Казак актёру Саят Исембаев:«РЭКЕТИРДЕГИ» САЯНДЫ ӨЗҮМӨ ОКШОШТУРАМ»

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

90-жылдарды, андагы баш аламандыкты сүрөттөгөн казактардын «Рэкетир» тасмасы, андагы айыптууну жазалап, чындык үчүн күрөшкөн Саяндын ролун жараткан казак актёру Саят Исембаев эсиңиздеби? Кыргыз-казактын кино тармагына өз салымын кошуп келе жаткан актёр таланттуу кыргыз режиссёру Сүйүн Откеевдин чакыруусу менен борбор калаабызга келип отурат. Саят мырзага жолугушууга бара жатканымда «сүрдүү адам болсо керек» деген ойдо элем. Тескерисинче, мени шайыр, тамашакөй мырза тосуп алды. Бирок негедир маек башталары менен ал токтоо, кыска-нуска сүйлөгөн адамга айланды.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү
– Исембаев Саят Тимирбулатович
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 14-октябрь
Билими – Орто, Казакстандагы А.Селезнёв атындагы окуу жайдын бий бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы Бош убактысын сыналгы көрүү менен өткөрөт

– Саламатсызбы, Саят? Кыргызстанга бат-бат эле келип турасызбы?
– Саламатчылык. Ооба, Ысык-Көлгө, Бишкекке бат-баттан келип турам. Кээде эс алып келсем, кээде жумуштарым менен дегендей. Мага кыргыз элинин меймандостугу, жаркылдап тосуп алып, жылуу узатып койгону жагат. Андыктан келүүгө мүмкүнчүлүк болсо эч качан колдон учурбайм.

– Бул жолку келишиңизге эмне себеп болду?
– Албетте, чыгармачылыгым. Учурда режиссёр Сүйүн Откеевдин «Миллиондук мелдеш» аттуу тасмасында роль жаратуудамын. Аталган криминалдык мелодрамада мен казак элинен келген Ержан деген жигиттин ролундамын. Бул каарман «Рэкетирдеги» Саянга аябай окшош. Негизи, тасмага тартылууга макулдугумду эчак эле бергенмин. Билесиздер да, тасма тартуу оңой эмес. Көп убакыт өткөн соң минтип тартылуу иштери башталып отурат. Буюрса, жакшы кино болот деген үмүтүбүз бар.

– Сиздин буга чейин эле кыргыз режиссёрлору менен иштешип келгениңизди билебиз...
– Алгач режиссёр Бакыт Карагуловдун «Найман эненин көз жашы» тасмасында Жоламандын, кийин кыргыз-казак режиссёрлору биргеликте тарткан «Кыялдагыдай шаар» телесериалында эпизоддук роль жараткам. Чынында, ал тасмадагы образымды өзүм да түшүнгөн эмесмин.

– Эки өлкөнүн кинематографиясындагы айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?
– Айтып коюшат го «кыргыз-казак бир тууган» деп. Эки тараптын тең кинематографиясында аксоо бар экенин айткым келет. Себеби тасмалар аз тартылат. Кино тартуу ыкмасы да бири-бириникинен айырмаланбайт экен.

– Кыргыз киносунун кайсы өкүлдөрүн билесиз?
– Азыр баарын эстей албайм. Бирок актриса Гүлсара Ажыбекованы эч качан унутпайм. Дайыма эсимде. Себеби экөөбүз бир тасмада роль жаратканбыз. Тагыраак айтканда, мен Жоламандын, ал Найман эненин ролун жараткан. Тартуу учурунда мага көп нерселерди үйрөтүп, жардамын аяган эмес. Башка актёрлор деле жардам беришкен деңизчи. Бирок негедир Гүлсара эженин жакшылыгы эсимде калыптыр.

– Кыргыз элине адилеттүү бандит Саяндын ролу аркылуу таанылдыңыз. Байкашымча, көпчүлүк учурда бандиттин ролун жаратып келесиз. Мындай ролдор тажата элекпи?
– Негизи, адамдын келбети кайсы бир образга байланып калат экен. Чынында эле мага «чёрныйлардын» ролу көп туш келет. Тажабайм го, себеби мага мындай ролдор жагат. Токтоо, сүрдүү адамдардын ролун да катыра аткарам. Балким, бул мүнөзүмдөн улам болсо керек. Ошентсе да кыялымда эки жүздүү, шүмшүк кишинин образын жараткым келет. Менин көздөрүм куу адамдыкындай. «Рэкетирге» тартылып жатканда да режиссёр «көзүңдөгү куулукту жок кыл» деп айтып отуруп акыры максатына жетти окшойт. Чынын айтсам, "Рэкетирдеги" Саянга өзүмдү аябай окшоштурам, мүнөзүм, сүрдүү көз карашым баары дал келет.

– Бул тасмадан соң сиздин жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Эң негизгиси, атактуулукка жетишип, эл сыйына ээ болдум. Көчөдөн мени таанып, сүрөткө түшкүсү келгендердин саны көбөйдү (күлүп). Мунун бир жаман жери бар экен. Алар сенин ошол учурдагы абалыңды, маанайыңды эске алышпайт тура. Аргасыздан күйөрмандарымдын көңүлүн оорутпайын деп жылмайып туруп берген учурларым көп эле болот.

– «Рэкетирге» тартылар алдында «кино тармагынан биротоло кетем» деп айтканыңызды уктум эле...
– Кызык?! Аны каяктан билип алдыңыз (күлүп)? Ооба, антип айтканымды моюнума алам. Кыргызстандагыдай эле биздин өлкөдө да актёрлордун айлык маянасы аз деген көйгөй бар. Эркек болгон соң үй-бүлөнү, бала-чаканы багышыбыз керек да. Акча тартыштыгынан улам менде башка жумуш менен алек болоюн деген ой туулган эле. Бирок тасманын жаратуучулары «тартыла бер» дешкенинен алгач кинонун жанрын сурагам. Жанры криминалдык драма экенин укканымда эле дароо макулдугумду бергем. Аябай даярданып тартылгам. Жыйынтыгы жаман болгон жок деп ойлойм.

– Өз кесибиңиз бийчи экен. Анан кантип тасма айдыңына келип калдыңыз?
– Союз кезинде эптеп бир окуу жайга тапшырсак дечү элек. Бактыма бир училищеде тандоо жүрүп жатыптыр. Болду-болбоду деп барып, өтүп кеттим. Эсимде, ошол жылы биздин айылдан мен эле студент болгом. Бий деле актёрдук кесиптин бир түрү да. Болгону бийди сахнада аткарсаң, кинодо камерага ойнойсуң. Экөөнүн мен үчүн айырмасы деле жок.

– Кесибиңиз жерде калбасын деп бийлеп турсаңыз керек?
– Албетте, ыңгайлуу жерде берилип бийлейм. Сөз жок, жакшы бийлейм.

– Кеп учугун үй-бүлөңүзгө бурбайлыбы...
– Мен эң жөнөкөй адамдардын перзентимин. Алматыга жакын айылдардын биринде туулуп-өскөм. Ата-энем такыр чыгармачылыкка жакын эмес. Жубайым актриса. Окуусун Орусиядан аяктап, ал жакта бир аз иштеп келген. Учурда окуучуларга тажрыйбасын бөлүшүп, сабак берип келет. Бир уулум бар, 11 жашта. Ал да мага окшоп атактуу болууну каалайт (күлүп). Бирок такыр чыгармачылыкка жакын эмес. Спорт менен алектенет, жаш экенине карабай ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп апасы экөөбүздү сүйүнтүп келет.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Рэкетир" тасмасындагы Саян Бишкекте

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
21.07.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай тасма тартылар экен. Эн башкысы мыкты тартышсын режиссерго ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
21.07.2013. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bawka olkonyn akteryn ywyntip baalagancha ozybyzdyn akterlorubuzdy barktap alsak bolmok. Byl da chooon akchaga kelse kerek.
SUPER.KG видео
21.07.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озунчеле дерзко жооп бергенго суроолорго
SUPER.KG видео
21.07.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Журналистканын биздин кайсыл белгилуу актерлорду тааныйсыз,эпатируете деген суроону кайсыл ойдо берди экен?...Журналистка LOL,ушул журналистканарды алмашсанар болмок.Бир мезгил жок болуп кеткенде алмашкансынар го дегем...Автандилди алмашып жакшы кылдыныздар?...Азыркы журналист жагат граммотно алып барат.
SUPER.KG видео
21.07.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтылуу Голливуд актеру Стивен Сегалга да окшошот экен бул жигит. Чач коюп койсо озу болуп калгыдай.
SUPER.KG видео
21.07.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озуну алып журушу жагатта
SUPER.KG видео
22.07.2013. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматту супер инфо рекетирдин уландысы тартылабекен ушул жонундо малымат берип койсонуздар жакшы болмок
22.07.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой, жакшы жигит экен. Обычно казактар мурдун которуп турушчу эле
22.07.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обожаю этого актера
22.07.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өркүнү өсө берсин,аракети бар.
22.07.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой адам экен! Ишине ийгилик!
22.07.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соооооооонун маек))))))0
22.07.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир Сыргабаев актер болуп алганбы? Ал озу черныйда, тоббаа
22.07.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamman krasavchik eken. iwinizge iygilik
SUPER.KG видео
22.07.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уфф!!! мынча красавчик!!! по больше бы таких мужчин)))
22.07.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат, рекетирди коргондон кийин Саят деген оору менен ооруган элем.
22.07.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун актер, рекетирдеги образы аябай жагат! Ошол кинону кайра кайра коргондон эч тажабайм! :)
23.07.2013. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жаш эле деп ойлочумун бул актёрду,75-жылкы болсо аябай жаш корунот экен
SUPER.KG видео
23.07.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
SUPER.KG видео
23.07.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крассавчик
24.07.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир Сыргабаев журотко
24.07.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рекетирде ойногондо Спорт м-н машыгып анан Кызы экоо Тамеки чегип баштаган жери барго Ошондо жаман жинденгем (((((((((((
25.07.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мой любимый актер мммаах!!!
25.07.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Приезжайте к нам по чаще:)
SUPER.KG видео
25.07.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimka,
Башка сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат!
3 күн банга!
SUPER.KG видео
25.07.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimka,
Экинчиден, ал кинонун экинчиси тартылбагандыгы актердун өзүнөн такталган.
SUPER.KG видео
28.07.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bliiin takoi krasivyi! me4ta mnogih jenwin
SUPER.KG видео
01.08.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саят Исембаевди актер катары аяббай суйом да иииииииииииииий,мыкты актер.Кантип тапсам болот я???Автограф алып,суротко тушуп калсам кандай сооооооооонун болмок да,ким жардам бере алат я???
SUPER.KG видео
18.08.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кратко, чётко, ясно. Учитесь парни как правильно разговаривать, отвечать и вести себя. Чётко излагает свои мысли.
SUPER.KG видео
08.09.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроого так жооп берген менимче чечкинди адам болуш керек жашоодо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо