«ЕВРАЗИЯ ЖЫЛДЫЗЫН» ӨТКӨРҮҮ ЭМНЕГЕ КЕЧЕҢДӨӨДӨ?

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

2012-жылдын январь айында түрк тилдүү бир нече өлкөлөрдүн катышуусунда «Евразия жылдызы» сынагы Түркияда өтүп, баш байгеге кыргыз ырчысы Гүлжигит Калыков ээ болгон эле. Сынактын шарты боюнча, кийинки саамалыкты уткан ырчынын өлкөсү уюштурмак. «Аталган сынак качан, кайда өткөрүлөт?» деген суроого жооп алуу үчүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевге байланышканыбызда, «кийинчерээк өтөт окшойт. Так билбеген себебим, бул иш менен КТРК алектенет. Анткени бул түрктөрдүн ТРТ Аваз телеканалы башында турган телевизиондук долбоор. Бизде өтүп калса, албетте, уюштуруу жагынан колдоо көрсөтөбүз» деп билдирди. Ал эми КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевден бул тууралуу «учурда түрктөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Алар бир датаны белгилеп беришсе эле уюштуруу иштерин баштамакпыз. Быйыл бул сынакка мурунку жылдагыдан да көп мамлекет катышат. Андыктан учурда жаңы катышуучу мамлекеттер менен уюштуруучулар ортосунда макулдашуулар жүрүүдө. Жай айларына белгилешсе, Ысык-Көлдө өткөрөлү дегенбиз. Күз, кыш айларына калса, анда Бишкекте өтөт. Уюштуруучулар качан болорун так айткандан кийин ырчыларды тандоо башталат» деген маалымат алдык.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
15.07.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турктор не десе ошо дебей, биз да кыймылдашыбыз керек да. Эстафетаны алган сон уят болбой откорушпойбу, уже 2014-жыл кирип келатат
15.07.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уят болбой откоруп койгула тезиреек акча жок деп жатышса керек да биздикилер
15.07.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оозду ачпай откоруп алсак экен акча жок деп жата бербей кара чайга семирип
15.07.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге антип ойлойсунар айтып атпайбы уюштуруучуларды кутуп атпбыз мурункудан да коп катышуучу болот деп мындай чон сынакты уюштуруу оной эмес албетте эл аралык болуп аткан сон, ошондуктан куто туралы ошол кунго да кубо болобуз, буйруса жакы денгээлде откорушот деп ойлойм.
16.07.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гулжигит чыныгы талант ээси
17.07.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
качан болоорун айтпаса деле алдын ала даярдана берсе болбойбу э
26.07.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сынчынын сынар отугу майрык деген туура айтылганда озубуз кедей олко болсок азыр жон эле свадьба бергенге канча акча кетет анан элестеткиле эл аралык денгелде откоргонго канча акча кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо