РАМАЗАН – БООРУКЕРЛИК АЙЫ

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Рамазан айы бардык мусулмандарды жакшы сапаттарга ээ болууга тарбиялайт. Бул айдын кандай ыйык экендигин төмөндөгү хадис далилдеп турат: «Рамазан айында болгон берекенин, жакшылыктын канчалык деңгээлде экендигин адамдар билгенде жыл бою Рамазан болсун деп тилек кылмак».
Мухаммед пайгамбар дасторкон жайып, орозо кармаган адамдын оозун ачтыруу жөнүндө «ким орозо кармаган адамдын оозун ачтырса, ал адам да орозо кармагандай соопко ээ болот» деген. Жанындагы сахабалардын бирөөсү «эй, Алланын элчиси, биз да ошондой сооп алгыбыз келет. Бирок ооз ачтырганга мүмкүнчүлүгүбүз жок болсочу?» деп сураганда, пайгамбар «бир курма менен болсо да ооз ачтырсаңар жарайт» деп жооп кайтарган. Кээ бирөөлөр «орозо кармабай эле ооз ачтырып ошондой сооп алса болот турбайбы» деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул туура эмес. Орозо айы – мусулмандардын ортосундагы бир туугандык алаканы бекемдейт. Орозо адамдарды жаман иштен тосуп турат. Ал эми оозду курма же суу менен ачкан жакшы.

ОРОЗОНУН ДАРАЖАЛАРЫ
Ислам аалымдары орозонун төмөндөгүдөй үч даражасы болгонун айтышат:
1. Саарлыктан иптарга (күн баткан убакка) чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо. Бул орозо шарттары так аткарылганы үчүн дурус деп эсептелинет. Бирок мунун чыныгы максатына жетишүү үчүн орозо кармаган адам экинчи даражага жетишүүсү керек болот.
2. Биринчи даражада айтылгандар менен бирге кулак, көз, тил, кол, бут жана башка дене мүчөлөрүн күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бул орозо дене мүчөлөргө таасирин тийгизген жана ээсин адеп-ахлактык улуулукка жеткирген орозо болуп саналат.
3. Биринчи жана экинчи даражалар менен бирге, жүрөгүндө Алладан башкага жай бербеген, жүрөгүн Алладан башкача атабоо менен кармалган орозо болуп эсептелинет. Орозодо эң жетишкен даража мына ушул.

Айбала Эргешов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
22.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту кыргыз элим кармаган орозонуздар кабыл болсун! Ар бир журокто ыйман, сабыр, мээрим болсун.
22.07.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамазан айыңыздар куттуу болсун! Орозоңуздар кабыл болсун мусулман бир туугандарым! АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН!
23.07.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозонуздар кабыл болсун ел журт.
23.07.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайгамбардын (САВ) аты аталганда салават айтылыш керек сөзсүз!!!!!!
23.07.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйык Рамазан айында жалан жакшылыктарды каалаймын.Ылайым эч кимдин башына жамандык тушпосун.
24.07.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун баарыныздар тынч болунуздар
27.07.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйык Орозо айында баарыныздарга Ден соолук калайбыз Мамлекетибиз тынч болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо