ЭСТЕН КЕТКИС ЭС АЛУУ...

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Эс алуу учурунда эмнелер гана болбойт. Бирде кан басым көтөрүлүп, айла таппай, «Эми кантем?» деп чыйпылыктасак, бирде күлкүлүү абалда калганыбызга каткырып алабыз. Эс алып жүргөн кездеги унутулгус көз ирмемдерин сулуу бийкечтер эскерип беришти.

Алиман, актриса:«МОСКВАДА БАЛДАРДАН КАЧКАНЫБЫЗДЫ УНУТПАЙМ»
– Москвада жүргөндө үч кыз болуп тамактанганы грузин ресторанына кирип калдык. Өзүбүзчө сүйлөшүп отурсак маңдайыбыздагы кыргыз жигит «мекендеш экенбиз, таанышып албайлыбы» деп сөз таштап кирди. Бат эле тил табышып сүйлөшүп кеттик, көп өтпөй анын достору бизге кошулду. Жанындагы орус досу кызуураак экен, мага «Сиз ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыккыңыз келеби? Сизди байлык, машина кызыктырабы?» деп баштады. Ага мен какшыктап «албетте, мен кедейге тийбейм, мага чириген бай керек» деп койгом. Ал болсо сөзүмө ишенип, мактанып кетти дейсиң...
Бир маалда сыртка чыгып кетишкен. Көрсө, мекендешибизден биздеги ала качуу салтын сурап, мени ала качмай болуптур. Досу сырттан кире калып «сизди ала качканы жатат» деп мени ишендирип салды. Биз да чогулуп сыртка чыксак машинасын даярдап жаткан экен. Москвада бүт нерсени күтсө болот эмеспи. Коркконубуздан билдирбей жанынан өтүп, алды-артыбызды карабай качып жөнөдүк. Бизди байкап калыптыр, алар да артыбыздан машина менен кууп келатышат. Метро жакка жеткенде бирдик салдырайын деп барсам баягы кыргыз жигит турат. Ошондогу коркконубузду айтпа. Андан качып үчөөбүз далдактап чуркап баратабыз. Артыбыздан алар «токтогула» деп кыйкырып алышкан. Элестет, шиш така, көйнөк менен жан талашып чуркап жүргөнүбүздү! Ошол аралыкта аларды маньяк элестетип алдым.
Ошентип далдактап чуркап жүрүп чарчап калганда алар жетип келишти. Болбой эле «бизге жакындабагыла, жолобогула» деп кыйкырып жатабыз. А көрсө, алар «ала качабыз» деп жөн гана тамашалаган экен. Ошондо тамашаны олуттуу кабыл алганыбызга аябай уялганбыз. Көпкө унута албай каткырып жүрдүк го.

Элиза Орозова, ырчы:«КОЮБУЗ ТОО АРАЛАЙ КАЧКАНДА...»
– Бир жолу Көлгө достор менен эс алганы барганбыз. Арабызда караколдуктар бар эле, Жети-Өгүзгө, жаратылыш коюнуна алып чыгып коноктомой болушту. Жайлоого баратканда дарегибизге жетпей машинабыз бузулуп, кыз-балага карабай түртүп эптеп от алдырдык. «Ии, эми барып эс алабыз го» деп жыргап жатсак, жок, кайдан... Кайра бир кызык башталды.
Бир бала койду кармап алган болчу. Жөн турбай ал улам ойноп жаткан. Бир маалда койдун жиби чыгып кетип, тайраңдап тоону карай качып жөнөдү. Артынан балдар жабалактап кубалап жүрүшөт. Карагайлар аябай жыш экен, таппай калышпадыбы. Качырып жиберген бала уялганынан тоодон түшпөй көгөрүп отуруп алды. Аны баары сөгүп, жемелеп жатышат. Биз болсо куурдак кылабыз деп картошкаларды даярдап коюп отурабыз. 2-3 саат өткөндө баягы «күнөөкөрлөр» келишти. Жини келип сөгүнүп, байкуш койду сүйрөп келатат, акыры кармашыптыр.
Койду сойгончо эле кеч кирип кетти. Куурдак, бешбармак жасап, шаардык кыздарга устукан тартып беребиз деп жатышты эле, ага да жетишпей, куурдак жеп, караңгыда кайтканбыз. Калган тамакты көл жээгинен жасап беришти.

 

Нурзат Садыкова, ырчы:«АЭРОПОРТТО УКТАП КАЛЫП...»
– Жакында эле Башкортостанга Кайрат Салмакеев деген жигит менен чогуу бардык. Ошондо аябай комедия болдук (күлүп). Экөөбүз Уфадан таңкы саат беште Москвага учмакпыз. Аэропортко түнкү саат 12де келип, аябай чарчап калгандыктан, уктап алайын деп башка залга чыгып жатып алгам. Бир туруп карасам каттоо башталып, элдер ары-бери басып жүрүшүптүр. Кайра көзүм илинип кетиптир. Кийин эмне болду билбейм, чочуп ойгонуп карасам Кайрат жайбаракат жанындагы түрк кыз менен сүйлөшүп отуруптур. Саат болсо 5ке 15 мүнөт калыптыр. Секирип туруп эле «Кайрат, учакка барышыбыз керек да» десем ал кебелбей «азыр 5те учабыз да» деп коёт. Көрсө, ал каттоосуз эле учакка кирип кетебиз деп ойлоптур.
5 мүнөт убактыбыз калды. Менин сумкам кетип жатканда эле оор болчу, дипломдорду да салып алгам. Таразага алып келсек нормадан ашып кетиптир. Ошол жерден жан талашып сумканы айрып, колубузга ашыкчасын көтөрүп чуркап, араң жетишкенбиз.

 

Кундуз, ырчы:«ЧЕЧИНГЕНИБИЗДЕ ТУРИСТ ЭКЕНИБИЗДИ БИЛИШКЕН»
– Быйыл март айында Дубайга барганда көп кызыктарга туш болдук, өзгөчө Сафари чөлүндө. Сафариде сүрөткө кийип түшкөнгө атайын кара хиджабдарды берет экен. Курбуларым менен хиджаб кийип сүрөткө түшүп жатканбыз. Жаныбыздагы туристтер улам эле бизден көз албай суктанып карашат. «Сиздер менен түшүп алсак болобу?» деп тегеректеп калышты. Биз да оюбузда «биз менен сүрөткө түшкүсү келип жаткан го» деп, каршы болгон жокпуз. Биз жарым сааттай туристтер менен фотосессия кылдык. Түшүп бүткөндө тигилер «оо, рахмат» деп тим эле кубанып алышкан. Көрсө, араб кыздары антип сүрөткө түшүшпөйт тура туристтер менен (күлүп). Алар болсо «арабдар ушундай сулуу кыздарга сүрөткө түшкөнгө уруксат беришет бекен...» деп таң калышыптыр. Кийин өзүбүздүн кийимдерибизди кийсек бизди көрүп «силер деле бизге окшогон турист турбайсыңарбы» деп каткырышкан.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Эстен кеткис эс алуу...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
20.07.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
элиза жалан щаардык кыздар элек деп ойлонбой эле суйлоп коюптур эмне айылдык кыздар эле кунуго машина туртуп жургондой ошол созун айтпай эле койбоптур озу качантан бери шаардык болуп алган
SUPER.KG видео
20.07.2013. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А бул Элиза деген кыз ким сөздүн башынан аягына чейин кой кой кой дедиго и вобще жасалма сүйлөйт экен
SUPER.KG видео
20.07.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
элиза дегенинер дегеле суйкумсуз сапатсыздардын бироосу же суйлогону жакпайт же ырдаганы жакпайт элге фуу
SUPER.KG видео
20.07.2013. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жакшы ырдайт го
элиза владивастоко дагы бир келип кетпейсинби?
SUPER.KG видео
20.07.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кундуз сулуунун сүйлөгөнү кичинекей кыздай экен, ушу кызды карап тура бергиң келет. Ушул сулуулук үчүн мыкты бир сценарий жазып, мыкты бир кино тартышса
SUPER.KG видео
20.07.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элизага фууу
SUPER.KG видео
20.07.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunduzdun
suilogonuno itirkeim kelet. Oto ele blondinka bolo berbechi oruscha
suilop. Nurzattyn suilogonu jakty. Muzurdun ayaly jakwy da, maga jagat.
Ozun jonokoi alyp jurot.
SUPER.KG видео
22.07.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элиза кантет кундуз деле андан калбайтго
SUPER.KG видео
22.07.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
buzulup kalysh kerek ekenda deitgo oi i4im))))))))))))))
22.07.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуздун боюнда бардай корунуп калат экен.
22.07.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh, мага да ошондой сезилип жатат
SUPER.KG видео
22.07.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достор койгулачы,аябай эле Элизага жабышып алыпсынар го.Бироону жамандаса эле чукумай адатыбыз барибир кыргыздыгыбызга барат экенбиз да э.Болгону оз эмоциясын жашырбай суйлоптур.Ал эми шаардык кыздар элек эмес, баардыгы шаардык кыздар озунчочу деп кулкулуу жагдайга туш болгонун айтып жатпайбы.Албетте, жашоо кызыктарга бай.
22.07.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дева Мария болуп калган го. Чын айтсам жарашпай калыптыр.
22.07.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oa men dele boiunda barby dep oilopturmun
22.07.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hidjapty negizi antip chachyn korsotup kiybeit
22.07.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койдун качканы кызык экен
22.07.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе хе кой шаарды коздой качпаптырда !
SUPER.KG видео
22.07.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой эээй. Ушул Элиза эжем ай,корбогондун коргону курусун болуп...
SUPER.KG видео
22.07.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фарида эжем секирип элизахан кой кууп кундуз суротко тушуп абдан эле кызыктуу болуптур ээ достор
SUPER.KG видео
23.07.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн биринчи суйлогон кыздын манкасы корунуп журотко?
23.07.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз ерге тий еми азизага окшоп бир чалды кайним деп калба
23.07.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirpik, Кундуздун деле "Спонсору"(чалы)бар болуш керек?
25.07.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, Айланайындар, бул ырчылар, актрисалар башынан өткөн күлкүлүү окуясын айтып берип жатышат. Болбой эле асыла беребизби?
27.07.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi, Чын эле..Кечиргиле!
24.07.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген адамдар отурат бул жерде? Чалы барбы, башкасы барбы, силерге эмне? Тообо кылдым, кичине адамга кандай тиет ойунар ошону да ойлоп койгулачы, отуруп алып эле жазат десе жаза бербей!!!!
25.07.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камментария жазгана соз таппай эле, ар кимди чукулай бергенинер кызыктай да. Чалгабы,жашкабы, бул нерсени кудай пешенеге жазганы болот.
26.07.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондон кийин "бар болуш керек" дегенибиз туура эмес.
SUPER.KG видео
30.07.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шумдугун кургуур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо