«ТООС МЕНЕН ЖЫЛАНЫМ МАСТАРДЫ ЖЕК КӨРӨТ»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Каракол шаарындагы борбордук аянтта эс алуучулар көп болот. Анда жүргөндөрдүн айланчыктаганы эле жылан, тоос менен сүрөткө түшүү үчүн кезек күтүү. Чогулгандардын ичинен тоостун ачуу кыйкырыгынан чочулагандары, бөбөктөрдүн жыландан коркуп ыйлагандары да аз эмес. Мындан улам жылан менен тоостун кожоюну, сүрөтчү Рысбек Ибраев менен маек курдук.

– Кандайча бул ишти баштап калгансыз?
– Бала кезимден эле үй жандыктарына жакын болуп, күчүктөрдү боорума көтөрүп жүрөр элем. Кийин мектепти аяктап, ЖОЖго тапшыра албай калдым. Бишкек шаарына барып, ар кайсы тармактарда иштеп көрдүм. Бирок өзүмө ылайык келген жумуш таба албай убараландым. Бир күнү Бишкектен ижарага жылан алып, элди сүрөткө тартуу оюма келди да, ошол ишке кириштим. Адегенде жаныбарларга кам көрүү жөнүндөгү китеп-журналдарды алып окуп, жыландарга кандай мамиле жасоо керектиги боюнча 2-3 айдай сабак алдым. Андан соң болгон акчама бир жылан, бир тоосту ижарага алып, Каракол шаарына келип иштей баштадым. Борбордук аянттан орун алып, жылан жана тоос менен каалоочуларды сүрөткө тартам. Кийин бул экөөнү сатып алууга жетиштим. Жайкы эс алууда көл жээгине барып, туристтерге кызмат көрсөтүп жүргөнүмө алты жыл болду.

– Буларды сатып алган каражатыңыз акталдыбы?
– Жыландарды ижарага алуу сүйлөшүүлөрдүн баасы менен бычылат. Орто эсеп менен бир айга 30 миң сомго чейин төлөнөт. Ал эми сатып алган акчамды сыр бойдон калтыргым келет. Бирок толугу менен акталган. Учурда үч балам бар, үй-бүлөмдү ушул кесиптин аркасы менен элден кем кылбай багып келе жатам.

– Жылан жана тоос эмне менен тамактанышат?
– Жыланымдын аты – Ширхан. Алгач иштеп баштаган жылдары кээде сүрдүү көрүнүп, андан өзүм да коркуп кетчүмүн. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибиздин кыял-жо­ругубузду жакшы тү­шү­нүп калдык. Жыландардын сүйүктүү тамагы коён, өрдөк, каз болуп эсептелет. Учурда өрдөктү 1200-1500 сомдон, коёнду 500-700 сомдон сатып беребиз. Ширхан бир аптада бир коён жейт. Аны тирүүлөй сугунат, өлгөн коён берсең, абдан ачка болсо дагы бурулуп кетет.
Тоосумдун аты – Павлуша. Ушул мезгилде алардын ургаачылары жумурткалап жаткан учур, мындайда эркектери көп кыйкырып калышат. Бирок мага алардын кыйкырыгы жарнама сыяктуу. Аянтта эс алып жүргөндөр Павлушанын үнүн угуп алыстан болсо да басып келишет. Тооско витаминдер менен балык берем.

– Жыланды көтөрүп алып сүрөткө түшүп жатканда элди чагып албайбы?
– Ширхан текшерүүдөн өткөн, бул жылан чага албайт, анткени тилинде уусу жок. Павлушанын кыйкырганы эле болбосо, эч кимге зыяны жок. Албетте, жылан менен тоос мага таандык болгондуктан, өзүм сүрөтчү да болсом, коопсуздугу да менин моюнумда. Бирок Ширхан да, Павлуша да алкоголдук ичимдикти жаман көрүшөт. Ошондуктан мастарга жолошпойт. Айрым учурда үйлөнүү тойлорго, кечелерге чакыруу менен алып барып калам. Ошондо ичип алган адамдардан экөө кадимкидей тайсалдашат.

– Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
– Жылан менен иштешкен эки киши менен катташып турам, кеңештерибиз менен бөлүшөбүз. Алдыда шыгы, кызыгуусу бар балдарды жаныма алып, аларды ушул жаатта тарбияласамбы деп жатам. Өзүм болсо бул кесип менен өмүрүмдүн акырына чейин иштейм.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
15.07.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоос сонунго аты
15.07.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тооба мастардан жылан дагы тайсалдайт экенда.жылан озу туру суук болсо ,ошондо мастар жыланга туру суук болуп корунуп калабы)) .а тоостун уну отто жагымсыз
15.07.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоос аябай кооз канаттууго.
15.07.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылан ото сурдууго,тоос аябай сулуу экен.
15.07.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жандыктар да арам нерсеге жолобойт экен.

16.07.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоосту зымырык куш деп коёбу же ал башкабы?
16.07.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зымырык куш башка ал зоолордо жашайт ал эми тоостун орусчасы жар птица
19.07.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, орусчасы павлин эмесби?
16.07.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкиликтин жаман экенин жаныбарлар да билет тура, мындан адамдар гана биле албай койду го, же билбибиз келбей жатабы?..
17.07.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыланды менда жакшы кором
18.07.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен екобунон тен корком :))
19.07.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рысбек байкенин башка жаныбарларды кобойтууго пландары бар бекен..
21.07.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик))жыландын уусу дары!
22.07.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pavlin aiabai kooz korunot eken.
10.11.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi toobo jylandy jakwy korgondor da bar eken da e a menin jylandyn atyn ukkanda ele drnem suuit
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо