Азиза:«ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИ ЖАШООМО АРАЛАШТЫРБАЙМ»

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

«Ак толкундар», «Кайдасың?» деген ырларды ырдаган Азизаны издегендердин саны көп болуп кетти. Чындыгында, Азизанын сахнадан четтегенине 3 жылга чамалап калды. Ырчы өзү «Кайдасың?» деп ырдагандай, «Каякта, эмне иш кылып жатасың?» деген сыяктуу суроолор менен ырчыны маекке тарттык.

– Азиза, кандайсың? Күйөрмандарың сени сахнадан кетип калдыбы деп тынчсызданып жатышат...
– Жакшы. Көрүнбөй калганыма үч жылга жакындап калды. Турмушка чыгып, боюмда болгондо эле сахнадан четтеп кеткем. Өзүмө көңүл бурайын, аял катары үй-жайды жайгарайын дедим. Анын үстүнө ызы-чуудан жакшы эле чарчаптырмын. Эми болсо ырдаганды сагындым. Учурда жаңы ырларды жаздыра баштадым. Орозо бүтсө, клип тарттырам деп турам.

– Кызыңды карап үйдө экенсиң да анда...
– Ооба. Кызымдын аты – Асел. Атын атасы өзү койгон. 1 жаш 6 ай болуп калды. Чынында эле балдай таттуу кыз. Кеч балалуу болгондор ушундай баласаак болуп калышабы, айтор, кызымсыз бир саат араң чыдайм. Андан ашып баратса өзүмдү жаман сезип, жүрөгүм туйлап, ыйлаганы кулагыма угула берет. Кызым үчүн көп нерселерден баш тартуудамын. Мисалы, той-топурдан. Мен аны бирөөгө ишенип таштай да албайм. Азыр «апа, ата, эже, нана» деп жаңыдан тили чыгып, күнүгө ар кандай кылыктары менен сүйүнтүп жатат. Акыл кире баштады окшойт, бир жакка чыгарда кийине баштасам эле бакыра баштайт, «кетпе» дегендей кылып. Кыскасы, кызыма байланып калган учурум.

– Эне болгондогу сезимдериң менен бөлүшө кетсең...
– Кызымды колума алгандагы абалымды айтып бере албайм. Калтырап, көзүм жашылданып, «Чын эле менин кызымбы, эне болдумбу?» деп денем чымыраган. Ага чейинки кыйналганымдын баары кызымды көргөндө унутулуп калды. Өзүмө келгенде дароо апама телефон чалдым, «Апа, сизге рахмат! Сиздин мени кандай жакшы көрөрүңүздү эми түшүндүм. Кадырыңызга эми жеттим» деп. Азыр турмушка чыга элек тааныштарыма тажрыйбамдан бөлүшүп коём. «Турмушка чыгып, эртерээк балалуу болгула» дегенде «ооба, билебиз» деп айткандарга «акылдуусунганыңар менен, аларды дагы деле түшүнбөй жатасыңар» деп калам. Анткени «жашың өтүп баратат, турмушка чык» дешсе бир кулагым менен угуп, экинчисинен чыгарып жиберчүмүн. Ал сөздүн ушунчалык терең экенин сезчү эмесмин.

– Ата-энеңдин төрүндө эркелеп жүргөн кезиңди сагынасыңбы?
– 18 жашымда турмушка чыгып, анан кыз кезимди сагынып жатам десем жарашмак. 30га жакындаганда үй-бүлө күтсөм, антип айтыш уят болуп калат го. Ага чейин ата-энеме жакшы эле эркеледим. Жаштыктын доорун ойдогудай сүрдүм. Ар бир жаш курактын өзүнүн кызыгы бар.

– Тасманы артка бир аз түрдүрөлү. Аселдин атасы менен кантип таанышып, кантип баш кошконсуңар?
– Жолдошум Эмир Сарпашевди эл жеке ишкер катары таанышат эмеспи. Биринчи Эмирге мен өзүм баргам. «Жердеш байкем экенсиз, менин чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүңүз, клип тарттырып бере аласызбы?» деп. Анткени Эмирдин искусствону сыйлаарын, мага чейин деле бир далай адамдарга колдоо көрсөткөнүн билчү элем. Ошентип «Кайдасың?» деген ырымдын клибин тарттырып берди. Кийин «тааныштарымдын тою болот эле, ырдап берчи» деп чакырып жүрдү. Шайлоолордо да чогуу иштедик.
Анда мен анын жубайы болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. Жердеш байкем катары мамиле кылчумун. Ал да мага ошондой эле жооп кайтарчу. Ортодон бир канча убакыт өткөндөн кийин жылдызыбыз келишип, бири-бирибизге арбалдык. Жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. 2010-жылы баш коштук. Эмирдин, менин досторум болуп жолдошумдун кичи мекени Токтогулдун Торкен айылына бардык. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. Кайненем ак жоолугун салды. Ал жоолукту азыркыга чейин сактап жүрөм. Жолдошумдун ошол учурда маанилүү иштери болгондуктан, айылда айлап келиндик кызматымды кыла алган жокмун. Бир эле күн болуп, борборго келе бердик. Бир күн болсок да эртең менен эрте туруп кайнене-кайнатама ысык чайымды бердим. Азыр эми тез-тезден барып турабыз. Ата-энебиз кайним менен турушат.

– Үйлөнүү сунушун кантип киргизди?
– Жолдошум романтик эмес. Кесиби математик болгонгобу, баарын тарс-тарс жасайт. Мага сөйкө алып келип, ачык эле «мага турмушка чык, эми жаш бала эмеспиз» деди. Шаардын четине чыгарып алып, шакекти катып, мени издеткендей экөөбүз тең жаш эмес элек да.

– Кайниң Тайыр Сарпашев вице-премьер-министр эмеспи. Досторуң тамашалап «бул маселени Азиза чечсин, кайнисин жардамга чакырып болсо да» деп тийишип калышса керек...
– Мен ал кишини таптакыр жашоомо аралаштырбайм. Ал жөнөкөй адам эмес, эл башында тургандардын бири. Досторум ошентип тамашалашкан күндө да жооп бербей, унчукпай күлүп коём.

– Сахналаш курбуларың менен катташып жатасыңбы?
– Албетте, сахналаш курбуларым жашоодогу ата-эне, үй-бүлө, бир туугандардан кийинки эле жакындарым. Мурун бир баш болсок, азыр эки, үч баш болуп көбөйүп калдык. Ырчы досторум Назми, Роза, Айнура, Жанара – баары турмушка чыгышкан. Фарида эле калды. Катташам, сырдашам. Өзүбүз эле эмес, үй-бүлөбүз менен чогуу чай ичишебиз. Туулган күндөрдө, майрамдарда барып сөзсүз куттукташып турабыз.

– Турмушка чыккандан кийин кыздарды курбулары менен катыштырбай, айрым күйөөлөр тыйып калышат, бул жагдай силерде кандай?
– Жок, антип каршы болгон жок. Турмушка чыга электе эле менин ырчы экенимди, жашоомду билчү, курбуларымды таанычу. Турмушка чыгып эле, «болду, силер менен катышпайм» десем туура эмес болуп калат го.

– Жолдошуң Азиза деп эле чакырабы?
– Азиза, Азико деп эркелетет. Романтик болбогону менен, жылуу сөздөрүн дайыма арнайт. Майрамдарда белек-бечкегин көтөрүнүп келет. Мен да аял катары анын оюндагысын айттырбай түшүнүп, көңүлүн тапканга аракет кылам.

– Үй жумуштарынан кайсы ишке моюнуң жар бербейт?
– Баары маанайга жараша. Эгер маанайым «5» болсо, бардык жумушту катыра жасайм. «Тигини жасайм, муну анан кылам» деп бөлбөйм. Бирок пол жууп, чаң сүрткөндү көп жактыра бербейм.

– Кайсы тамакты канчалык аракет кылсаң дагы окшоштура албайсың?
– Тамак жасап жатканда бүт назарымды казанга бургум келет. Ошондо тамак өтө даамдуу болорун өзүмдүн тажрыйбамдан билем. Бирок кээде үйгө киши келгенде ага алаксып калып, бир аз ойдогудай жасай албай калам. Ойлоп көрсөм, лагмандын камырынан ката кетирет окшойм. Чоё албайм дебейм, чоём, бирок кээде бир жери жоон, бир жери ичке болуп калат. 

– Адам өзүнө-өзү сын көз менен да караш керек эмеспи. Азиза кандай адам?
– Бат таарынам, бирок бат жазылам. Ак көңүлмүн, кек сактабайм. Чыдамым жок, шашмамын.

– Үйдөгү кассаны ким кармайт?
– Касса ортодо эле. Кирешенин 99 пайызын жолдошум таап келет, менин тапканым ыр жаздырганыма, сахнада кийүүчү формама да жетпейт. «Тойдон таап келген акчам, тийбе» дебейм. Эмир да "үйдөгү киреше алып келүүчү негизги адам менмин" деген сөздөргө жол бербейт. Керектөөлөрүбүздү кеңешип эле жасай беребиз.

– Жакшы. Ушуну менен сөзүбүздү аяктайлы, бактылуу бол.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(103)
23.07.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми ырчы чоорчуларга мода болуп калбадыбы озунун атасындай адамга турмушка чыгыш.Туугандар тан калбаш керек мындай нерсеге...
23.07.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бору карыса да бир койлук алы бар. Ишинер мине, эн негизгиси бири-бирин сыйлап, бактылуу жашашса болду да.
23.07.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болсун! Экинчиси болобу, учунчусу болобу, ал маанилуу эмес, бирге тутун булаткан сон мамыр-жумур болуп жашай берсин!
23.07.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер чын эле 64- жылкы болсо 49да эле болот. Азиза деле жаш кыз эмес да, эмне эле мынча паника кылып жатасынар. Бактылуу болушсун.
23.07.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх байлык
23.07.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштар бактылуу болушсун
23.07.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмир Сарпашовдун биринчи аялынан эки кыз, экинчиси тактап айтканда Азизадан 1 кызы анан 3чу аялынан 2 кызы бар.Азиза биринчи аялы менен жашап жургондо жашыруун турдо токолу болгон, кийин аялы билип калган сон ачыкка чыгышкан. Бироонун коз жашы менен бакыт кура албайсын демекчи, Эмир 3 токолду алып, Азизаны да кабатыр кылган. Эми минтип гезит бетине озунун абийирин озу токкону кандай? Уят эле...
23.07.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз байыса катын алат дегенге калет жок да
23.07.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
23.07.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эмне экинчиси анан мындан кийин да учунчу аялы да барбы? Супер-инфо эми ушунча болуптур учунчусунон да интервью алып корбойсунорбу, кандай болоор экен.
24.07.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Savai80, биринчиси мн ажырашып бул ырчыга уйлонгон учунчусун алгыдай ал киши эмне Султан Сулейман болуп кетиптирби
25.07.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Savai80, tezek kalap koiupsuzgo ....ot jakkynyz kelip)))
23.07.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча, бийлик колдун кири дегенибиз менен бул жалган дуйнодо акча менен бийлик коп нерсени оной, бат жана оз каалоондой чечет ээ. Бардык адам бай болсун
24.07.2013. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таир Сарпашев озунун жашынан улуу, а Эмир байке тескерисинче абдан жаш корунушот. Эмир байке Чон бизнесмен болгону менен, кобунон айырмаланып, боюн которбойт. Адамдарга тушунуу менен мамиле жасайт. Кайрылгандарга жардам деле берип коет. Акылдуу адамдар жонокой болот, аны баарынар билесинер. Эмир Сарпашев ошондой. Уканымды жазган жокмун, коргон билгенимди жаздым.
24.07.2013. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakttyluu bolushsyn...
24.07.2013. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз байыса катын алат болуптур да кыскасы:)
25.07.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, Ойнош болуп канчасы жүрөт. Дагы канча кыз-келин алданып, башка улуттардын оюнчугуна айланып ыйлап-сыктап жүрүшөт. Андан көрө үйлөнүп, баарын камсыз кылып багып жатпайбы. Бул жерде сындай турган деле нерсе жок. Бактылуу болсун.
24.07.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mynda ech jaman nerse jok, men dele ekinchi ayaly boloiun dep atam. birok ajyrashkan 4 jyl murun. men suiom, meni suiot. suiuu jashka karabait degen bar. men baktyluumun. menden 30 jash uluu, meni syilait, myndai bakytka emne jetsin.
24.07.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да жаш аял алгым келип кетти
24.07.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиза бактылуу аял заты болушунду каалайм! Аяшыбыз Эмир байке 64 жылы туулганы менен абдан жаш корунот урматтуу форумчулар.Эмир байке менен Азиза бактылуу жашап жаткандан сон коз артпайлы сураныч. Экоонун ортосунда дайым сый, урмат эн негизгиси суйуу бар, тойунда мен кубо болгом. Дагы кооооп балалуу болгула алтындарым!
25.07.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айнура Салахидинова, жаш корунгонун кимге пайдасы бар бул жерде тушунгон адамга уйти було бузулуп жатат же сизди андай нерсе кызыктырбайбы биронун коз жашына экс биржа жан бакыи кура алан эмес
26.07.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aida92, уй булоосун эмне азиза бузуптурбу.бузулатурган уй булоо ойношу жок эле бузулат.ойнош болсода аялы билмексен болуп жаап уй булоосун улунтса болот.когоруп скандал кылып ажырашып кетпей
26.07.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура Салахидинова, Азизага финансы жагынан колдогон адам гана керек болгон урматтуу Айнура, ал мурунку аялы жана андан торолгон кыздарынын коз жашын караган эмес, кудай баарын озу таразалап коет эмеспи, на чужом горе счастье не построишь!!!
26.07.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура Салахидинова,баарыбир бироонун уйбулосун бузуп атапйбы ал, алардын суйуусу да сууйт.сен алар учун кубанба
24.07.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne zaviduite
24.07.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан ушакчылар чогулуп алып ушактагансынарго,шумдук десе. Ишинер эмне жашай берсин бактылуу.
24.07.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkele, jargansyn go Sultan Suleiman hah
25.07.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээх!ата болуш кандай сонун бакыт э,эми ошол ата балдарынын коз жашын агызып жатат,бул нерсе бала учун кандай бактысыздык..............!
26.07.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас,форумчулар эмей эле ушакчылар болуп кетипсинер,ушуну да комментарий дейби?бул да болсо маңдайга жазганы да,Азиза айым озүнөн улуу ,2-аялы болсо да зато кыргыз,мусулман,билимдүү кишини жолдоштукка тандап алды.бактылуу болушсун.кыргыздар минтип ушактап ичи тарлык кылып отурсак өсүгүп өнбөйбүз..пейилди кенен коюп чыгармачылыгына ийгилик каалайлы..
26.07.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиза бактылуу бол
26.07.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башта сыйлачумун Азизаны ,азыр негедир жакпай калды.
27.07.2013. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчан болсо ииллибой кызынды чабасын
28.07.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун Кыргыздар онолбойбуз! бири бирибиздин чукуп турабыз.Коп адамдардын суйлогону ечки озун билбей койго кулот деген адамдар.Арыка келгенде ечкилер токтоп койлорду откоролу биринчи деп токтоп калышат.Койлор арыктан секиргенде куйруктары которулгондо ечкилер каткырып кулушот шылдындап.Корунуп калды деп.Оздорунуку вечный ачык екени менен иштери жок.Коп адамдар да озун билбей суйлой беришет.Бироонун жашоосун сындагыча озунордукун оногула туугандар.
Модератор admin_media түзөттү 29.07.2013 09:39
28.07.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун жашоосу менен еч кимдин иши болбош керек.
31.07.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро албаган адамдар кобойду. Ар бир адамдын озунун иши да, бироонун жашоосуна кийлигишпегилечи сураныч?!
14.11.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандайына жазган,ошону коруп жатат.Супер инфо сиздерден сураныч,Азиза эже менен маек курунуздарчы сагындык го?!
06.03.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байдын койунунда калтырап жатканча,кедейдин койунунда култуйуп жаткан сонун да
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо