Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ МАЛЧЫЛАРЫ КАЗАКСТАНДЫН КАМАГЫНДА ОТУРУШАТ

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылынан жогору жайгашкан Көк-Көл жайлоосунан бир канча мал жоголуп, аны издеп жүргөн мал ээлери 11-июль күнү Казакстандын чек арасынан өтүп кеткендиги үчүн кармалышып, ушул тапта казак жергесинде камакта отурушат. «Корумду айылынын сегиз тургунунун коңшу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз бузуп кирүүсүнүн себеби эмнеде болду экен?» деген суроого жооп издеп көрдүк.

Көк-Көл жайлоосу Казакстандын мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкандыктан, кыргыз малчыларынын мал-жандыктары коңшу мамлекеттин чек арасынан өтүп кеткен учурлары көп болот. Бул жолу да бири малын издеп, калганы аларга тамак-аш жеткирип бармакчы болушуп, сегиз кыргызстандык Казакстан чек ара кызматкерлеринин колуна түшкөн. Окуянын чоо-жайын камактагы малчылардын ата-энелери, туугандары айтып беришти.

Кеңешкан Бикирова:
– 9 баламдын эң кичүүсү Мирлан элдин малын жыйнап, жайлоодо багат. Жакында малынын ичинен бир жылкысы жоголуп, аны издеп Казакстанга өтүп кеткен экен. Анан чек ара кызматкерлери "чек араны мыйзамсыз бузду" деп баламды камап салышыптыр. Уулум жалгыз эмес, жанында төрт малчы балдар да бар. Бешөө тең камакта. Эртеси күнү ал беш малчыны издеп барган үч айыл тургунун да кошо камашыптыр. Азыркы күндө ошол сегиз малчынын үй-бүлөсү абдан тынчсызданып, кандай айла кыларыбызды билбей жаткан учурубуз.
Буга чейин чек ара тууралуу укканыбыз менен, анын белгилери жөнүндө билген эмеспиз. Угушубузга караганда, кыргыз-казак чек арасында эч кандай тор же зымдар жок экен. Болгону эки өлкөнүн чек арасын бир зым карагай бөлүп турат дешет. Биздин айылда мындай окуя биринчи жолу орун алууда.

Көчөрбай Узаков:
– Окуя болгон күнү ден соолугум начарлап, өзүмдү жаман сезгендиктен айылга барып, "малды кайтарып тур" деп уулум Кутманды жайлоого жөнөткөм. Койлор оттоп жүрүп чек араны ашып кетишкен экен. Уулум аларды издеп Казакстанга өтүп кетиптир. Казак чек арачылары малды да, аны издеп баргандарды да "чек арадан мыйзамсыз өтүп кеттиңер" деп камакка алышты. Бир күндөн кийин сүйлөшүүлөр жүрүп, 846 баш койду кайтарып алдык. Мал ээлери минген аттары менен азырынча ал жакта болушарын билдиришти.

Элвира Бабашова:
– Кайнатам Үсөн Узаков көп жылдан бери мал багат. Өткөн жылы Көк-Көл жайлоосуна конуп, мал баккан эле. Быйыл да ошол жайлоого кеткен. Ошол күнү жолдошум Элдияр кайнатама тамак жеткирип кеткен. 12-июль күнү кайнатам менен жолдошумдун казак чек арасында камалып калганын уктук. Көрсө, мал чек арадан өтүп кетиптир. Кайнатам аларды айдамакчы болуп барып, жолдошум экөө "чек араны бузду" деп камакка алынышыптыр.

Бул маселенин чечилүү жолдору боюнча Каракол шаарында жайгашкан 2028-аскер бөлүгүнүн саркери, подполковник КЫЯЛБЕК ТӨЛӨНБАЕВге кайрылдык.
– Көк-Көл жайлоосу Казакстан менен чектешет. Биз ар бир жаранга чек арада жаралган маселелерге байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Кээ бири "ата-бабам ушул жерде кой кайтарган, мен дагы кайтарам" деп жооп берет. Бирок мыйзам андайды карабайт. Кээ бир малчылар мал жайып коюп, 15 күндө бир толуктап турушат экен. Анан малы чек арадан өтүп кеткенде анын аркасынан түшүп, өткөрүү пункту менен эмес, каалаган жеринен чек арага кирип алышат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин негизинде чек араны бузгандарга кадимкидей иш козголуп, жасаганы кылмыш катары эсептелинет.

Бул окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы ГҮЛМИРА БӨРҮБАЕВАга байланышканыбызда:
– Бул иш боюнча эки өлкөнүн Чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жарандары тууралуу маселе каралып жатат. Аларга кандай жаза колдонулары боюнча маалымат бере албайбыз. Казакстан тараптан тергөө иштери соңуна чыга элек,- деп билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылы сентябрь айында Мамлекеттик чек араны бузуу фактысы катталып, анда Түп айылынын эки тургуну казак чек арасын бузганы үчүн Казакстанда 6 ай камакта жатып чыгышкан эле.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
22.07.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу чек аралардын койгойлору бутпой койду го. Канча деген адам олду, канчалары камалып атышат, бир чарасын тезирээк колдонушпайбы!
22.07.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араныбузган кылмыш катары эсептелсе анда эмнеге озбек жараны Кыргызстандын чек арасын бузуп отуп адам олтуруп кетсе да кол куушуруп отурат казактардан сабак алыштары керек экен.
22.07.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара маселелерин чечип коюшса болмок.Карапайым калкты кыйнабай!
23.07.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdikiler ozubuzdu ele kumnoolop jatyp kalat 4ondooor! bawka biro 4ek arani otup ketse ani kunooloso da kolunan bok kelbei otura beriwet kazaktar tin srazi kamap salat
23.07.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз байкуш кайда болсо кор болдук го же жарытаарлык жумуш жок же коррупция деген токтободу жада калса чек араны тындап беките албадык!
26.07.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin biylik kreslosun ku4aktap oturuwsa emne kylbyz aila jok da. Uwuga okwogon korunuwtor bolbosu u4un suilowuulordu jurguzup je tozup koiuwpaiby 4ek arany
28.07.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alar kunoosu jok ele da emne kylsyn 846 mal kirip ketse karap kalyp kete bersinbi. Alar malda 4ek arany bilip koiupu, uwuga okwogon maselelerdi 4e4pese bizdin biilik jep koiup 4alkalap ele jatat da.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо