«Жоролор» тобу:«МИРЛАН БАЕКОВ БИЗДЕН КӨПКӨНҮНӨН КЕТТИ»

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Өткөн саныбызга жарыяланган Мирлан Баековдун маегинен кийин эле «Жоролор» куудулдар тобундагы Жылдызбек, Алтынбек, Эсенбек редакцияга келишиптир, «биздин да айтар сөзүбүз бар» дешип. Эске салсак, ырчы өз маегинде «Жоролор» тобу чачырап кеттик» деген болчу.

– «Мирландын маегинен улам келдик» деп жатасыңар. Эмне, нааразычылык барбы?
ЖЫЛДЫЗБЕК, топтун жетекчиси:
– Мирлан маегинде «Жоролор» тобу тарап кеттик» деп айтыптыр. Ал топтон чыгып кетсе эле биз тарап кетишибиз керек бекен?! Биз эч кайда тараган жокпуз. «Ар бир айдын алтысы» долбооруна катышып келе жатабыз. Тескерисинче, көбөйүшүп, театр болуп ачылсакпы деген ой бар.

– Мирландын топтон чыгып кетишинин себеби эмнеде?
– Мирлан башында азыр биз кандай жүрсөк ушундай эле болчу. Бир бөлкө нанды тең бөлүп жечүбүз. Акыркы кезде эле жылдыз болуп кетти. «Жүрү тиги жакка, бул жакка баралы» десек, такыр колу бошобой калат. Кийин чакырбай да калдык. Гастролго биз менен эмес, өзүнчө чыгып жүрдү.

– Бул нерсени ачык сүйлөшүп алдыңыздар беле? Мисалы, "Мирлан, сенин өзүнчө кетем деген оюң бар экен, мейли, иштей бер" деген сыяктуу?
АЛТЫНБЕК, топтун мүчөсү:
– Андай сөздөр болгон эмес. Мен Мирландын бул кадамынан бир нерсени түшүндүм. Адам баласы жокко чыдайт экен да, барга чыдай албайт тура. «Кызыл өрүк» дүң болгуча биз менен эле жүрчү. Анын минтип суу ичкен кудугуна түкүргөнү туура эмес. Иштесе өзү иштей берсин, биз жөнүндө сүйлөбөй эле койсун. Кыскасы, ал бизден жокчулуктан эмес, көпкөнүнөн кетти. Жаныбызды бага албай жүргөндө чогуу эле жүргөн, жаныбызды багып калганда кетип калды.

– Эсенбек, Мирлан сенин бөлөң экен. Бөлөңө таарынычың барбы?
– Ооба, карын бөлөбүз. Мики туура эмес ойлонуп алды окшойт. Бизден кеткенден кийин деле «топтон кеттиң беле?» деп сурагандарга «жок, чогуубуз» деп жооп бергенин укчумун.

Жылдызбек:
– Аты тааныла электе концерттерге Мирланды биз сүйлөшүп коштурчубуз. Бирибиз кийимин көтөрсөк, экинчибиз аккордеонун, үчүнчүбүз дискин ташычубуз. Белгилүүлүккө жете электе канчалаган кыйынчылыктарды көрдүк. Орусияда курулушта иштедик. Эсенбек дөңгөлөгүн сатып, биз башка нерсесин көтөрүп, «Кызыл өрүктүн» клибин тартууга жардамдашканбыз. Ырды эч бир радио жаратпай койгондо, тааныштарым бар экен, кадырыбызды салып жатып араң эфирге чыгарганбыз. Бизден ал эч жамандык көргөн эмес. Бизге кошулуп интермедия ойноп жүрчү. Ырчы болбосо куудул эле болмок.

– Гастролго көп чыкчу элеңер. Азыр үчөөңөр чыгып жатасыңарбы?
Алтынбек:
– Жакында эле Жылдызбек экөөбүз Сахалинге барып келдик. Ал жакка өзүбүздүн атыбыздан эмес, чыгармачылык колдоо менен бардык. Эсенбек болсо там салып бошобой калды.

– Мирландын «Жоролор» тобунан таанылганын көпчүлүк билет, концерт коюп жүргөнүңөрдө «ырчыңар кана?» деп сурагандар болдубу?
Эсенбек:
– Башында сурап жүрүштү, кийин унчукпай калышкан. Анткени афишабызда үчөөбүздүн эле сүрөттөрүбүз турат да.

– Башка ырчы алалы деген пландар барбы?
Жылдызбек:
– Мирлан кеткенден кийин Алтынбек экөөбүз ырчы болуп алганбыз. 6 ырыбыз бар. Арасында тамашалуусу да кездешет. Муну менен биз ырчы болуп кетели деген жокпуз. Концертте элди кечке эле күлдүрө берсек болбой калат го, ыр да керек. Ырлардын сөздөрү өзүбүзгө таандык.

– Келечектеги ой-пландарыңар кандай?
Алтынбек:

– Күзүндө Бишкекте жаңы сатиралар менен «Жоролордун жоруктары» деген концерт беребиз. Эсенбек экөөбүз саясатчылардын ак сакалынан жашына чейин 15тен ашыгын туурап жүрөбүз. Күзгө чейин булардын санын дагы көбөйтөбүз, анткени эл абдан жакшы кабыл алышууда. Бизден «саясатчылар өздөрү эмне дешти?» деп сурай беришет. Туураганыбызга айрым саясатчылар күбө болушкан, бирок азырынча биринен да реакция боло элек. Күзүндөгү концертибизде алардын баарын чакырабыз, буюрса.

Мирлан Баеков:«КОНЦЕРТТИН ЧЫГЫМЫН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАНБЫЗ»
«Жоролор» тобу тараган жок деген 3 жигиттин маегинен соң Мирлан Баековдон "чачырап кеткенбиз" деп айтышыңа эмне түрткү болду?" деп сурадык.
– 2012-жылы жайында «Жоролор» тобунун концертин бергенбиз. Эл жакшы келген. 1-жолу тушоо кесүү концертин берип, тажрыйбабыз жок болгондуктанбы, түшкөн акчаны орто жерден жеп койгондор болгон. Ошондон улам концертке кеткен чыгымдарды толук жаба албай калганбыз. 2013-жылдын башында чыгымдарды кантип төлөйбүз деген маселенин тегерегинде төртөөбүз тең чогулдук. Ошондо Жылдызбек ачууга алдырдыбы билбейм, «тигиндей-мындай деп отурбай, анда тарайлы» деди. Алтынбек да «ошентсе ошентели, мен да тажап кеттим» деди. "Макул анда, кетсе кеттик" деп баарыбыз үйлөрүбүзгө тараганбыз. Андан кийин Алтынбек, Жылдызбек, Эсенбек үчөө үйлөнүү тоюма келип кетишкен. Тойдо деле топ жөнүндө кеп кылган эмеспиз. Мен ошону менен тарадык деген ойдо калгам.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Жоролор" тобу: "Мирлан Баековго капабыз..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(65)
22.07.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negizi jorolor mirlan arkyluu tanyldygo arkasynan myntip suiloboi ele koiuwpaiby
22.07.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анчалык эмне чычалашты алар. Мирлан аларды жамандаган жок эле го маегинде. Туура эмес суйлоп койсо озуно барсын, гезит аркылуу оздорун пиарлагандай болбой. Элге болсо эмгеги менен корунушсун.
22.07.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушактарды коп окуй баштадымго...
22.07.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан эле жылдыздарыбыздын ушагын окуй баштадым го,кечке биринин артын бири чукулабай ар кимиси озунчо жана берсе болбойбу, бир карасан аялын, бир каасан продюсерин же продюсери жылдызын, бир карасан даги бироосун жамандашат тообо, жигит деген жигиттей эле болбойбу, таарынычтарын гезит аркылуу элге жарыялабай эле.
22.07.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы убакта ушул КИТАЕЦ суперден кетпей калды го
SUPER.KG видео
22.07.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Баеков дагы Жоролор дагы бири бири менен кайра иштешкиси келип тургандай, бирок эки жакты кошкон адам жок болуп атат окшойт...
22.07.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Мирлан жаны кызыл орукту ырдап чыкканда ошол ырды издегенимди йтпа
22.07.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ошону айткым келген, тим эле чаап алчудай болушуп, "Жоролор"... Негизи, мындай нерсе эр-азаматтарга жарашпаган нерсе, тилекке каршы, майдаланып баратканыбыздын дагы бир далили ушул болсо керек... А чынында Мирлан маегинде "Жоролорго" карата ашыкча эч нерсе деле деген эмес да, "тарадык" дегенден башка...
22.07.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага негизинен Мирландын ырлары аябай жагат. Тиги топтун топ болуп иштешинин кажети деле жок деп ойлойм. Себеби куудул катары эч кызыктырышпайт.Буларда талант жок.
22.07.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Migrantkg, андай дебениз,таланттуу,аракети кучтуу балдар.Мирландын кеткени жаман болуптур,анткени бири-бирин толуктап турушат эле...
22.07.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезит аркылуу айтышпай эле коюшса болмок.Абийирлерин төкпөй.
SUPER.KG видео
23.07.2013. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу Кыргызстанда башында жакшына эле болуп топ чыгат анан топтон чыккандан кийин ушак соз уруш талаш башталат
23.07.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтса айтыптыр да силерден эмне кетти.
SUPER.KG видео
24.07.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мирлан айнып калыптыр
24.07.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyra emes kylypsynar biri birinerdikin chykyshyp elge jarya salup. 4 tonor ortogo salyp chechsener bolmok. Azyrky zamanda erkekter aialdan aiyrmasy jok bolup baratat.
24.07.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра биригишсе экен эми.
25.07.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр аялзаты эмес эркектер коп соз кылчу болуп кетти
25.07.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфонун жамааты неге Мирландын берген интерьвюсун дагы ар бир созун,актанганын толук жазбадыныздар,биз го видеосун кордук ,эми гезитти окугандар Мирлан святой деп ойлоп калышат.Мирландын:айтса айткандырмын,ушундай создор кетип калыптыр-деп актанганын жазбапсынар го,айтылган соз атылган ок!!!!
26.07.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL,
Саламатсызбы!
Гезиттин кабарчысы менен сайттын кабарчысы башка, эске алып коюңуз.
26.07.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тараса тарап кетишкендир. А эмнеге чычалап келишти?..
26.07.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ жоролор тобу кантип байланышса болот.жоролор озунор окусанар мага кайрылып койгула.жакшы соз бар
26.07.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ эмнеси болсо да иштерине ийгилик. Жоролор тобу Мирланды кайра кошуп алгыла, суйлогон созуно караганда кайра силерге кайткысы бардайго.
28.07.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакпайт ушулар
28.07.2013. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хм.пиар!!!шым кийбей,Жылдызбек юбка кийип ал брат.Жылдызай болуп. Айтышып не кыласынар.Мирлан таланттуу,ошонун ырларындагы клип менен бир аз эле таанылдынар го.Мисалы сени жакшы тааныбайми коргонда эмесмин.а Мирланды баалайм.Москвадан ырын уккам.Кыскасы ЭРКЕК деген саландатып жургон нерсесине жооп бериши керек.Эркектей болгулачы макулбу?че то сен курс балакай окшойсун..Мирлан сенда айтышып баркынды тушурбо.Эркектей болгула.Айтышсанар гезитке чыкканынар ушул болсун!!!!крит уже!тушундунорбу.
SUPER.KG видео
29.07.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Короче ушул баланын имитировать эткени такыр жакпайт. Ал эми урушпагыла ишинерге ийгилик
29.07.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уф эми эркектер соттошкула
31.07.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааиий достор бул жакта келиндер козголону болбой элеби?
31.07.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоролордун эн таланттуусу эле Мирлан Баеков .
SUPER.KG видео
16.10.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда жакшы соз барго ичип жургон кудугуна тупурбо деген ошо смынар Мирлан да жакшы кылбаптыр жылдыз топтун башы болсо жылдызга баш ийселер жакшы болмок
26.10.2013. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орок ороо албаган орок тандайт эле болуптурда.. Мирлан Орогунар жок оозунарды ачып кала бердинерби учоон.. уят соз жок.. ар ким озунун арабасын тартыш керек.. Мирлан азамат экен..
SUPER.KG видео
27.11.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехе роза отунбаеваны озу окшойт го талант бар экен бу жигитте
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо