БАТКЕН ЭЛИ ОБЛУСТУ ЖОЮУГА КАРШЫ

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

«Республика» фракциясынын депутаты Назарали Арипов 2013-жылдын 13-июнундагы ЖКнын жыйынында Баткен облусун жоюп, Лейлек жана Баткен райондорун республикага түз баш ийүүгө өткөрүүнү сунуштаган болчу. Андан соң ошол эле ЖКда Баткен облусун жоюу боюнча маселе кайра каралып, бирок бул ирет, тескерисинче, өкүлгө өзгөчө ыйгарым укук берүү жагы айтылган. Маселе мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, ЖКнын бардык фракцияларынын ар биринен экиден депутат комиссиянын курамына кирген. Ошол комиссия 5-июль күнү Баткен облусунда болду.

«БИРИНЧИ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ КЕРЕК»
Атайын комиссия Баткендеги облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, айыл округ жана айыл башчылары менен жолугушту. Анда депутаттар элдин суроолоруна жооп берип, облустагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, сунуш жана ой-пикирлерин угушту. Облустун жоюлушуна каршы болгон эл нааразычылыктарын билдиришти.

Сейтмурат Калыков, Баткен районунун акими:
– Баткен районунун көпчүлүк айылдары эки республика менен чектешкен. Баткендеги көй­гөйлөрдү аныктап, чек араны тосууну ушул айылдардан баш­тасаңыздар жакшы болот эле. Анткени Көк-Таш, Таш-Тумшук деген айылдарда эки улут аралаш жашайт. Бир үйдө кыргыз болсо, экинчиси – тажик. Эки кыргыздын баласы урушса эч нерсе болбойт, а кыргыз менен тажиктин балдарынын айтышуусу эки элдин достугуна доо кетирип, жаңжалдын чыгышына алып келиши мүмкүн.
Бел-Бөжөй жолу, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолу бюджетке киргизилбей калды. Таянда да чек ара заставасын курууга акча каралбай жатат. Мындан башка социалдык маселелерибиз көп. Бирок эң биринчи чек ара маселесин чечип, биздин коопсуздугубузду карап берсеңиздер.

Гүлчехра Тажибаева, Баткен шаарынын тургуну:
– Буга баарыбыз каршыбыз. Баткен облусун жоюп, Лейлек жана Баткен райондорун республикага түз баш ийүүгө өткөрүү менен эле маселе чечилип калбайт. Тажикстан менен такталбаган чек арабыз 650 чакырым болсо, анын 500 чакырымы ушул эки райондун аймагында. Облуста 460 миңдей калк жашайт.
Облусту түзүү чечими 1999-жылы Баткен коогалаңынан кийин Баткен көйгөйлөрүн тез арада чечүү, коң­шу­лар менен тең ата деңгээлде сүйлөшүү максатында кабыл алынган. Бирок айрым депутаттар анын тарыхын билбей туруп облусту жоюу сунушун киргизүүдө. Бул сунуш облустун тургундарынын артынан бычак сайгандай эле болду. Эгерде облус жоюлса, анда Баткен облус статусун жоготуп, биздин облустук жетекчилер чек аралаш аймактар менен түз сүйлөшө албай калат. Кокус чек ара чыры чыкса, өкмөттүн өкүлдөрү Баткенге убагында келе албай, кыйла убакыт кетет.
Жоюунун ордуна облусту чыңдоо жана жергиликтүү бийликке кошумча ыйгарым укук берүү керек, ошондо гана маселелер чечилет.

Жеңиш Айдаров, Баткен шаарынын тургуну:
– Облусту жоюу тууралуу айтып жаткан депутаттарга кошула албайм. Менин жеке пикиримде, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө вице-премьер деген ыйгарым укукту бериш керек. Антпесе облустун аймагында чыр чыккан учурда мындагы күч кызматтары губернатордун көрсөтмөсүн кайсы бир деңгээлде уккан менен, толук анын көрсөтмөсү менен иштешпейт. Алар Бишкектен министрлер, чоңдор менен сүйлөшүп, ошолордун көрсөтмөлөрүн аткарышат.
Бишкекте турган министрлер кокус бул жакта чыр чыкса, ал эмнеден чыкканын жана кантип өнүгүп жатканын так, даана билишпейт. Ошондуктан облустук жетекчинин ыйгарым укуктарын күчөтүү керек.

«ЖОЮУ ЭМЕС, ОБЛУСКА КӨҢҮЛ БУРУЛСА ДЕГЕН МАКСАТТА АЙТКАМ»
Курмантай Абдиев, ЖКнын депутаты:
– Баткен облусунун тегерегинде бир топ маселелер кө­төрүлүп, алардын чечилишине аракет кылып жатабыз. Бирок бардык эле масе­лелер чечилип калат дегенден алысмын. Баары келип каржы маселесине такалууда.
Эки районду борборго каратып, Кызыл-Кыя менен Кадамжайды Ошко кошолу деген пикирди мен айтканмын, бирок облусту жоёлу дегенден алысмын. Баткен облусуна болгон мамиле өзгөрсө, көңүл бурулса экен, айтылып эле калып кетүү кайталанбаса деп, маселени бир аз курчутуу үчүн ушундай мааниде айтканбыз.
Комиссиянын курамына 10 депутат кирген. Биз бул жерге сунуш-пикириңиздерди угуп, көйгөйлөр менен жеринен таанышып, кайсы маселени планга киргизүү керек экенин билүү үчүн келдик. Мен ушул айдын аягында дагы келем. Сиздерден түшкөн сунуш-пикирлерди, маселелерди анализдеп, анан сиздер менен жолугабыз. Чек арага байланышкан кооптуу маселелер ушул Фергана өрөөнүнө келип такалат. Эки өлкө менен чектешет, чек ара тилкелери такталган эмес. Экөө менен тең маселе чечилбей бир ордунда турууда.
Жолугушуунун соңунда ЖКнын депутаттары «облус жоюлат» деп кабатырланууга негиз жок экенин элге бир нече жолу кайталап айтышты. Келген депутаттар айтылган бардык маселе боюнча ар кимиси өз жоопторун айтып, чындыгында эле облус жетекчисинин укуктарын кеңейтип, кошумча укуктарды берүү керектигин баса белгилешти.

Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
15.07.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда отуруп алып сөз экен деп эле сүйлөй беришет да. Алардын сөзү канча карапайым калктын жашоосуна терс таасирин тийгизет, башы оорубайт. Ушундай калп эле сүйлөп, жаңылык киргизип иштемиш эткендерден качан тазаланат экенбиз?!
15.07.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibalaevdi gubernator kylgyla, osho kishiden bashka e4kim 4e4e da albait bul 4ek ara maselesin!
15.07.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылат жоюп, кайдагы нерселери айта беришетда.
15.07.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен такыр кошулбайм обл. жоюуга
16.07.2013. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зерикенден коро айранга нан туурап жеп отур дегендей кылып коюшуптур го чондор,Баткен об жоюп не кылат андан коро жардам бербейби чек арасын бекемдегенге.
16.07.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро баткен областынын жол, таза суу койгойун чечсенер боло ак жакалуу чондор отуруп алыыып тапкан ишинер ушул болдубу
16.07.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык биз баткен областы дегенге аран конгонбуз ошко уйронуп калганыбыз учун бала болсок да ал маалда биз учун оор болгон чек ара маселесин чечкиле айланайын ак уйчулор
17.07.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен облусун жандандырууга комок коргозуп чеууго аркет жасаш керек урматтуу биздин атка минерлер. элге насаат айтканда айтасынарго бир жакадан баш бир женден кол чыгарып иштеш керек деп. силер да иш кылгылачы.
18.07.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Облусту жойбой Айбалаевди губернатор кылып койсо жакшы болмок. Айбалаев губернатор болгон убакта чек арадан бир чымчык ото албайт эле....
18.07.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана болбосун биринчи иретте чек ара маселесин чечиштери керек.Ооз учунда гана айтып ошол бойдон тим болбостон эртерээк аракет кылып жыйынтыгын чыгарыш керек.
19.07.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул баткенге качан конул бурасынар а чин.дер. анда санда эле мындай болду тигиндей ачылыш болду деп укпмасан а так эч кандай жардам жок. сабырдуу экенбиз ушунча жылдан бери жардам албай жашап келатабыз
19.07.2013. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой е баткенди жойбосун карапайым эл каршы болсо . А чогдор типа Иштеп аткан адам болуп айтты да.
19.07.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына казакстанда ушундай чырчыккан россия менен Назарбаев тезаранын ичинде борборду ошол жака жылдырган. Биздин да аткаминерлер жакшы ойлонуп борборду Баткенге жылдырышсын.
20.07.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенди жоюуга олкобуздун копчулук жарандары каршы, ощол катарда мен дагы
24.07.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан Баткенди жою боюча соз болбошу керек кайрадан мамлекеттик буюжетин 0,6 жылдык киреше болугун болуп онуктуруш керек
12.08.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отуруп алып эми баткенди жоёбуз дейт.кылаарга башка иш жок бекен.баткенди жою боюнча даже соз кылбаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо