Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РАМАЗАН - МЭЭРИМДҮҮЛҮК АЙЫ

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Мухаммед пайгамбарыбыз «орозо келгенде тозоктун эшиктери жабылып, бейиштин эшиктери ачылып, шайтандар чынжырга байланат» деген. Рамазан айында пенде өзүнүн каалоосу, напсиси менен күрөшөт.

Мухаммед пайгамбар күндөрдүн биринде мечиттеги мусулмандарга кайрылуучу жайы болгон минбарга чыгып жатып үч жолу «оомийин» деп айтат. Аны уккан сахабалар «эй, Алланын элчиси, сиз мурда мындай деп айтпайт элеңиз. Эмнеге 3 жолу «оомийин» дедиңиз?» деп сурайт. Анда Мухаммед пайгамбарыбыз: «Мен минбарга чыгып жаткан кезде мага Жебрейил периште келип 3 нерсе айтканда мен «оомийин» деп айттым. Биринчи, «эгер кимде ким сенин атың айтылганда сага салам айтпаса, алар мурду менен жерге сүрүлсүн» дегенде «оомийин» дедим. Экинчи, «кимде ким ата-энеси тирүү туруп, алардын ыраазычылыгын ала албаса» жана үчүнчү, «кимде ким орозо айына күбө болуп туруп, орозо бүткөндө күнөөсүнөн тазалана албаса аларга Алланын каргышы болсун» дегенде «оомийин» деп айттым»,- деп жооп берген.

ОРОЗОНУ КИМДЕР, КАНДАЙ КЫРДААЛДА КАРМАБАЙ КОЙСО БОЛОТ?
Орозо тутуу – ар бир мусулман баласынын парзы деп айтылат. Бирок Рамазан айында кандайдыр бир себептерден улам орозо кармоого мүмкүнчүлүгү жокторго шариятта да уруксат берилет.
Биринчиси – өтө карып калган, орозо кармаганда кыйналып кала турган адамдарга. Бирок алар ар күнү колунда жок, өтө начар жашагандарга орозо битирдин баасына тете тамак берип туруусу зарыл.
Экинчиси – ден соолугу начар, ооруп калгандар же дарыгерлер тарабынан ден соолугуна байланыштуу дайым тамак жеп туруу сунуш кылынган адамдарга уруксат. Эгер орозо кармоо алардын оорусун күчөтө турган коркунуч туудура турган болсо, алар да мындай себептен кутулган соң ар бир калтырылган күн үчүн кийин орозо кармашат.
Үчүнчүсү – боюнда бар, бала эмизген аялдарга уруксат. Орозо кармоо эненин өзүнө же баласына зыяны тие турган учурда.
Төртүнчүсү – аялдар ай сайын келүүчү айыздан улам орозо кармабаса болот. Бирок ал кубулуш өткөндөн кийин орозо карызынан кутулушу керек.
Бешинчиси – адам сапарда жүрүп, сапары өтө машакаттуу болсо. Ал себептерден өткөндөн кийин орозо кармоо парзынан кутулса болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
15.07.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип билебиз куноолорубуздун жуулганын...
15.07.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде кыз оозуна боек сурсо (помада) орозосу бузулабы?
16.07.2013. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miniusha
ниетти туз кылып куноолорум кечирилсин деп дуба кылып турсан кечирилет,жуулат.
18.07.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Аллах ар бирибизге ыйман берсин.момун мусулмандар-орозо кармайлы!
19.07.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москванын убактысы боюнча календарь жазып берсениздер жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо