Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САРЫ ЖҮЗДҮҮ, КЫРГЫЗ ТИЛДҮҮ МЕКЕНДЕШТЕР

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Эсил кайран СССРдин тийгизген таасириби же кыргыз эли өзү оомобу, айтор, азыр жаштар арасында орусча сүйлөө – мода. Мисалга алсак, 10 кыргыз сүйлөшүп турганда жанына 1 орус келсе иштин бүткөнү. Ошол жерде баары орусчадан башташат, атүгүл «чагып» ташташат. «Балык башынан сасыйт» демекчи, кээ бир чоңдорубуз сыналгы же үналгыдан тили жаңы чыккан немедей кыргызча чулдурап сүйлөгөндө күйөсүң. Аларга салыштырмалуу башка улуттагы мекендештерибиз кыргызча сүйлөшсө төбөбүз көккө жетет. Эмесе, бүгүн анча-мынча киргиздерге орус улутундагы кыргызча түш жоруган мекендештерибиз кыргызча сүйлөөнүн сырларын үйрөтөт.

«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИН СҮЙҮП ОКУЙМ» АЛЕКСАНДР ВАСИЛЕНКО, менеджер:
Сары-Өзөн Чүйдүн Жал айылында төрөлүп, кыргыз мектепте окуп калган Александр кыргыз тилинде эркин жана таза сүйлөйт. Атүгүл «Сары-Ойду» созгондо карап турган адамдын жүрөгү жылыйт. Каарманыбыз буга чейин мода дүйнөсүндө шугулданып, подиумда жүргөн болсо, азырынча үйүндө ата-энесине кыргызча сүйлөөнү үйрөтүү менен алек. «Өзүм айылдык эле жөнөкөй жигитмин» деген Александр буларга токтолду:
– Кичинекей кезимде эле айылдагы досторум менен ойноп жүрүп кыргызчаны үйрөнгөм. Досторум кыздар менен тааныштырганда «сен кыргызча билбеген киши болуп кой» деп калышат. Анан турганда тигиге мени жамандашат. Кээ бирөөлөр досторума кошулуп мени жамандап баштаганда мен кыргызча сүйлөп койсом уялып калышат же таң калышат. Бирок азыр көп нерсеге таң калбай деле койсо болот. Негрлер деле кыргызча сүйлөп жатышпайбы. Бир жолу маршруткадан бир негр кыргызча сүйлөп жатканын көрүп өзүм таң калгам.
Коомдук транспорттордо, базарларда кызыктуу окуялар көп кездешет. Көбүнчө базарда сатуучулар менен кыргызча соодалашканда, алар менин кыргызча сүйлөп жатканымды сыйлап, баасын төмөндөтүп беришет. Тойлордо кыргызча сүйлөгөнүмдү, ырдаганымды уккан аксакалдар сүйүнүп, мага бата берет. Сүйлөшкөн кызым кыргыз, буюрса, жакында үйлөнөбүз. Ал экөөбүз кыргызча-орусча «элүү на элүү» сүйлөшөбүз. Бир жолу тойдо мас болуп алып, эргүү аябай келдиби, айтор, 1 саат тынбай кыргызча нукура сөздөр менен сүйлөгөм. Ошондо досторум да сөз байлыгыма таң калышкан. Кыргызча музыкаларды көп угам. Омар, Добр, Мирбек Атабеков, Сыймык Бейшекеевдин талантын баалайм. Гезиттерден «Супер-Инфону» сүйүп окуйм.

«МАРШРУТКАДАН 2 ЖИГИТТИН ООЗУН АЧЫРГАМ»
УЛЬЯНА КОНОВАЛОВА, «Мегаком» компаниясынын пиар бөлүмүнүн кызматкери:
Кыргыз тилинде ширин сөздөрдү гана сүйлөбөстөн, комузда да кол ойноткон Ульяна Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Киного кызыккандыктан кыргыз кинолорун калтырбай көрөт. «Кыргыздын эски сөздөрүн жашоомдо колдонбосом да, алардын маанисин түшүнөм» деген каарманыбыз өзүнүн башынан өткөн кызыктуу окуяларынан айтып берди:
– Мектепте окуп жүргөндө орусча сүйлөчүмүн. Кийин Бишкекке келип, жогорку окуу жайда окугандан тарта кыргызчаны окуй баштадым. Кыргыз тили оор тил болгондуктан, 5 жылда үйрөндүм. Анан университетте окуп жүргөндө кенже илимий кызматкери болуп иштеп, орусча макалаларды кыргызчага которчумун. Азыр жумушта да кесиптештерим менен кыргызча сүйлөшөбүз.
Бир жолу биздин компаниянын атынан кыргыз тилинде интервью бергем. Ошондо бир киши келип мага алкышын айтып, бата берген эле. Ошондон кийин кыргызча сүйлөгөнгө аябай аракет кыла баштадым. Кыргыз улутундагы досторум, тааныштарым көп. Андыктан күнүмдүк жашоодо, кээде каалоо-тилектерди айтып жатканда макалдатып сүйлөйм. Бир жолу маршруткада баратсам, маңдайымда 2 бала турган. Алар «тиги кызды карасаң, кандай экен, сулуубу?» дешип, кыргызча мен жөнүндө сүйлөшө башташты. Мен болсо аларды угуп кете бердим. Анан 5 мүнөттөн кийин тигилерге «мен чыгып кетейинчи» деп койсом, алар таң калып, артымдан узата карап калышкан. Азыр анча-мынча кыргыздар деле кыргыз тилин жакшы билбейт. Менин оюмча, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча жакшы программа түзүлүш керек жана ар бир адамда каалоо болушу зарыл.

«КЫРГЫЗЧА 100 ПАЙЫЗ СҮЙЛӨЙМ»
МИХАИЛ РАБОЕВ, «Кабылан» көк бөрү командасынын оюнчусу:
Кыргыздын улуттук оюну көк бөрүнү катыра ойногон Михаил кыргыз тилинде буудай кууруйт. Анан да айымдардын көзүн күйдүргөн бойдок. Кыздардын кулагына күмүш сырга, «маңдайыма кыргыз кызын буюрса үйлөнүүгө даярмын» дейт Миша.
– Өзүм Жайыл районунун Жайыл айылында төрөлгөм. Кичинекей кезимден тарта кыргызча сүйлөгөндү үйрөнө баштагам. Орус мектепте окусам да, көчөдөн кыргыз балдар менен ойночумун. Ошондуктан азыр кыргызча 100 пайыз сүйлөй алам. Кыргыз калкы негизи кыргызча сүйлөгөн орустарды урматташат. Мага ошонусу жагат. Ал эми көк бөрүнү 15 жашымдан бери тартып жүрөм. Көк бөрү оюну өзүнчө эле адреналин.

«БУЮРСА, КЫРГЫЗДЫН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ БОЛОМ»
ИВАН МОЙСЮК, Улуттук госпиталдын, бет-жаак оорулар бөлүмүнүн хирургу:
Казакстанда төрөлүп-өсүп, Кыргызстанда жашаганына аз эле убакыт болсо да, кыргыз тилин суудай билген Иванды иштеген жериндегилер баары «орус бала» деп жакшы таанышат жана сыйлашат. «Ошол себептен Бишкек мага аябай жагат, бул жактан кетпейм» деген каарманыбызды кепке тарттык:
– Кыргызстанга 2004-жылы келип окуп калдым. Студент кезимде бокс менен машыкчумун. Ал жакта машыктыруучубуз кыргызча сүйлөчү. Кыргыз тилин ошол жактан үйрөндүм. Окуумду бүтүп, бул жакта иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Ооруканага келген көпчүлүк кыргыздар мени көрө салып орусча сүйлөп киришет. Арасында орусча жакшы билбегендер кыйнала баштаганда «кыргызча эле сүйлөңүз» деп койсом таң калышат. Спорт залга жаңы бара баштаган кезде бир окуя болгон. Балдар топтошуп сүйлөшүп турсак, Айбек деген бала «бул кандай бала экен, тигиндей-мындайы жок бекен? Бир нерсе болсо бир урам» деп кыргызча айта баштады. А мен жанында турам. Анан «эй, дос, мен сен айткан сөздөрдүн баарын түшүнөм» дедим. Ошондо уялып кечирим сураган. Сүйлөшкөн кызым кыргыз. Алардын ата-энеси да мени таанышат, кыргызча сүйлөгөнүмдү баалашат.

Каарманыбыз менен маектешип отурсам, жаныбызга бир кыргыз жигит келип орусча бир даректи сурап калды. Иван ага кыргызча жооп берип койсо, анын таң калганын көрүп, ошол замат аны кепке тарттым. Улукбек деп өзүн тааныштырган маектешим:

– Бул жигитке орусча кайрылып жаткам. Көрсө, кыргызча жакшы сүйлөйт тура. Орустардын кыргызча сүйлөгөнүн баалашыбыз керек. Себеби азыр кыргыз туруп кыргызча бир да сөз билбегендер бар. Алар ушуларды көрүп намыстаныш керек.

«Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун!»
- деп акын Эсенгул Ибраев айткандай, тил – улуттун жүзү. Жогорудагы Кыргызстанда жашап тим болбостон, кыргыздын тилин, салт-санаасын кошо сыйлаган мекендештерибизди көрүп, кыргыз болуп туруп "кыргызча билбейм" деген журтташтарыбыз ойго чөмүлөр...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(31)
22.07.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эй бербейм силерге кыргыз кыздарын
22.07.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rinatik94, Келесоолонбочу)))Ошол кыргыз кыздарынын баркына жетпей,арам ойлорунарды кылып журосунор...Сый,урмат,ызат деген жоголду...Анан куру намыс патриотторду коруп куйбогон жерим куйотда)))Кызыгы чет жерде тим эле калпак кийип калганынарды корсом жыга чапкым келет...Ошол патриоттукту неге оз элинде,оз жеринде коргозбойсун...Уяласынар тушуном!!!Ар бирибизде эне,эже карындаш бар!!!Бирок ошол бечараларды кордоп атпайсынарбы!!!
Модератор admin_media түзөттү 22.07.2013 20:59
22.07.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MIRDJAMELL, туура айтасын
22.07.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rinatik94, ха хаааха майып кылып боозутуп анан уялып таштап кетип калыш учунбу
22.07.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
altinim, Мына сен менин оюмду туура тушундун.рахмат))) Кыргызымдын чындыгында патриот жигиттери ушул кунго чейин,аял затын аярлап,коздун карегинде мамиле кылып келишкен)))Анан "Эй бербейм силерге кыргыз кыздарын-деп тим эле!!!Ойноп суйлосон да ойлонуп суйлосон!!!Адамды козу барда сыйла,жылуу соз айт, а бирок бироону согуп,жаман айтуу баарынын колунан келет!!!
22.07.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rinatik94, сенден эч ким албайт

22.07.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
videosu jok bele?
22.07.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
inoplanetyanin,
Саламатсызбы, видеосу жакынкы күндөрү чыгат)))
22.07.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Екатеринбургда кызым ооруп,обл.больницага жатып калдык.Ошондо бир жаш орус врач(жигит)келип,кыргызча таптак суйлоп мага моралдык жактан жардам берген.Корсо Бишкектик экен.Абдан суйунуп,ыраазы болгом.
22.07.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazi25, Жон кана РАХМАТ айтуу кимге болбосун,динине,тилине карабастан баарына жагымдуу угулат!!!Мына ошол адамгерчилигибизди жогору койсок,бат эле онугууп,оркундоонун жолуна тушобуз!!!
22.07.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар
22.07.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kirgiz mes orustar kirgiz4a suiloit molodecter! Uiringulo kirgizdar
22.07.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бул создорум менен тигил же бул улутту мактап,жактагым келбейт,жон кана бут тосуу,улутчулдукту токтотсок...Чет олконун биринде ушул орус улутундагы жигиттердин бири мн иштеп калдым,ошондо корсо ал жигиттер Кыргызстандан экен,алардын мага мамилеси туз эле,бирок бир созу капа кылды:Силер бизди "УРУСС"-деп убагында кубаладынар эле,мына эми озунор УРУССтардын жеринде иштеп журосунор-дейт.Анан баламды орустар Россияда журсо сабаптыр-деп ата-энелерибиз ыйлакташат.Балык башынан сасыган!!!!!
16.08.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL, окуп корсом абдан эле нааразы экенсиз. Биринчиден Беш кол тен эмес, жаман балдарга туш келсениз баардыгы ошондой дегеникке жатпайт. Экинчиден Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт, кыздардын оздорунун журум турумуна байланыштуу. Учунчудон Орустарды, же башка улуттун элдерин кыргыздар эч качан жеринен кубалаган эмес(билсениз кыргыздар бир топ эле толеранттуу келишет). Тортунчудон башкаларды куноологондон коро ар бирибиз салым кошолу.
22.07.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даа анан кыргыз болуп туруп орусча тантырап оозун чойуп суйлогон киргиздерге не дейсинер ,муну далилдеп фактыларды таап келиштин деле кереги жок кааласан ЖКда,кааласан шоу бизнесте,кааласан илибой маршруткада кыскасы Кыргызстанда жашап оз тилинен уялып башка тилде тантыраган олумуш патриот кыргыздан коро дини, тили башка болуп туруп кыргызча шар суйлогон орус артыкко дейм
23.07.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura aitasin altinim
23.07.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардан тиги биздин чондор үлгү алса жакшы болот эле!!!!
23.07.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосу болсо жакшы болмок экен, живой коруп биз да оозубуз ачылмак..
Абдан жакшы, тил уйронуу бул абдан кызыктуу, канча тил билсен ал эч качан ашыктык кылбайт.
Ким кимге уйлонот, же тиет негизгиси жашоодо АДАМдык сапатыбызды, ордубузду унутпасак.
23.07.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bagirra,
Саламатсызбы, видеосу жакынкы күндөрү чыгат)))
23.07.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,
Урееееее
23.07.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, мен да аябай сыйлайм))анан озумчо булар кыргызча билишсе озумдун эне тилим менен сыймыктанып коем.
24.07.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets baa beedim tomondogu orus jigitterge.Jaraisyndar jigiter Kyrgyz kyzdarynyn barkyna jetkile demekchimin.
A biz Kyrgyz bolup tyryp Kyrgyzcha suilogondon uialabyz.
24.07.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets baa berdim tomondogu orus jigitterge.Jaraisyndar jigiter Kyrgyz kyzdarynyn barkyna jetkile demekchimin.
A biz Kyrgyz bolup tyryp Kyrgyzcha suilogondon uialabyz.
24.07.2013. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Бишкектик Орус баланы кордум!Озунун Москвадагы таякеси курулуш боюнча жеке ишканасы бар экен! Эми ал Азиядан келген эмгекчилерге чон экен!Кыргызча так суйлой албасада жакшы тушунуп чала суйлойт!Бирок ал капа Кыргызстан ушундай деп!Улуттчул болуп кетип бара жатат дейт!Мен айттым башка коншуларга караганда Кыргызстанда зомбулук жокко эссеби десем!Башын ийкеп макул болот!Болок улут Кыргызча суйлосо! Жан дуйнондо жакшы жылуулук пайда болот! Бар болугула Мекендештер!Кыргызстан Силер менен!
24.07.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле башка улуттагылар "кыргызча"суйлосо кубанат экенсин,"Тилибиз менен Кыргызбыз билсек"
24.07.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улуттардын кыргызча суйлогону аябай жагымдуу угулат, кубангандан козуно жаш келет. Уйлоно берсин кыргыздарга, кыргыз кыздары жаккан учун уйлонот да. Алардан оздорундой ыймандуу балдар, анан калса жакшынакай балдар торолсо керек.:)
24.07.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жолу Москвада жаратылыш койнунда шашлык бышырып, эс алып отурсак бир орус жигит келип калды. Анан эле куйоомдун досу менен таза кыргызча, акцентсиз суйлоп, учурашып калса болобу. Анан дагы, ”чай ич” десе, ”нан ооз тиейин” деп, бата кылып туруп кетсе оозум ачылып эле тиктеп калыпмын да. Аялы кыргыз, озу да Кыргызстандык экен корсо. Жакында аэропорттон дагы бир орусту кордум, аялы кыргыз. 2 баласы бар экен, камкор ата " барганда чачтарын алып сал” деп кыпкыргызча суйлоп узатып койду аялын. Озу
26.07.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! канча тил билсен,ошончо адамсын дейт. Сонун интервью, супердин журналисттери дагы азаматсынар, кыргыз тилин сонун реклама кылгансынар. Тажикстандын Мургап районунда кыргыздар жашап,андагы тажиктер кыргыз тилин суудай билишет. Кыргыздар менен кыргызча суйлошушот.
26.07.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйык-ата журт жаштар коомдук фонду тарабынан башка улуттарга тил олимпиадасы болду ошондо башка улутун окулдору бизге кыргызча суйлошпосо биз кантип кыргызча уйронмок элек деп окунгону эсимде
28.07.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эч ким аны очуро албайт тарыхтан" бул адамдарды сыйлап алышыбыз керек коро албайстык кылбай))) кызын албайм же кыз бербейм дебей
28.07.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо