Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП БИР БУТУМДАН АЙРЫЛДЫМ»

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

"Эй, Россия, Россия, бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен..." деп Алыкул акын жар салган Орусияда нечендеген мекендештер тиричилик кылып жүрүшөт. Көр тириликтин айынан эмне деген гана тагдырга туш болушпайт...
"Поездде бир келин менен чогуу келдим, "Супер-Инфого" кат берип жиберди" деп бир окурман кайрылды.

«ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ОПЕРАЦИЯГА КИРДИМ»
-Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити! Мен, Сатарова Сүйүмкан, 1987-жылы 15-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылында төрөлгөм. 2004-жылы мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырдым. Студент кезимде Мирлан аттуу жигит менен таанышып калдым. Ал Араван районунун Октябрь айылынан болот. Экөөбүздүн мамилебиз өрчүп, ага турмушка чыктым. Келин болгондон баштап кайнатам менен кайненем мени жактырышпайт.
Кыргызстанда жашоо шартыбыз оңолбогондуктан, акча таап келүү үчүн жолдошум экөөбүз Орусиянын Ханты-Манси аймагына иштегени бардык. Анда иштеп жүрүп кыздуу болдук. Ал жакта акча табуу үчүн ар кандай жумушта иштеп жүргөндө бутумду үшүк алып кетиптир. Суук тийгенде буттун кан тамырлары ичкерип кетет экен. Ооруканага жатып, бутума ал жактан 2 жолу операция жасаттым. Бирок толук жакшы болбой, 3-жолу врачтар «бутуң гангрена экен. Кесип салбасак, 2 жума гана жашайсың» дешкенинен 2012-жылдын 15-августунда, өзүмдүн туулган күнүмдө ыйлаган боюнча операцияга кирип бутумду кестирдим. Башка айла жок эле. Бир бутум жок болсо да кызым, күйөөм бар деп тобо кылдым. Менин бактым ошолор, ошолор үчүн жашайын дедим.

«ДАРЫГА ДЕГЕН АКЧАНЫ КҮЙӨӨМ КАЗИНОДО УТТУРУП ЖИБЕРДИ»
-Операциядан кийин жакшы боло албай, эч жакка чыкпай отуруп калдым. Мен иштебей, күйөөмдүн тапканы эч нерсеге жетпейт. Күндөр өтүп, жолдошумдун мага болгон мамилеси муздай баштады. Себепсиз эле уруш чыгарчу болду. Бутум да толугу менен жакшы болбой, ооруканадан оорукана которуп жүрдүм. Бир күнү «дарыга акча керек болуп жатат» деп Кыргызстандагы апама телефон чалдым. Көп өтпөй апам, туугандарым болгон малын, алтын сөйкө-шакектерине чейин сатып, тааныштар аркылуу мага баш-аягы 130 миң сом салып жиберишкен экен. Аны күйөөм алып, ошол боюнча үйгө келбей, он күн бою казинодо ойноп, эс алып жүрүптүр.
Ошондогу кый­нал­ганымды сөз менен айтып бере албайм. Кичинекей кызым менен үйдөмүн. Нан бышырып, суу ташый албайм. Акча жок, ачкабыз. Ошентип бир жума суу ичип жашадык. Кошунабыз тамак-аш алып келип, жаныбыз аман калды. Анан ал полицияга арыз жазып, алар күйөөмдү таап келишти. Акчанын баарын казиного уттуруп жибериптир. Полиция кызматкерлери күйөөмө «жашасаң жөн жаша, болбосо муну кыйнабай үйүнө жибер» дешти. Жолдошум ошондон кийин оңолгонсуп калган. Анан эле кайненем менен кайнежем күйөөмө «балам, гүлдөй өмүрүңдү чолок менен өткөрбө, аялың өзү менен өзү жашасын» деп айтышчу болду.
Бул учурда экинчи ирет боюмда болуп калганын байкадым. Күйөөм менен кайнежем аны укканда сүйүнгөндүн ордуна кайра «боюңдан алдыр» дешти. Бирок мен кантип ал ишти жасай алам?! Балдарым жетим өспөсүн деп алардын айтканына көңүл бурбай коюуга аракет жасадым.

«ЧОЛОК МЕНЕН ШЕРМЕНДЕ БОЛУП ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ»
-Күндөрдүн биринде ооруканага жатып, ал жактан чыгып келсем, күйөөм бир кыз менен биздин төшөккө жатып алыптыр. Аларды көрүп, жолдошум менен жашаган өмүрүм текке кеткенине өкүнүп кеттим. Анан баары кеткенде ал «Сен мага жакпайсың, башка кыз алам. Чолоксуңбу, өзүңө окшогон чолок теңиңди таап ал. Балдарды ала кет, мага кызыгы жок. Элге шерменде болуп сени менен жашагым келбейт!» деп талак берди. Мени кордосо мейли, балдарымда эмне айып? Бул сөздөрү менен күйөөм мени тирүүлөй өлтүргөндөй болду. Мурда «күйөөм, кызым бар» деп чолок экенимди сезчү эмес элем, ошол күнү сездим. Ошондо гана апама чалып, жол киреге акча сурап, мекениме кайтуудамын.
Азыр курсактагы балама 9 ай болуп калды. Ушул тапта дүйнөм караңгылап, эмне кылар айламды таппай, поездде Кыргызстанга баратам. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйм. Акыл-эс берсе, ынсап кирсе, Жараткан балдарыма жакшылыгын кайтарар. Болбосо мейли. Ар ким тагдырына жазганын көрөт. Менин алдыма койгон бир гана максатым бар. Айылга барганда 2-3 уз келиндин башын бириктирип, чебер буюмдарды жасасак деген тилегим бар. Анан акча тапсам, жасалма бут салдырам. Балдарыма келечекте татыктуу билим алышына шарт түзүп берип, убал-сооптун баркына жете турган жакшы адам кылып чоңойтсом – ошол мага чоң бакыт.
Азыр Рахат деген эже менен таанышып, кат жазып отурам, ал сиздердин гезитке жеткирип берем деп убада кылды. Бул катым менен кыргыз элимди бар кезинде бардык нерсенин баркын билүүгө үндөйт элем...

2013-жыл, 7-июль

«МАЙЫП ЭКЕНИН КӨРСӨ ДА, ЭКИ КИШИНИН АКЧАСЫН СУРАДЫ»
Аманатты кеңсебизге жеткирип келген РАХАТ айым буларды кошумчалай кетти:
-Келин ай-күнүнө жетип калыптыр. Жанында акчасы да жок экен. Апасы Оштон тосуп алмак болуп бир таксистти жиберген экен. Бирок ал таксист келинди көрүп «сен эки кишинин ордуна төлө, болбосо алып кетпейм» деди. Аны карап турган биз чыдабай уруша кеттик да, башка таксиге салып жибердик. Азыр акча үчүн, карабайсызбы, аманат алып келсе да майыпка жардам бергилери келбеген мекендештер четтен табылат экен...
Маңдайыбызга жазганга баш ийбеске арга жок. Бирок таш боор тагдырдын соккусуна мүңкүрөп калбай, балдарынын келечеги үчүн жашаган жогорудагы каарманыбыздын кайыштай эркине «бали» дегиң келет. Ал эми экинчи тараптын айта турган ою болсо, угууга даярбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(82)
23.07.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтан умут узбонуз,биздин башкы максатыбыз Алланын ыразычылыгын табуу.....иншаллах булда бир сынооо
23.07.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiumkan eje bul da bolso allahtyn synoosu sabyrduu bolunuz. ech kachan allahtan umutunuzdu uzbonuz
23.07.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naaazka, f
23.07.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдыга койгон максатынызга жетиниз , балдарынызды кудай колдосун,сизге сабыр берсин ,ал эми сиз куйоомдеп атаган инсанга кудай озу жазаасын берер ,капалбаныз барбыдыгы жакшы болот деп ишенем .
23.07.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер аялы эмес куйоосу майып болуп калганда ал байкуш анын кирпигине чан жугузбай карайт эле. Суйумкан сага айтарым балдарын учун жаша эрден корбогон бакытты балдарындан кор ал эми эринин жазасын кудай берсин сага сабыр бакыт каалайм
23.07.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эсен коз жарып балдарындын бактысына бар бол.
тилектеринди жараткан озу кабыл кылсын.
куйоон да жазасыз калбас
23.07.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйумкан балдарын чонойсо бул кундор бир кунчолук билинбей калат , эч убакта алладан умутун узбо, кайраттуу бол!
23.07.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана айтарым белинизди бек бууп алга карай умтуулунуз абзел.бул да болсо жашоонун бир сыноосу.
23.07.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабырдуу болун эсен аман коз жарып алын
23.07.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман журогум ооруду, жашоо кандай катаал. байкуш эми калган омурун кыйынчылыксыз откорсо экен.
23.07.2013. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сизге куч кубат сабыр берсин ,куйоонуз может сиз кеткенде баркынызга жетип кайтып келээр,куйоонуз башында жакшы эле сизге мамиле кылганына караганда аны да ата энеси эжеси бузуку болуп акыры кетиришиптир да !куйоонузго инсап берип кайтып келсин !мен кудайдан сиз учун сурайм!
24.07.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syiymkan ejedei adamga boory orubagan koinunda jatkan kyiosu apasy ejesi kandai adam ozu? boru tash nemego. Esho boilynda bar bolso... Kandai gana kyiyn jashoo? Okup alyp yilap jiberdim. Kydai ozu jazasyn tarttyrar alarga.
A siz sabyrduu bolunuz.kop jashanyz den sooluk bersin kudai
24.07.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек эркектигин кылат да баарибир, куйоосунун буту кесилсе аялы козун карап жашайт эле ээ?
24.07.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын дейт,сабыр кылыныз баары жакшы болот. Аккан арыктан суу агат демекчи сиздин жашоонуз да калыбына келет. Ал эми сизди ушундай оор абалда таштаган куйоонуз жана кайын журтунуздун сизге окшогон эже-карындаштары бар.Кудайдын казаны акырын кайнайт демекчи алардын да башына келет оор кун, ошондо аттин дешет. Сизге ден соолук жана сабырдуулук!
24.07.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркектер чычалабагыла, бирок аялынын ордуна тиги куйоосу бутунан айрылып калганда могу жаш келин жан алы калбай, куйоосу учун, балдары учун, курошуп алар учун жашап жанынан жарым карыш чыкмак эмес. Ошон учун сурайт да уйлонуп жатканда "ысык-суукта, ачка-токто, кубаныч-кайгыда чогуу болгондо даярсынарбы?" деп. Шерменде болуп жашагыча деп басып кеткендин ордуна калканч-жолок болбойт белен жигитчилик кылып. Азамат келин экен, башты бийик котор, алты саны амандар кыла албаган ийгиликке сен жет.
27.07.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХАНЗАДА,
Куйоосу инвалиддерди таштап кеткен аялдар деле бар. Калп эле жаза бербегиле бул жерде.
мен озум коргом, жакшы эле жургон болчу, тын бала, анан инвалид болуп баспай калганда аялы кетип калды. эми аны деле тушунсо болот, ошондуктан бул жерде жомок айта бербегиле типа таштабайт деп. таштайт, еще как!
24.07.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сизге шыпаа берсин балдарыңыздын күнүн көрүңүз . Дайыма жакшылыктар коштоп жүрсүн.
24.07.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эсен айыгып кет балдарын сенин тиреген тоон болот, а жанагаы соолуганда тушунот баркынды бирок кеч болуп калат
24.07.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ech kimdin bawyna ooru kelbesin. Oorukchan bolson joldowuna da kerek emessin. Taw boor duino. Ex...
24.07.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу болунуз. Сабырдын тубу сары алтын дегендей баардыгы сиз ойлогондой болот
24.07.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып ыйладым. Сабыр берсин кудайым, андай эркектерден жакшылык кутпо. Суйумкан былтыры Москвада эмес беле, качан кетип калдынар эле ал шаарга?
24.07.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыныдын мандайында бар бол куйон жакшы адам ошо куйоонду бузган кайненен менен кайнежене тийсин балдар учун жашайбыз да сага куч кубат берсин бар бол ойлонбо
24.07.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сизге омур жана ден соолук берсин!!!!!!!
24.07.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сизди тилегиңизге жеткизсин балдарыңыздын сый уурматын көрүп бактылуу болуң
25.07.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар мынчалык неге жапайыбыз?!
25.07.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сизге куч кубат берсин балдарыныздын жакшылыгын корунуз...
25.07.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга гана тапшырыш керек мындай адамдарды жазасын озу берет.сага сабыр берсин куудай .балдарына меерим ,омур берсе баары жакшы болот озунду чоктурбо алдыга кадам ташта
26.07.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сизден жакшылыгын аябасын.Оомийн
26.07.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men tuwunboim tuwtuktun pon9tasynda talak degen duratskiy nersesi bar telefon menen dele talak beret al anda KR kubolugun albai ele koiboibu bulda islamdyn buzku nerseleri da negizi tuura ele boluw kerek islam dinin tuura karbai albagandan kiyin musulmanmyn debei ele koiboibu !!! al emi aiymdarga sabyr iygilik bersin. Kele4eginiz jakwy bolup ketsin. Munun baary ele jyrgaganynan bargan emes da boton jerge turmuwtun aiynan bargan da. Kuioosu bul jorogu u4un kudaidyn aldynda joop beret...
27.07.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жардам берсин сага карындашым бирок куйоон туура эмес кылыптырКандай таш боор адам экенго
28.07.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмии баланар селердин бактынар баланаргаа кудай иинсап берсин
18.09.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеч болсо да кирип сиздер менен Суйумкандын кубанычын болушойун деп жазып жатам мен Суйумкан менен поездде чогуу кеткен сапарлашы Рахат болом.Ал аман-эсен 14-августа бул жарык дуйного Раяна аттуу кызды алып келди.Эгер мумкунчулугунуздор болсо жогоруда жазылган Суйумкандын дарегине жардамыныздарды жонотуп койсонуздар анын чеберлердин башын бириктирип кичи ишкана ачып кыздарымды баксам деген оюна аз да болсо салымыбызды кошуп койолу
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо