксүз спорт залына барып машыгып турганында» дейт. Даниель протеин колдонобу, башкабы, элге уккулуктуу хит ырларды көбүрөөк чыгарып турса болгону.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
антип кетти мынтип кетти деп айтыштан алысмын себеби мага койгон ашты Даниель жеп койгон жок хехехехе.....(^_~)