№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Бул аптада элдин оозунда президент Алмазбек Атамбаевдин Улуу Британияга айткан сыны болду. Аны күтүп тургансып, кошмо штаттар да Курманбек Бакиевдин уулу Максимге карата тиш кайрай баштады.
Кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын «Гардиан» гезитине интервью берип, Англияны сынга алды. Анда президент англиялыктар Максим Бакиевге баш паанек бергендиги үчүн уяларын айткан. Анткени М.Бакиев Кыргызстандын тоноочусу экенин билдирген ажо: «Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын балдарына баш калкалоо берди беле? Анда эмне үчүн Кыргызстанга карата башка стандарт колдонулуп жатат? Англия Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө жардам беребиз дейт, бул калп. 20 жыл оппозицияда жүрүп, демократия үчүн күрөштүм. Мен билген эмесмин, демократия жөнүндө айтылган кооз сөздөрдүн артында жалган болорун. Демократияны негиздеген Англия бизге каршы барганы түшүнүксүз. Саясатта ушундай уятсыз, коррупциялашкан иштер болорун күткөн эмесмин»,- деген.
Мындан көп өтпөй АКШ 10-майда Британияда кармалган Максимге козголгон кылмыш ишин жаап, өз аймагына экстрадициялоо жөнүндөгү кайтарып алган сунушун Кыргызстанга карата пайдалангысы келдиби, айтор, анын банктарындагы эсептерин жаптырып салыптыр. АКШдагы жабылган эсептин суммасы 74,4 миллион долларды түзөрүн экономика министри
Темир Сариев билдирген. Министрдин айтымында, Максимдин бир эсебинде 5,4 миллион доллар, экинчи эсебинде АКШда баалуу кагаздарды сатуу менен тапкан 9 миллион доллары болгон. Мындан сырткары Американын коммерциялык банктары мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен 60 миллион долларлык эсептердин иштөөсү токтотулду. Алар бул сумманы Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктар менен иштеп, пайда көргөн деп айыпталууда.
Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Максим Бакиевге таандык деп табылган акчалар анын Кыргызстанда уурулук жол менен тапкан каражаттарынын аз гана бөлүгү экенин айтып келатышат.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Нарынга болгон иш сапарында 2009-жылы Максим Бакиев биринчи миллиард долларын Москвадагы казинодо майрамдаганын билдирген эле.
Учурда өкмөт жана прокуратура мына ушул каражаттарды Кыргызстанга кайтаруу аракетин көрүп жатат. Мындан сырткары Башкы прокуратура Латвия жана Улуу Британияга экс-ханзааданын эсептерин жабуу тууралуу кат жолдогон.
Чындыкты орой айтса да, тике карап түз оюн билдирген, улуу державага тең ата сүйлөгөн эл башчыбызга коомчулук «бали» деп айтары бышык. Буга чейин мындай күчтүү мамлекетке эмес, тең тайлаша алар Тажикстанга да сөз айта алчу эмес эле жетекчилерибиз. Эми журт башчысына кайрат тилеп, коңшулардын мизин кайтарган эрк берсин дейли.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
14
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Dvino jvzvndo kvchtvv, kubattuu bolgon kyrgyz eli bvgvn kichik olko bolup tursa da, bai, kudurettvv jashasa bolot, bir mamlekettin kudureti kankor Kadyrjan Batyriv, Maksim jana bashka el buzaar, ichten chykkan joolordu karmap kelvvgo kvchv jetish kerek ele.
Кайдан тенелмекпиз, атом эмес жакшы куралы жок аскерлерибиздин.
АША байкебиз ишине жараша суйлобоптурда.
Prezidentke emes anin janindagilarga kop maani berip kop konul burgula,janindagilar satip ketet eldi je ani jaman korsotot,otmushton bir az sabak alsak deym.
Negizi bizdin el koldogondu emes kordogondu jakshi korooru okundurot.
Жеке айтышууларга тыюу салынат! Темадан алыстабайбыз.