Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НИКЕ ЖАНА АЯЛ

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Турмуш курууну көздөгөн мусулманга никенин негизги максатын билүү зарыл. Мухаммед пайгамбар «сүйүктүү жана көп төрөй алган аялдарга үйлөнгүлө. Мен акыретте үмөтүмдүн саны менен сыймыктанам» деген. «Сүйүктүү» деп сулуу, сүйө алган, ыймандуу жана адептүү аялдарды, ал эми «көп төрөй алган» деп төрөгөндү каалаган, «фигурам бузулат» деп бир баладан соң төрөттөн баш тартпай турган аялдарды айткан. Никелешүүнүн негизги максатынын бири – балалуу болуу. Куранда «адамдарга аялдары жана балдары ширин болуп көрсөтүлдү» деп Алла адамга перзенттерди сүйүү касиетин бергенин, аларды жашоонун кооздугу кылып жаратканын айтат.
Ал эми экинчи максат – бузукулуктан сактануу, анткени никесиз байланыш – сексуалдык ээн баштык жана зынакордуктун башаты. Пайгамбарыбыз Мухаммед «көздүн зынакордугу – бирөөнүн аялына кароо, кулактын зынакордугу – бузукулукка чакырган сөздөрдү угуу, тилдин зынакордугу – бузукулукка чакыруу, колдордун зынакордугу – кармалоо, буттардын зынакордугу – тыюу салынган жакка басуу, жүрөктүкү – каалоо. Ал эми жыныс мүчөлөрү жогорудагыларды тастыктайт же четке кагат» деп зынакордукка так мүнөздөмө берген.
Никелешүүдө кө­бүнчө кыздын орду­на ата-энесинен, ага-ини­ле­ринен жооп алуу керек. Али ибн Абу Толиб Фатиманын колун сурап келгенде Мухаммед пайгамбар «калыңга бере турган адалдан эмнең бар?» деп сурайт. Ошол кездеги курайш уруусунун эң кембагалы Алинин үйүндө төрт жүз дирхемдик зооту гана бар экен. Пайгамбарыбыз Мухаммед «зоотко киши жибер, алып келсин, ошону менен кызымды сага адалдан берейин, сени кызыма күйөө кылганга туттум» дейт. Алланын акыркы элчиси Мухаммеддин кызына үйлөнүү үчүн эсепсиз акча сарптоо аздык кылар эле. Бирок жар тандоо принциби ыйманга, илимге таянгандыктан, күйөөнүн кедейлиги эсепке алынган жок. Ислам тарыхындагы бул эң бактылуу жана берекелүү үй-бүлө Хасан, Хусейн, Зайнап аттуу атактуу адамдар менен толукталды.
Исламда «эгер адеп-ахлагы толук адам куда түшсө, кызды бир күн, бир түнгө жеткизбей макул­дугуңарды бергиле» деп айтылат. Анткени шашылбаса, бир күн, бир түнгө жеткирбей макулдук алынбаса, кызга башка нерселер жакшы кө­рүнүп, өз оюна алданып калуусу мүмкүн. Бирок жуучуга макул болбосо, кызды зордоо шариятка туура келбегендиктен, акыркы сөз баары бир кызда. Алинин уулу Хасанга бир киши келип «кызыма куда түшүп бир топ адам келди, кимисине берейин?» деп сураганда Хасан: «Такыбасына бер, себеби ал кызыңды сүйүп, урматтайт. Сүйбөй калган учурда да Кудайдан коркконунан аны кордобойт»,- деп кеңеш берген. Мухаммед пайгамбар «эркектердин ыйманына жана мүнөзүнө көңүл бөлгүлө» деген. Ушул эки сапат жашоодо эң чоң ролду ойнойт. Ыймандуу, тартиптүү, жакшы мүнөздүү эркек – аялдын бактысы. Ал эми өткүр, оокатын тың жүргүзүп, үйдү бага алган, адамгерчиликтүү, ичимдик ичпеген, ата-энесин, туугандарын сыйлап, тилин алганы – жигиттин мартабасын көтөрө турган мүнөзү.

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(13)
15.07.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы кенештер, уландысын кутобуз.
15.07.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун
16.07.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Такыбасына бер"-деген эмнени тушундурот?
16.07.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.k.t_90,
Саламатсызбы!
Шарияттын эрежеси менен жашаган, дин жолунда жүргөн, таза ж.б. адам.
16.07.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маселе:бир такыба уй булонун баласы дайыма тентектик кылып кымыз саткан чалдын чаначын ийне менен сайып коет ал ар дайым тешип кымыз агып калчу болот.бир куну чал баланын ата энесине арызданат анда атасы баланы урушбастан аялына ушул сен экобуздун бирибиз тура эмес иш кылганбыз ошол учун балабыз ушундай болуп калды деп кимиси эмне гуноо иш кылнанын эстешет анда атасы аялына мен ойлосом эч нерсе кылбаптырмын дейт аялы ойлонуп мындыай дейт ушул балам боюмда бар кэзде кошунанын эшигинен анар горуп
16.07.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кошуна уйдо жокто анарды ийне менен тешип суусун ичип алгамын дейт анда гуйоосу аялын ошол анарга разычылык алып гел дейт бала колуна ийне алып эми тешкени калганда кошунасы анарга разымын дейт ошондо бала колунан ийнени ыргытып жиберет бала жаман жолго барышына ата энеси да себеп болот экен
17.07.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka, рахмат жакшы маселе екен. супер инфо кенешиниздерге рахмат. даагы кутуп калабыз
17.07.2013. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баланча уй алды тукунчо машина алды дегенден коро, ушундай нерселерди кобууроок жазгылачы!
18.07.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Машшаллах баары Алла Тааланын буйругу менен болот баарынарга Такыба адам болуш насип этсин!!!
18.07.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншаллах.,
21.07.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен ушундай нерселерди коп окугум келет. Рахмат супер инфо
21.09.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаа ыраазы болсун ким жазып кошсо да,рахмат супер инфого да ушундай кенештер ден коп коп жазсын.
14.10.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер Инфо.Кенешиниздерге чон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо